Кыргызстанда “Түштүк-2021” аскерий машыгуулары башталды

276
0

КыргызстандаТүштүк-2021” аскерий машыгуулары башталды

2-сентябрда Кыргызстандын Баткен жана Ош облустарында “Түштүк-2021” деген атылыштагы аскерий машыгуулар башталды.

Коргоо министрилигин билдиришинче, 4-сентябрга чейин өтө турган машыгууларга 1500дөй жаран жана 200 аскер катышат. Машыгуунун максаты – аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү.

Буга чейин 7-9-сентябрда Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусу өтөрү кабарланган. Ал эми октябрь айында кудум ушундай машыгуу Тажикстанда өткөрүлөт.

 Комментарий: АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгып кеткенден кийин Россия жана анын жетегиндеги Борбор Азия өлкөлөрү биринен кийин бири аскерий машыгууларды өткөрө баштады. Август айында Өзбекстан жана Казакстан чек ара аймактарында аскерий машыгууларды өткөргөн эле.1-августтан 10-августка чейин Россия Өзбекстан жана Тажикстан биргеликте Тажикстандын Афганистанга  чектеш Хатлон облусундагы “Харб-Майдан” полигонунда аскерий машыгууларды өткөрдү. Эми алгач Кыргызстан өзү, андан соң ЖККУга мүчө мамлекеттер катышуусунда машыгуулар өткөрүлөт. О.э. август-сентябрь айларына кеңири масштабдуу манёврлар пландаштырылган.

 Ушул аскерий машыгуулардын бардыгы Россия тарабынан көбүртүп көрсөтүлүп жаткан Талибан “коркунучунун алдын алуу” шылтоосунда Россиянын региондогу аскерий аралашуусун күчөтүүгө каратылган. Региондогу диктатор жетекчилер да өз режимдерин сактап калуу үмүтүндө Россиянын артынан барууга жана ушул шылтоо менен Ислам жана мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан залимдик саясатын улантууга аракет кылышууда. Кыскасы, Талибан “коркунучунан” ар бир мамлекет – колонизаторлор да, алардын малайлары да – өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга умтулушууда.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here