Ооганстандагы мечитте кайрадан жардыруу болду
15-октябрда Ооганстандын Кандагар шаарындагы шииттердин мечитинде жума намазы маалында чоң жардыруу болду. “Талибан” кыймылынын басма сөз өкүлү Билал Карими жардыруудан жараат алгандар жана мерт болгондор көп экенин билдирип, иликтөө жүрүп жатканын айтты. Айрым маалымат булактар жарылуудан кеминде 30 адамдын өмүрү кыйылганын, 50 киши жарадар болгонун жазып жатышат. Кандагардагы борбордук оорукананын дарыгери да бул маалыматты ырастады.
8-октябрда Кундуз шаарындагы шииттер мечитинде да бомба жарылып, чабуулду “Ислам мамлекети” уюму жоопкерчилигине алган.
Америка Ооганстандан аскерлерин чыгарып кеткен менен Талибан бийлигин өз көзөмөлүнө алуу үчүн түрдүү басымдарды жасоодо. Акыркы учурдагы жардыруулар аркылуу АКШ Талибанды мамлекеттин коопсуздугун коргой албаган алсыз бийлик катары көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Муну менен катар өлкө ичинде мазхабдар аралык жаңжалды тутантууну жана куралдуу топтордун арасында согушту күчөтүүнү көздөп жатат. Буларга кошумча гуманитардык жардамдар, каржылык карыздарды берүү аркылуу Талибанды өз кызыкчылыгына карай тартууну да максат кылууда.
АКШнын мындай эки жүздүү саясаты буга чейинки басып алган көптөгөн аймактарда күзөтүлүп келет. Ирактагы, Ливиядагы, Йемендеги согуштар буга ачык мисал боло алат. Демек, Талибан бийлиги болуп жаткан окуяларга саясий аң сезимдүүлүк менен туура жандашып, куфрдун айла-амалдарына ээрчип кетпеши керек. Күрөштү ички куралдуу топторго, мазхабдарга эмес, колонизатор каапырларга жана анын агенттерине каршы каратуусу керек. Антпесе, куфр кайрадан өлкө ичинде куралдуу жаңжалдарды чыгарууга кызыктар.
Мумтаз Маверанахрий
motilium where to buy – sumycin 500mg generic buy generic cyclobenzaprine
propranolol oral – purchase clopidogrel generic purchase methotrexate online cheap
coumadin over the counter – buy cozaar pill cozaar where to buy
buy levaquin 250mg pill – order avodart sale order zantac 150mg pill
nexium 40mg capsules – buy topamax 200mg for sale buy generic sumatriptan
meloxicam 7.5mg uk – celebrex 200mg without prescription tamsulosin 0.4mg drug