بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Судан министрлер кеңеши яхудий вужудун бойкот кылуу жөнүндөгү мыйзамды бекер кылууда
«Ал-Жазира нет» хижрий 1442-жылы 24-шаъбан, миладий 2021-жылы 6-апрель күнү жарыялаган кабарда мындай келет:
«Шейшемби күнү Судан министрлер кеңеши (израилди) бойкот кылуу жөнүндөгү мыйзамды бекер кылууну макулдады. Бул мыйзам Судан менен (израиль) ортосунда мамилелерди нормалдаштырууга каршы алгачкы кадам катары 1958-жылы кабыл алынган.
(израилди) бойкот кылуу мыйзамына ылайык, судандыктар (израиль) жарандыгына ээ адамдар менен же алардын компаниялары менен келишим түзүүсүнө тыюу салынган. О.э. (израиль) менен соода айырбаштоого, (израилде) өндүрүлгөн товарларды толук же жарым-жартылай импорттоого тыюу салынган. Бул мыйзамды бузган адамга финансылык айып менен бирге 10 жыл камак жазасы белгиленген».
Роя:
Яхудий вужудун бойкот кылуу мыйзамын бекер кылуунун маңызы: эми Судан калкына мубарек Фалестин жеринин баскынчылары менен же алардын компаниялары менен келишим түзүүгө уруксат берилет. Бул баскынчылар менен соода айырбаштоо, аларда өндүрүлгөн товарларды толук же жарым-жартылай импорт кылууга уруксат берилет жана бул мыйзамды бузган адамга финансылык айып да, 10 жыл камак жазасы да белгиленбейт. Т.а. кылмышкер өткөөл өкмөт Судан калкын яхудий вужуду менен мамилелерди нормалдаштырууга жан үрөп мажбурлайт.
Ушул себептен улам, Судан калкы өздөрүнүн козголоңдоруна тоскоолдук болуп жаткан мындай жуундукор режимди кулатышы лазым. Өзгөрүү жасоодо – кудум Башир режимине карата болгондой – режимдин башын эле же кээ бир адамдарды гана эмес, аны түп-тамыры менен кулатып, анын урандылары үстүнө Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө керек. Мына ошондо мубарек жер азат кылынат, Расулуллах ﷺдын Исра жана Миъраж жери тазаланат.
Роя гезити, №335, 2021-жыл, 21-апрель.