بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم
Суроо–жооб
Христиандар менен каапырларды майрамдары менен куттуктоо
Суроо:
Ассаламу алейкум, сизге Аллахтын ырайымы жана берекеси болсун, Палестиналык бир тууганыңыз Бахаа. Менин суроом христиандарды майрамдары менен куттуктап, курсантчылыктарын тең бөлүшүү жөнүндө. Мени бул суроону берүүгө түрткү болгон нерсе – шейх Такию-Дин ан-Набханинин, Аллах аны ырайымына алсын, буга уруксат берген жообунан улам пайда болду. Ушул маселени тактап берсеңизчи.
Бахаа Олден Торман.
Жооб:
Ассаламу алейкум, сизге Аллахтын ырайымы жана берекеси болсун.
Бул суроого биз буга чейин жооп бергенбиз. Аны төмөндө келтиребиз:
Ахли китептерди майрамдары менен куттуктоо тууралуу сурооңуз боюнча, жооп берерден мурун, мен сизге бул суроого байланышкан мурунку чыгарылыштарды айтып өтөйүн:
1 – 1970-жылы 30-январда чыгарылган суроо-жооб:
Христиандардын курсантчылыктары жана майрамдары учурунда зыярат кылуунун жана оорулуулаарына, жаназаларына баруунун өкүмү кандай? Мусулман аларга зыярат кылып барганда эмне кылат? Ал эми, мунун “Иудей жана христиандарга саламды биринчи баштабагыла…” деген асыл хадиске кандай тиешеси бар?
Жооб: Расулуллах A бир яхудийди ооруп жатканда зыярат кылганы далилденген. Ал бир жөөттүн жаназасына барганы жана саллаллаху алейхи уа саллам зиммилерди осуят кылганы да хадистерде айтылган. Булардын баары жана ушул сыяктуу нерселер христиандардын кубаныч жана аш-тойлорунда зыярат кылуунун, оорулууларын зыярат кылуунун, жаназаларына барып көңүл айтуунун жана ушул сыяктуулардын жайиз экендигине далил. Ал эми, аларга саламды биринчи баштабагыла деген хадиске келсек, аларга жолдон жолугуп калганда салам берүүнүн өзүнө гана хос (тиешелүү), башканы өз ичине албайт. 23-Зул каада, хижрий 1389-ж. 30-январь, миладий 1970-жыл.
2 – Андан кийин 1976-жылы 17-июлда чыккан суроо-жооб:
Христиандар жана яхудийлерди курсантчылыктары менен куттуктап салам берүүгө болобу? Жооп: христиандарга салам берүүгө болот, анткени ал жаман эмес, жакшы иштерден ага уруксат. 17-июль, 1976-жыл.
3 – Ошол сыяктуу эле 2010-жылы 16-январда жарыяланган суроо-жооб:
Ахли китептерди майрамдары менен куттуктаса болот. Ал эми, биз “жана сага да” деп айтуубуз – хадисте айтылган алар “сага салам болсун” дегенде аларга “жана силерге да” деп айтууга салыштырганың сыяктуу…
Бирок, бул андай эмес, хадисте айтылган нерсе – алардын «Ассааму алейкум» деген сөзүнө жооп, “Ассааму” сөзү өлүм дегенди билдирет.
دَخَلَ رَهْطٌ مِنْ الْيَهُودِ عَلَى رَسُولِ اللَّهِ ﷺ، فَقَالُوا: السَّامُ عَلَيْكُمْ. قَالَتْ عَائِشَةُ: فَفَهِمْتُهَا فَقُلْتُ وَعَلَيْكُمْ السَّامُ وَاللَّعْنَةُ، قَالَتْ: فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «مَهْلاً يَا عَائِشَةُ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الرِّفْقَ فِي الْأَمْرِ كُلِّهِ»، فَقُلْتُ: يَا رَسُولَ اللَّهِ أَوَلَمْ تَسْمَعْ مَا قَالُوا؟ قَالَ: رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «قَدْ قُلْتُ وَعَلَيْكُمْ»
Бухари жана Муслимде момундардын энеси Аиша I аркылуу келген хадистин тексти: Жөөттөрдүн бир тобу Аллахтын Элчиси Aдын алдына кирип: “Ассааму алейкум”, – дешти. Аиша I айтты: “Ошондо мен муну түшүнүп: “Силерге өлүм жана наалат болсун”, – дедим”. Аиша I айтты: “Аллахтын Элчиси A айтты: “Күтө тур, Аиша, Аллах бардык нерседе жакшылыкты жакшы көрөт”. Мен айттым: “Оо, Аллахтын Элчиси, алардын айтканын уккан жоксуңбу?”. Аллахтын Элчиси A: “Силерге болсун” деп айтым”, – деди.
