Масадыков Кыргызстандын Ооганстанга карата позициясын билдирди
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Таалатбек Масадыков Ооганстанды гуманитардык каатчылык каптаса Борбор Азияга качкындар агылышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн “Ооганстандагы кырдаал: “Орусия жана Борбор Азия үчүн коркунучтар жана чакырыктар” деген конференцияда билдирди.
Масадыков өз сөзүндө Ооганстан маселеси боюнча үч жол бар экенин айтты: «Биринчиси, батыштагы өнөктөштөр сунуштагандай калтыруу. Башкача айтканда, “Талибан” өкмөтү 2019-жылдын этегинде АКШ президентинин администрациясы менен болгон жолугушууда берген убадасын аткаруусун күтүү жана кийлигишпей коё туруу керек. Экинчи жолу Афганистандын азыркы өкмөтүнө каршы турууну уюштуруу. Бул жыйынтык береби же жокпу? Албетте, жок. Каршылык көрсөтүүнү уюштуруу менен кырдаалдан чыгууга болбойт. Үчүнчү жолу болсо, жаңы өкмөт менен диалог жүргүзүүгө аракет кылуу, кайсы бир багыттарда кызматташуу жана талибдердин өкмөтү аркылуу афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү.
Ал Россия менен Кытайдын позициясы ушул үчүнчү чечим менен бирдей экенин кошумчалады.
Белгилүү болгондой, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан тышкы саясатта Орусия сызып берген кызыл сызык алкагында иш алып барат. Башкача айтканда, Орусия кызыкчылыгына каршы ачык позицияны кармана алышпайт. Ошондуктан, Ооганстан менен алаканы гуманитардык кризистен келип чыга турган качкындар маселесине байланыштырууда. Анткени, качкындар маселеси Орусия кызыкчылыгына каршы келет. Бул тууралуу Кремль расмийлери бир катар билдирүүлөрүн жасаган. Себеби, качкындар аркылуу Борбор Азияда туруксуздук келип чыгуусу толук ыктымал. Бул өз кезегинде Батыштын региондо таасирин жаюуга шарт түзөт.
Ал эми, Борбор Азия өлкөлөрүнүн Ооганстан менен түзүп жаткан түпкү кызыкчылыгына келсек, Оогантанда тезирээк тынчтык орнотулса, региондогу мамлекеттерге пайдалуу болгон “Мазари Шариф-Кабул-Пешавар” темир жолун куруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошол себептен да региондогу өлкөлөр –Тажикстандан башкасы – Афганистан менен жакшы кошуначылык мамиле орнотууга т.а. бийликке келген Талибан кыймылы менен жакшы мамиле орнотууга аракет кылышууда. Эгер бул долбоор ишке ашса, Россиянын Борбор Азия өлкөлөрүндөгү таасирин бир топ алсыратат. Бул болсо, Россияга жакпай турган иш экендиги анык. Ошол себептен да ал “афган коркунучун” мүмкүн болушунча көбүртүп көрсөтүү менен региондогу мамлекеттерди Афганистандан алысыраак кармап турууга умтулууда.
Ал эми, эки колонизатордун кызыкчылыгы кесилишкен маселе Талибандын эл аралык системанын басымына каршы көрө турган аракеттерине байланыштуу. Анткени, Талибандын ооган чек арасынан чыгуу коркунучу Батыштын да, Орусиянын да, Кытайдын да кызыкчылыгына каршы келет. Ошондуктан, коопсуздук кызматкерлери, эксперттер алар менен диалог түзүп, бул коркунучтун ишке ашуу ыктымалдыгын анализдөөгө мажбур болушууда.
Демек, Талибан бийлиги болуп жаткан окуяларга саясий аң сезимдүүлүк менен туура жандашып, куфрдун айла-амалдарына ээрчип кетпеши керек. Күрөштү ички куралдуу топторго, мазхабдарга эмес, колонизатор каапырларга жана анын агенттерине каршы каратуусу керек. Мына ушул позиция Талибандын Үммөт ичиндеги таасирин күчөтөт жана куфрдун коркунучтуу түнүн жакындатат. Антпесе, куфр кайрадан өлкө ичинде куралдуу жаңжалдарды чыгаруу, жарандык согуштарды тутантуу менен бир эшиктен чыгып экинчи эшиктен кирип келүүгө кызыктар.
Мумтаз Маверанахрий