Мамлекеттин ички ресурстарынан туура пайдалануу жөнүндө
Мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү – бул оор өнөржайды өнүктүрүү аркылуу гана ишке ашат. Т.а. бул нерсе мамлекеттин ички ресурстардан өз кызыкчылыгы жолунда туура пайланашына байланыштуу. Бул болсо, ички сырьё ресурстарын кайрадан иштетүү үчүн оор өнөржай мамлекет тарабынан жолго коюлушун талап кылат.
Оор өнөржай (металлургия) – станок чыгаруу, машина куруу, кеме куруу… сыяктуу тармактарды өз ичине алат. Оор өнөржайы – жеңил өнөржай, инфраструктура, дыйканчылык, кен байлыктарды өндүрүү жана кайрадан иштетүү үчүн техника жана атайын жабдыктарды чыгарат.
Дүйнөдө Кыргызстан сыяктуу жүздөгөн агрардык мамлекеттер – оор өнөржайы болбогондуктан – табигый байлыктарын, энергетикалык ресурстарын жана дыйканчылык продукцияларын дүйнөлүк базарларга сырьё катары алып чыгышат. Же ички ресурстарынан пайдалануу үчүн өнөржайы өнүккөн чет элдик инвестицияларга жана өнөктөш компанияларга муктаж болушат. Алар өздөрүндөгү нефть, газ сыяктуу энергетикалык ресурстарын, жер алдындагы жана жер бетиндеги ар түрдүү кендерин өзү казып алуунун ордуна аларды өнөржайы өнүккөн (колонизатор) мамлекеттердин компаниялары менен бөлүшөт же аларга сатып жиберүүгө мажбур болушат.
Эл аралык саясат, эл аралык уюмдар аркылуу эл аралык мыйзамдарды иштеп чыгуу жолу менен алсыз, колония мамлекеттердин өнөржайы өнүгүшүнө жол беришпейт. Бул уюмдар ички иштерибизге чейин аралашып, таалим саясатын да, өнөржайды өнүктүрбөстүк негизинде иштеп чыгышат. Алардын көзөмөлүндө иштелип чыккан орто жана жогорку окуу жайлардын билим берүү программалары себептүү, экономикага туура баа бере ала турган бирер адис жетилип чыкпайт! Бул нерсени БУУнун комиссиялары олуттуу көзөмөлдөп турат.
Бул чөйрө тарбиялап чыгарып жаткан саясатчылар да, аларды мухасаба кылып жаткан жарандар да экономикалык өнүгүү жөнүндө билим алган программасынын алкагында гана түшүнүшөт.
Алар экономикалык өнүгүү дегенде жалаң гана чет элдик компаниялардан инвестиция тартуу же алардан мүмкүн болушунча көбүрөөк карыз алууну гана түшүнүшөт. Натыйжада мамлекеттер карызга батып, ири мамлекеттерге экономикалык колонияга айланып калышат. Карыздары үчүн жерлерди, кендерди ал тургай ири стратегиялык маанилүү обьекттерди өткөрүп берүүгө мажбур болушат.
Оор өнөржайды монополия кылуу максатында бир катар эл аралык стандарттар киргизилди. Мисалы, Европа стандарты иштелип чыгып, эл аралык мыйзам менен корголду. Саясатчылар жана иштеп чыгаруу тармагынын адистери бул стандарттар менен өз мамлекеттеринде азыркы шарттарында иштей албашына көздөрү жетип, көптөгөн компаниялар дүйнөлүк базарлардан сыгып чыгарыла баштады. Агрардык мамлекеттердин саясатчылары бул абалды көрүп бүтүндөй үмүтсүздүккө түшүп калышты. Себеби, алар манкурттар сыяктуу глобалдык башкаруу саясатын ээрчип алышкан.
Негизи, эл аралык мыйзам жана стандарттарга теңдешүү же аларды моюнга алуу негизиндеги саясат жана тафаккур туура эмес. Биздин мамлекеттер бул жол менен жакынкы келечекте аларга теңеле албайт. Туура тафаккур – колдо бар мүмкүнчүлүктөрүбүзгө таянуу менен өнүгүүгө үндөшү керек. Ар кандай стандарттар, чектөөлөрдү алып таштоо керек. Элге ички ресурстардан алгач кол менен пайдаланып турууга шарт түзүп берүү менен бир катарда, мамлекет башталгыч доордон баштап техниканы өнүктүрүүнү жолго коюшу керек. Табигый ресурстардан пайдаланууда жалаң гана өзүбүздүн кубатыбызга таянышыбыз керек.
Бул экономикалык көзкарандысыздык, албетте саясий көзкарандысыздыкка байланыштуу. Т.а. биз экономикалык жактан көзкарандысыз болуу үчүн учурдагы башкаруу системасынан баш тартышыбыз, эл аралык мыйзамдарды четке кагышыбыз жана глобалдык дүйнөлүк башкаруу системасынан чыгышыбыз керек. Бул болсо, жаңы исламий мабдаъий башкаруу системасын турмушка алып келүү аркылуу гана ишке ашат. Себеби, ар кандай мамлекет – мабдаъий башкаруу системасы болмоюнча улуу жана көзкарандысыз мамлекет боло албайт.
Саясий көз карандысыздыкка жетпей туруп ишке ашырылып жаткан ар кандай реформалык аракеттер, бийликти, өкмөттөрдү алмаштыруу иштеринин бири да ийгиликке алып барбайт. Экономикалык өзгөрүү да, өнүгүү да болбойт. Себеби, учурдагы эл аралык саясат биздин оор жана жеңил өнөржайды өнүктүрүшүбүзгө жол бербейт. Эгер алар буга жол берсе, анда өздөрүнүн бүтүндөй өнөржайлары сырьё жана энергетика ресурстарынан куру калышат! Бул иш бир гана мабдаъий ынкылаптык өзгөрүүлөрдүн артынан ишке ашырыла турган иш болуп, мындан башка жол жок!
Абдураззак Муъмин