Фалестин администрациясынын коопсуздук кызматы иттерин жана жуундукорлорун тизгинсиз коё берип, катардагы калкты коркутуп жатат

503
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин администрациясынын коопсуздук кызматы иттерин жана жуундукорлорун тизгинсиз коё берип, катардагы калкты коркутуп жатат

Хизб-ут-Тахрир мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмүнүн веб-сайтында мындай кабар жарыяланды: «Фалестин режими жума күнү түн жарымда коопсуздук кызматкерлерин жана жуундукорлорун «Бир Зайт» университетинин бир студентинин үйүнө жиберди. Алар студентти өлтүрүү менен коркутушту о.э. ага орой мамиледе болуп, аны жана чогу жашагандарды коркутушту. Бул окуяга университеттеги студенттердин Фейсбуктагы группасында таратылган кабар коопсуздук кызматкерлерине жана жуундукорлоруна жакпагандыгы себеп болгон.

Студенттин үйүнө 10дон ашуун коопсуздук кызматкери түн жарымда бастырып кирип, сыртта дагы 20га жакыны топтолду. Алар студентти коркутуп, ага кыйкырып, жырткыч орой мамиледе болушту. Эгер Фейсбукта тараткан кабары үчүн кечирип сурап таратпаса, өлтүрүү менен опузалашты. Ушунчалык жүзү каралык кылышты, студент эгер кечирим сураганын билдирбесе, аны менен бирге 12 студентти университетке киргизилбешин, окуудан чыгарылышын жана университетте же көчөдө чабуул кылууларын айтышты.

Коопсуздук кызматкерлери студентке маалым кылгандай, алар Фейсбуктагы студенттер группасында таратылган кабарды тараткан же комменттарий жазган ар бир адамды аныктап, баарын коркуткан. Алардын көпчүлүгү коркуп, студентти кечирим суроого мажбурлоого жана коркутууга ыраазы болушкан.

Коопсуздук кызматкерлери студенттин үйүнөн чыгып кетишкенден кийин арадан бир мүнөт өтүп-өтпөй, өз милдеттерин толук аягына чейин аткаруу үчүн, үч жуундукоруна маска кийдирип, таяк жана бычак менен куралдантып, студентти сабаганы жиберишти… Бирок, студент убагында үйүн бекем кулпулап алган, натыйжада жуундукорлор эшикти бузуп ичке кире  алышпады жана студентке чабуул кыла алышпады.

Студент полицияга телефон чалып, алардан жардам сурады. Бирок, полиция келбеди, жуундукорлорун студенттин үйүнөн кетүүгө буйруду. Эрте менен студент мыйзамдуу түрдө арыз жазганда, мунун эч кандай пайдасы жок экенин айтышты.

Режим өзүнүн коопсуздук кызматкерлерин жана жуундукорлорун ушундай тизгинсиз коё берип жатканынан, түн ортосунда өмүрүнө кол салган топторду түзүүгө урунуп жаткан көрүнөт. Дубинкачылар режимге, анын саясатына жана ыплас ролуна каршы чыккан ар бир адамды бастырууда жана өлтүрүүдө негизги ролду аткарышууда. Режим да, анын тарапкерлери да бул ыкма менен фалестиндик азат адамдардын үнүн өчүрүүгө жана өзүнүн кылмыштуу саясатын каралагандарды бастырууга кудуретим жетет деп ойлошууда.

Бирок, Аллахтын уруксаты менен, алардын үмүтү суу кечпейт. Себеби, Фалестиндин калыс азат калкын моюн сундуруу жана кул кылуу режимдин да, анын артында турган яхудийлердин да колунан келбейт. Эгер режим бул жуундукор жана дубинкачыларды тыйбаса, эртең алар каршысында бүткүл Фалестин калкы турганын көрүшөт жана алардын колу менен тарых таштандысына ыргытылат.

 

Роя гезити, №352, 2021-жыл, 18-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here