Дүйнөлүк Банк светтин баасын кымбаттатууну колдоду

256
0

Дүйнөлүк Банк светтин баасын кымбаттатууну колдоду

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын бийлиги менен биргеликте өлкөдөгү электр кубатынын тарифин кайра карап чыгуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде билдирди.

Анын айтымында, тарифтер энергетика тармагынын чыгымдарын жабуу үчүн өзгөртүлүп жатат.

«Бул чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жасалган кадам болгондуктан Дүйнөлүк банк колдоду. Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз», — деди Бьерде.

Буга чейин президент Садыр Жапаров электр кубатынын тарифтерин өзгөртүүнү сунуштаган. Көп өтпөй тарифтин кымбатташын колдогон Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө каралашып, 20 миллион доллар бере турган болду. Бул каражат Кытай вакцинасын сатып алууга коротулмакчы.

Түпкүлүгүндө, Дүйнөлүк Банк бул аракеттери менен Кыргызстандын экспортко ылайыктуу, импортко атаандаш товар өндүрүшүнүн алдын алууда. Анткени, өлкөдө светтин кымбатташы товардын өздүк наркынын кымбатташын шарттайт. Натыйжада чет элдик арзан товарларга атаандаша албаган жергиликтүү компаниялар банкротко учурайт. Мына ушул максатта алгач 1997-жылы “Кыргызэнерго” ишканасы Дүйнөлүк банктын сунушу менен үчкө бөлүнгөн. Мунун арты менен энергетика тармагында жеке компаниялар аралашып, тарифтер кымбаттай баштаган. Маселен, “Электр станциялар” ишканасы электр энергиясынын ГЭСтерде өндүрүлгөн өздүк наркын ар кандай алдоо жолу менен эсептейт да, айырманы тиешелүү чиновниктер сол чөнтөккө солошот. Экинчи тараптан капитализмдин табиятына ылайык, ГЭСтерди жеке менчик колуна карматуу үчүн, ишкананы банкрот кылуу максатында жыл сайын чыгашалар ашыра эсептелет. Жапаровдун мамлекеттик мүлктөрдү жеке менчикке өткөрүү дымагы да дал ушул энергетика тармагына багытталган.

“Электр станциялар”дан тышкары тарифтин кымбатташына “Электр тармактар” акционердик коому ишканасы да салым кошот. Маселен, “табийгый” жоготуу 5% дын айланасында деп эсептейт. Ал эми, адистердин айтымында, жогорку чыңалуудагы чубалгылар менен жеткирип берүүлөрдүн чыныгы табийгый жоготуусу 1% айланасында эле болот. Демек, мындагы жоголгон 4% электр энергиясын чиновниктер чет өлкөлөргө сатып жиберишет.

Ал эми бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалары “табийгый жоготуу” шылтоосу менен уруп калышат. Мындай жоготуу бир учурда 50%га чейин чыккан. Азыр болсо 22%дын айланасында экени айтылууда. Бул деле 3 миллиард кВт саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт. Ал эми, жеке менчик компанияларда “табийгый жоготуу” дээрлик болбойт.

Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Бул ортомчу жеке ишканалар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

Мындан тышкары, чиновниктер сугат учурунда Өзбекстан жана Казакстанга суу сатып да акча жешет. Кайра кышкыга Казакстандан электр энергиясын сатып алуу үчүн келишимдер түзүп, жең ичинен дагы жейт.
1992-жылдан ушул кезге чейин энерго-тармакка чет элдик кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 млрд долларга жакын каражат жумшалган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин тармак электр энергия дефицитинен чыга элек.

Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүп келет. Натыйжада карапайым калк ичкеридеги жергиликтүү капиталисттер менен бирге капиталисттик уюмдардын зулумдугун чегип келет.

Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш. Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет.

Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилер аркылуу гана мындай кор абалдан чыга алат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here