بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ
МОМУНДАР МААНИ БЕРИШИ ЗАРЫЛ БОЛГОН ИШТЕР (3)
Үммөттүн жетекчисинде негизинен төмөнкү сыпаттар болушу керек:
وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ
“Сага — бардык нерсени баян кылып берүүчү Китепти-Куръанды түшүрдүк”. [16:89] Бухарий Урвадан риваят кылган хадисте Урва айтат, Абдуллах ибн Амр бизге хужжат келтирип, Расулуллах (с.а.в.)дын мындай дегенин укканмын деди: «Албетте Аллах Таала илимди силерге бергенден кийин аны кайра тартып алып койбойт, бирок аалымдарды илимдери менен кошуп алып коюу менен адамдардан илимди тартып алып коёт. Натыйжада фатвы суралса өз раъйы боюнча фатва берип адаштыра турган жана өзү да залатка кете турган жахил адамдар гана калат». Умар ибн Хаттаб илим жөнүндө мындай деген: «Түнкүсүн уктабастан намаз окуй турган жана күндүзү орозо кармай турган миң ибадаткөйдүн өлүмүнөн Аллахтын адал-арамын биле турган бир акылдуу кишинин өлүмү оорураак».
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا
“Эй момундар, эгер силерге бир фасык кимсе бирээр кабар келтирсе, (бул кабарды) аныктап-текшерип көргүлө!” [49:6]
Туура, жетекчи аалымдык кылат т.а. Үммөттү Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо таризине алып чыгуу үчүн ошол жашоо таризин үйрөнөт, ошол жашоо таризине жетектөө үчүн Ислам жолун-тарыйкатын жакшылап аныктап алат. Бул жагынан аалымдык кылса да, Үммөткө Исламын үйрөтүү жагынан мугалимдик кылса да, дуушар болгон проблемаларга шаръий чечимдерди баяндоо менен муфтийлик кылса да, бирок анын негизги иши Үммөттү Ислам негизинде тарбиялоо, азыркы абалынан Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо таризине карай жетектөө. Бул иш үчүн алгач Исламды жакшы үйрөнүп, өз кезегинде Үммөткө Исламды үйрөтүүчүлөрдү даярдайт. Кийин Үммөттөгү бузук акыйдаларды, чириген эътикаддарды ашкере кылат. Ката түшүнүктөрдүн каталарын көрсөтөт, ар бир вакиъге карата Ислам өкүмдөрүн баян кылат. Маъруф иштерге буюруп, мункар иштерден кайтарат. Бул иште жалаң гана карапайым адамдарга чектелип калбастан, Үммөт жетекчилерин, саясий жетекчилерди да мухасаба кылып, омманын райын тууралоо менен Үммөттү туура башкарууга мажбурлайт. Бир сөз менен айтканда, Үммөт жетекчиси саясий бир жамаат-хизб болушу керек. Бул Аллах Тааланын буйругу:
وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ
– “Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун” [3:104]
Саясат –“ал-Мухит” лугатында: Калкка саясат кылдым – “калкка буюрдум жана аны кайтардым” деген мааниде келтирилген. Шариятта да мына ушундай мааниде келген. Муслим Абу Хозимден келтирет: Мен Абу Хурайра менен беш жыл бирге болдум жана ал кишиден Расулуллах(с.а.в)дын мындай дегенин уктум:
«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأنْبِيَاءُ, كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ, وَإِنَّهُ لا نَبِيَّ بَعْدِي, وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ,
قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ فُوا بِبَيْعَةِ الأوَّلِ فَالأوَّلِ, أَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»
«Бану Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзүшөр эле. Качан бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келчү. Менден кийин болсо пайгамбар жок, халифалар болот. Алар көп болот. Сахабалар «бизди эмнеге буюрасыз?» деп сурашты. Айтты: Эң биринчисинин, жана дагы эң биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Алардын акыларын өздөрүнө бергиле. Анткени, Алла алардан калкты кандай башкаргандыгы жөнүндө сурайт».
Ушундан тыянак чыгарсак, Үммөт жетекчиси саясий жамаат-хизб болушу – бул шарияттын катъий буйругу. Себеби, жогоруда келтирилген аят да, Расулуллах(с.а.в)дын жашоодо көрсөтүп кеткен үлгүсү да ушуну талап кылууда.
Хиз бут-Тахрир ушул өкүм негизинде түзүлгөн, аны жакындан таануу үчүн “Хизбут-Тахрир” жана “Хизбут-Тахрирдин өзгөртүүдөгү программасы” сыяктуу китептерибизди окуп чыгышыңыз керек.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…