وفي رواية أخرى لمسلم من طريق ابن عمر رضي الله عنهما قال: قَالَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ: «إِنَّ الْيَهُودَ إِذَا سَلَّمُوا عَلَيْكُمْ يَقُولُ أَحَدُهُمْ السَّامُ عَلَيْكُمْ فَقُلْ عَلَيْكَ».
Муслимдин Ибн Умар G аркылуу риваят кылган башка риваятында, ал айтты: Аллахтын Элчиси A айтты: “Жөөттөр сага салам беришкенде, алардын бири “Сага саам болсун!” десе, сен ага “сага болсун” дегин”. Демек, бул алардын “Ассааму (өлүм болсун) алейкум” дегени үчүн аларга карата айтыла турган жооп.
Бирок, алар бизди куттуктап жакшы сөз айтышса, биз алардан кабыл алабыз. “Айтыңар кут болсун” дешсе, аларга жакшы, туура жооп айтабыз. Мисалы, куттуктооңор үчүн рахмат, кош келиңиз, же башка Исламга каршы келбеген жоопторду айтабыз. 16-январь, 2010-жыл.
Корутундулап айтканда:
1 – Зиммилерди майрамдары менен шариятка каршы келбеген жакшы сөздөр менен куттуктаса болот. Биз алардын майрамын мактабайбыз б.а. сенин майрамың берекелүү же ушуга окшогондорду айтпайбыз.
2 – Бирок, бул төмөнкү шарттарга түшкөндөр үчүн гана:
А – Мусулман өлкөлөрүндө мусулмандардын арасында жашаган зимми болушу жана мусулмандарга кыянаттык кылбоо үчүн зимма келишиминде болушу.
Б – Асыл аятта айтылгандай… Дин негизинде биз менен согушуп же сүрүлүп чыгуубузга колдоо көрсөтпөшү керек …
Алардын зиммий экендигинин далилине келсек, 1970-жылы 30-январдагы биринчи суроо-жоопто мындай деп айтылат:
Расулуллах A бир яхудийди ооруп жатканда зыярат кылганы далилденген. Ал бир жөөттүн жаназасына барганы жана саллаллаху алейхи уа саллам зиммилерди осуят кылганы да хадистерде айтылган. Булардын баары жана ушул сыяктуу нерселер христиандардын кубаныч жана аш-тойлорунда зыярат кылуунун, оорулууларын зыярат кылуунун, жаназаларына барып көңүл айтуунун жана ушул сыяктуулардын жайиз экендигине далил. Мындан көрүнүп тургандай, бул хадистерде айтылгандар – зимма калкы, анткени алар мусулмандардын арасында жана алардын карамагында жашашкан. Пайгамбар A зиммилерди осуят кылганы, жөөттүн жаназасы алардын арасында өтүп жатканда ага барганы алардын зимма калкы экенин билдирет. Мындан тышкары (Бухари №1356):
عن أنس رضي الله عنه (أَنَّ غُلَاماً مِنَ اليَهُودِ كَانَ يَخدُمُ النَّبِيَّ ﷺ فَمَرِضَ، فَأَتَاهُ النَّبِيُّ ﷺ يَعُودُهُ، فَقَعَدَ عِندَ رَأسِهِ، فَقَالَ: أَسلِم. فَنَظَرَ إِلَى أَبِيهِ وَهُوَ عِندَ رَأسِهِ، فَقَالَ لَه: أَطِع أَبَا القَاسِمِ ﷺ. فَأَسلَمَ، فَخَرَجَ النَّبِيُّ ﷺ وَهُوَ يَقُولُ: الحَمدُ لِلَّهِ الذِي أَنقَذَهُ مِنَ النَّارِ)
Анас риваят кылган хадисте айтылгандай, Пайгамбар A ооруп жаткан жөөттү зыярат кылды, ал жөөт пайгамбар Aга кызматчысы болчу. Жөөттөрдөн бир бала Пайгамбар Aга кызмат кылчу, ал ооруп калды. Ошондо Пайгамбарыбыз A аны кайра алып кетүү үчүн келди, анын баш жагына отуруп: “Ыйман келтир”, – деди. Ал баш жагында турган атасына карады. Атасы ага: “Абу Касымга A баш ий”, – деди. Ал ыйман келтирди. Пайгамбар A сыртка чыгып: “Аны оттон куткарган Аллахка мактоолор болсун”, – деди.
