Бишкек кайрадан абасы булганган шаарлар рейтингинде алдыңкы орунга чыкты
Кабар: World Air Quality сайтындагы маалыматка ылайык, Бишкек шаары 7-ноябрда абасы булганган шаарлар рейтингинде биринчи орунга чыкты.
Ошентип, Бишкек шаары Индиянын Дели, Пакистандын Карачи шаарларын артта калтырды.
Ал эми 8-ноябрда Бишкек абасы булганган шаарлар сабында төртүнчү орунду ээледи.
World Air Quality сайтындагы маалыматта Бишкектеги кырдаал кооптуу деп сыпатталган.
Комментарий: Бишкек шаары бир топ жылдан бери абасы булганган шаарлар рейтингинде “алдыңкы орунду” бербей келет. Абанын булганышы акыркы 4 жылдын ичинде ого бетер күчөп кетти. Адистер буга бир нече себептер бар экенин айтышууда: биринчиден, Бишкек ЖЭБи сапатсыз реконструкцияланышы; экинчиден, шаарда көп кабаттуу үйлөрдү шамалдын айланышын эсепке албастан куруу; үчүнчүдөн, автоунаалардын көптүгү.
Баш калаанын абасы Бишкек ЖЭБи 386 миллион долларга реконструкциялангандан кийин ого бетер начарлап кетти. Себеби ушунча каражат жумшалганына карабастан, ЖЭБ мурункудай эле көмүр жана мазут менен иштеген бойдон калды. Аны газга же башка экологиялык жаткан зыяны азыраак отунга өткөрүү тууралуу эч ким ойлонбоду. Ошентип, Бишкек бир нече жылдардан бери абасы булганган шаарлар рейтингинде алдыңкы орунду бербей келет.
Адистердин көптөгөн изилдөөлөрдөн кийин чыгарган тыянагына таянсак, адамдын булганган абадан дем алышы жүрөк-кан тамыр ооруларына жана дем алуу органдарында оорулар пайда болушуна себепкер болот. Калктын аялуу катмарына ден соолугу начар адамдар, жаш балдар жана карылар кирет. Айтылышынча, абадагы уулуу заттардын таасири өтө күчтүү жана ал нерв системасына да таасирин тийгизет. Расмий өкмөт карапайым калктын мойнуна ушунча карызды илгени жетишпегендей, элдин жана келечек муундун ден соолугун да коркунучка дуушар кылууда.
Абдурахман Адилов
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
View Comments
lasuna price - buy himcolin tablets himcolin oral
gabapentin pills - order azulfidine 500mg generic sulfasalazine where to buy
capecitabine 500mg oral - buy xeloda generic danocrine 100 mg ca
how to get cabergoline without a prescription - premarin 600 mg ca alesse where to buy
estrace 1mg canada - buy ginette 35 purchase arimidex online cheap
eriacta hungry - apcalis hasty forzest sand