Капитализм мөмөлөрүнөн: «AstraZeneca» вакцинасынын соодасы алты айда миллиард доллардан ашты

308
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капитализм мөмөлөрүнөн: «AstraZeneca» вакцинасынын соодасы алты айда миллиард доллардан ашты

Анадолу маалымат агенттигинин веб-сайты хижрий 1442-жылы 19-зул-хижжа, миладий 2021-жылы 29-июль күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«AstraZeneca» – Британия-Швеция фармацевтикалык компаниясы бейшемби күнү жарыялаган маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 1 миллиард 169 миллион вакцина сатылган.

Кампания жарыялаган билдирүүдө айтылгандай, кампания 2021-жылдын биринчи алты айында жалпысынан 15 миллиард 540 миллион доллар киреше алган жана бул өткөн жылкы салыштырмалуу 23 пайызга көп.

«Коронавирус вакцинасынан тышкары киреше 2021-жылдын биринчи жарымында 14 миллиард 371 миллион долларды түздү. Бул, өткөн жылдын ушул маалына карата 14 пайызга көп», – деп айтылат билдирүүдө.

Компания кошумчалашынча, «жылдын биринчи жарымында 319 миллион доза, алардын катарында, Европа базарларына 572 миллион долларлык, өнүгүп бара жаткан базарларга 455 миллион долларлык доза жеткирилген».

Билдирүүдө AstraZeneca компаниясынын аткаруучу төрагасы Паскаль Сорионун: «Биз өндүргөн коронавируска каршы вакцинабыз менен чоң ийгиликтерге жетиштик. Ушул күнгө чейин 170тен ашуун мамлекетке вакцина жеткирип бердик», – деген сөзү айтылган.

 

Роя гезити, №351, 2021-жыл, 11-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here