МОМУНДАР МААНИ БЕРИШИ ЗАРЫЛ БОЛГОН ИШТЕР

245
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

 МОМУНДАР МААНИ БЕРИШИ ЗАРЫЛ БОЛГОН ИШТЕР (3)

Үммөттүн жетекчисинде негизинен төмөнкү сыпаттар болушу керек:

  1. Билим. Үммөткө Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо таризин туура баяндашы үчүн да, ошондой жашоого Үммөттү Ислам тарыйкаты негизинде жетектөө үчүн да, Ислам  турмуштун бардык тармагы үчүн берген чечимдерди жана ошол жашоо таризин жашоого кайтаруу өкүмдөрүн жакшы билүү шарт. Антпесе,  Аллах ыраазы боло турган жашоого эмес, тескерисинче Аллах Таала кабыл албай турган өкүмдөргө чакырып калат. Натыйжада жакшы иш кылмакчы болуп, өзүн да, ээрчиген адамдарды да адаштырат. Аллах Таала Куръан жана Расулу (с.а.в) аркылуу ар бир нерсени баян кылган, Аллах Таала айтат:

وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ

Сага — бардык нерсени баян кылып берүүчү Китепти-Куръанды түшүрдүк”. [16:89] Бухарий Урвадан риваят кылган хадисте Урва айтат, Абдуллах ибн Амр бизге хужжат келтирип, Расулуллах (с.а.в.)дын мындай дегенин укканмын деди: «Албетте Аллах Таала илимди силерге бергенден кийин аны кайра тартып алып койбойт, бирок аалымдарды илимдери менен кошуп алып коюу менен адамдардан илимди тартып алып коёт. Натыйжада фатвы суралса өз  раъйы боюнча фатва берип адаштыра турган жана өзү да залатка кете турган жахил адамдар гана калат». Умар ибн Хаттаб илим жөнүндө мындай деген: «Түнкүсүн уктабастан намаз окуй турган жана күндүзү орозо кармай турган миң ибадаткөйдүн өлүмүнөн Аллахтын адал-арамын биле турган бир акылдуу кишинин өлүмү оорураак».

  1. Таква. Билгенине амал кылбай турган мусулмандын күбөлүгү кабыл алынбайт. Андай мусулмандын жетекчи болушу жаиз эмес. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا

Эй момундар, эгер силерге бир фасык кимсе бирээр кабар келтирсе, (бул кабарды) аныктап-текшерип көргүлө!     [49:6]

  1. Үммөт ишине кайдыгер болбостук. Үммөттө болуп жаткан ар бир ишке Ислам тарыйкаты негизинен туруп мамиле билдирип барат. Жетекчи билимдүү болушу шарт болсо да, ал аалымдар сыяктуу жалаң илим издөө менен алек болбойт. Илимдин өзү үчүн жана Үммөт үчүн жашоодо зарыл болгон бөлүгү менен чектелет. Иш боюнча билбей калганда китептерге кайрылат. Биз он үч китепти ушул иш үчүн эң зарыл китептер деп кабыл алдык. Жетекчи Үммөткө таалим бергени менен ал мугалим же мударрис эмес, анткени мугалим жана мударристердин иши сабак берүү менен аяктайт. Жетекчи туура маанидеги муфтий да эмес, себеби, муфтий көтөрүлгөн суроого шаръий өкүмдү баян кылуу менен чектелет.

Туура, жетекчи аалымдык кылат т.а. Үммөттү Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо таризине алып чыгуу үчүн ошол жашоо таризин үйрөнөт, ошол жашоо таризине жетектөө үчүн Ислам жолун-тарыйкатын жакшылап аныктап алат. Бул жагынан аалымдык кылса да, Үммөткө Исламын үйрөтүү жагынан мугалимдик кылса да, дуушар болгон проблемаларга шаръий чечимдерди баяндоо менен муфтийлик кылса да, бирок анын негизги иши Үммөттү Ислам негизинде тарбиялоо, азыркы абалынан Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо таризине карай жетектөө. Бул иш үчүн алгач Исламды жакшы үйрөнүп, өз кезегинде Үммөткө Исламды үйрөтүүчүлөрдү даярдайт. Кийин Үммөттөгү бузук акыйдаларды, чириген эътикаддарды ашкере кылат. Ката түшүнүктөрдүн каталарын көрсөтөт, ар бир вакиъге карата Ислам өкүмдөрүн баян кылат. Маъруф иштерге буюруп, мункар иштерден кайтарат. Бул иште жалаң гана карапайым адамдарга чектелип калбастан, Үммөт жетекчилерин, саясий жетекчилерди да мухасаба кылып, омманын райын тууралоо менен Үммөттү туура башкарууга мажбурлайт. Бир сөз менен айтканда, Үммөт жетекчиси саясий бир жамаат-хизб болушу керек. Бул Аллах Тааланын буйругу:

وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنْكَرِ

– “Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун                                   [3:104]

Саясат –“ал-Мухит” лугатында: Калкка саясат кылдым – “калкка буюрдум жана аны кайтардым” деген мааниде келтирилген. Шариятта да мына ушундай мааниде келген. Муслим Абу Хозимден келтирет: Мен Абу Хурайра менен беш жыл бирге болдум жана ал кишиден Расулуллах(с.а.в)дын мындай дегенин уктум:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأنْبِيَاءُ, كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ, وَإِنَّهُ لا نَبِيَّ بَعْدِي, وَسَيَكُونُ خُلَفَاءُ فَيَكْثُرُونَ,

قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ فُوا بِبَيْعَةِ الأوَّلِ فَالأوَّلِ, أَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бану Исраилге пайгамбарлар саясат жүргүзүшөр эле. Качан бир пайгамбар өлсө, артынан башка бир пайгамбар келчү. Менден кийин болсо пайгамбар жок, халифалар болот. Алар көп болот. Сахабалар «бизди эмнеге буюрасыз?» деп сурашты. Айтты: Эң биринчисинин, жана дагы эң биринчисинин байъатына бапаа кылгыла. Алардын акыларын өздөрүнө бергиле. Анткени, Алла алардан калкты кандай башкаргандыгы жөнүндө сурайт».

Ушундан тыянак чыгарсак, Үммөт жетекчиси саясий жамаат-хизб болушу – бул шарияттын катъий буйругу. Себеби, жогоруда келтирилген аят да, Расулуллах(с.а.в)дын жашоодо көрсөтүп кеткен үлгүсү да ушуну талап кылууда.

Хиз бут-Тахрир ушул өкүм негизинде түзүлгөн, аны жакындан таануу үчүн “Хизбут-Тахрир” жана “Хизбут-Тахрирдин өзгөртүүдөгү программасы” сыяктуу китептерибизди окуп чыгышыңыз керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here