Дайтон түзгөн администрация камакка алуулар менен яхудийлерге жардам берүүдө

213
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Дайтон түзгөн администрация камакка алуулар менен яхудийлерге жардам берүүдө

 «Мажд» веб сайтында хижрий 1442-жылы 17-шаввал, миладий 2021-жылы 29-май күнү жарыяланган кабарда мындай делет:

«Бүгүн ишемби күнү «Адилет үчүн Адвокаттар» тобу маалымдашынча, Фалестин администрациясынын коопсуздук кызматы басып алынган Батыш Жээкте бир катар укук коргоочуларды жана азат кылынган туткундарды тергөөгө чакыруу жана камакка алуу иш-аракеттерин өткөрдү.

«Адилет үчүн Адвокаттар» тобу коопсуздук кызматы Батыш Жээкте эки апта ичинде камакка алууларды алып барганын ачыктаган. Анын айтымында, камакка алынган укук коргоочулар менен азат кылынган туткундардын саны жыйырмадан ашты, тергөөгө чакырылгандар болсо, өтө көпчүлүктү түзөт. Алардын камакка алынышына каршылык кыймылы менен Газадагы баскынчы күчтөрдүн ортосунда тынчтык келишими жарыяланышы артынан социалдык тармактардагы өз баракчаларында Куддус жана Газаны колдогон комментарийлери себеп болгон.

О.э. «Адилет үчүн Адвокаттар» тобу Батыш Жээктин райондорунда разведка кызматы да жыйырмага жакын камакка алууларды өткөргөнүнө, бир нече активисттерди жана мурунку туткундарды тергөөгө чакырганына, алардын катарында, мурунку саясатчы жана учурда туткундан бошотулган Хайсам Сайяж да сүйлөшүүгө барбаганы үчүн камакка алынганына күбө болгон.

Топ ушул камакка алынгандардын бир канчасы жашаган райондорунан Ариха шаарына которулушу артынан акаараттоого, ур-токмокко жана орой мамилелерге туш болушканын, бул Фалестин мыйзамын да, Фалестин администрациясы кол койгон эл аралык келишимдерди да орой түрдө бузуу болуп эсептелишин баса белгиледи. О.э. «Адилет үчүн Адвокаттар» тобунун айтымында, Фалестин коопсуздук кызматы ар бир камакка алуу операциясында жооптуу органдардан камакка алуу туурасында ордер албастан, орой түрдө мыйзамды бузган».

Роя:

Мурун яхудий вужуду Куддуста жана Батыш Жээкке жырткыч чабуул жасап, Газа секторуна аёосуз душмандык кылганда Фалестин администрациясы көздөн кайып болуп, төө куш сымал кумга башын тыгып алчу. Бул ирет бул ыплас вужуд Аксаны тебелеп-тепсеп, Газаны бомбалап о.э. Батыш Жээкте кыргындарды жасаганда Фалестин администрациясы кумдан башын чыгарып, коопсуздук кызматын аракетке келтирип, Батыш Жээкте активисттерге, туткундан азат болгондорго жана Куддус менен Газаны колдогон элдик иш-чараларга катышкандарга каршы ашынган камакка алуу кампаниясын өткөрүү менен баскынчы яхудий мамлекетин колдоп-кубаттоодо.

Шек-күмөнсүз, Фалестин администрациясынын бул кылмыштары бүткүл Фалестин элине, айрыкча, Газа секторунун калкына каршы эң ыплас кылмыштарды жасаган яхудий вужудуна кызмат көрсөтүү болуп эсептелет. Администрация муну менен колонизатор кафир Батыш тарабынан түзүлгөн ыплас куурчак экенин миңинчи ирет далилдеди. Фалестин администрациясы Батыштын кызыкчылыктарына кызмат кылуу о.э. баскынчы яхудий вужудун коргоо үчүн түзүлгөн. Ошондуктан, ал яхудий вужуду күчсүз болуп калганда ага жардам берүүдө, арты ачылып калганда жаап жатат, абалы татаалдашып, ийгиликсиздиги көрүнүп калганда мындан чыгуу жолдорун даярдап берүүдө. Санаасы өз таасирин сактап калуу гана болгон Фалестин администрациясы яхудийлер менен коопсуздук келишимин колдонууну көздөйт. Негизи, анын таасири да мына ушул жийиркеничтүү вужуд колко салып белгилген көлөмдө гана болот…

Фалестин калкы мындай залим администрацияга каршы чыгып, аны камактарда жана коопсуздук кызматынын зындардарында жаткан перзенттерин азат кылууга мажбурлашы керек. Эл бул нерсеге кудуреттүү. Себеби, администрация адамдар көтөрүлүп, алар менен кагылышууга бара албайт. Адамдар бул жаатта чоң тажрыйбага ээ жана буга баары күбө болгон. Бирок, адамдар Фалестин администрациясынын кылмыштарына сүкүт кыла беришсе, анда, администрация акыйкатты сүйлөгөн же анын саясатын сындаган кишилерге карата каракчылыгын жана зомбулугун дагы да күчөтө берет.

 Роя гезити, №342, 2021-жыл, 9-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here