Булардын баары биринчи жоопто айтылгандар зиммийлерге гана тиешелүү экенине ишарат кылат.
– Ал эми, асыл аяттарда айтылган дин үчүн биз менен согушпаган жана сүрүлүп чыгуубузга жардам бербегендерге жакшылык кылууга уруксат берген далилдерге келсек:
﴿لَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ أَنْ تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ * إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَى إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾.
«Аллах диниңер үчүн силер менен согушпагандарга жана мекениңерден кууп чыгарбагандарга жакышылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болууңарга тыюу салбайт. Албетте, Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт. Аллах силердин диниңер үчүн силер менен согушкандар, силерди мекениңерден кууп чыккандар жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардам бергендер менен достошууңарга тыюу салат. Ким алар менен достошсо, алар заалымдар» [60:8-9]
Бул асыл аяттын түшүү себеби жөнүндө Ибн Касир мындай дейт:
﴿لا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ﴾
«Аллах диниңер үчүн силер менен согушпагандарга жана мекениңерден кууп чыгарбагандарга жакышылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болууңарга тыюу салбайт».
﴿أَنْ تَبَرُّوهُمْ﴾
«жакышылык кылууңарга»
وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ﴾
«аларга адилеттүү болууңарга»
﴿إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ﴾
«Албетте, Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт».
وقال الإمام أحمد: حدثنا عارم، حدثنا عبد الله بن المبارك، حدثنا مصعب بن ثابت، حدثنا عامر بن عبد الله بن الزبير، عن أبيه قال: قدمت قُتَيلة على ابنتها أسماء بنت أبي بكر بهدايا: صِنَاب وأقط وسمن، وهي مشركة، فأبت أسماء أن تقبل هديتها تدخلها بيتها، فسألت عائشة النبي ﷺ، فأنزل الله، عز وجل: ﴿لا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ﴾ إلى آخر الآية، فأمرها أن تقبل هديتها، وأن تدخلها بيتها.
Имам Ахмад айтты: Аарим бизге айтты, Абдулла бин Аль Мубарак айтты, Мусаб бин Сабит айтты, Амир бин Абдулла бин Аль Зубайр атасынын риваятына таянып айтты: Кутайба (Абу Бакр Gнун мурунку аялы) кызы Асма бинт Абу Бакрга мейизден жасалган тамак, быштак жана май алып келди. Ал ыйманга келе элек мушрик болчу. Асма анын алып келгенин кабыл алуудан баш тартып, аны үйүнө киргизбей да койду. Аиша I Пайгамбар Aдан сурады. Аллах бул аятты акырына чейин түшүрдү.
﴿لا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ﴾
«Аллах диниңер үчүн силер менен согушпагандарга жана мекениңерден кууп чыгарбагандарга жакышылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болууңарга тыюу салбайт»
Пайгамбар A Асма I энесинин алып келгендерин кабыл алууга жана аны үйүнө киргизүүгө буюрду.
﴿إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَى إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ﴾
«Аллах силердин диниңер үчүн силер менен согушкандар, силерди мекениңерден кууп чыккандар жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардам бергендер менен достошууңарга тыюу салат»
﴿وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾
«Ким алар менен достошсо, алар заалымдар»
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاءَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ مِنْكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللَّهَ لا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾
«Эй момундар, яхудийлер жана насронийлерди дос тутпагыла! Алардын айрымдары айрымдарына дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коумду хидаят кылбайт» [5:51]
Бул аят дагы жогурда айтылган аят менен үндөш.
Демек, зимма ээлерин майрамдары менен шариятка каршы келбеген сөздөр менен куттуктаса болот. Каапырлардын ичинен зиммий эместерди шариятка каршы келбеген сөздөр менен куттуктаса да болот. Куттуктоо изги иштерден. Бирок, бул иш асыл аятта айтылган шартка ылайык аларга тиешелүү болушу керек. Дин үчүн биз менен согушпаган, мекенибизден кууп чыкпаган жана ага жардамдашпаган болушу шарт.
﴿لَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ أَنْ تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ﴾
«Аллах диниңер үчүн силер менен согушпагандарга жана мекениңерден кууп чыгарбагандарга жакышылык кылууңарга жана аларга адилеттүү болууңарга тыюу салбайт. Албетте, Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт»
Бирок, андайлар азыр өтө аз.
Бул жетиштүү деп үмүттөнөм жана эң туурасын Аллах билет.
Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта 10-жумаадил аахир, 1443-х.
13-январь, 2022-ж.