Басма сөз баянаты
Россия режими дүйнөгө нурду алып чыккан Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө зулум кылып, кыйноолорго салууда
Анын бул аракеттери фашизм менен нацизмди эске салат
Россиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын зындандарында туткундарга колдонулган үрөй учурган кыйноолор 2021-жылдын башынан бери коомчулукка белгилүү боло баштады. 2021-жылы 23-февралда «Новая газета» кыйноолор чагылдырылган видеотасманы жарыялады. Видеотасмалар арасында 2017-жылы Ярославль камагында тасмага түшүрүлгөн эки туткундун видеосу да бар. Бул эки туткундун бири – мусулман, экинчиси – христиан.
Видеолордун биринде туткундардын бири жылаңач болуп чечинүүгө жана буттарын керип ийилүүгө мажбурланган. Бул абалды көптөгөн полиция кызматкерлери күзөтүп турушкан. Күзөтүп тургандардын арасындагы полицей аял колундагы «арткы тешикти кеңейтүүчү» жабдыкты туткунга колдонмокчу болгон! Туткун бул ыплас аракеттен баш тартканда, алар аны столго мажбурлап жаткырып, таяктар менен сабашкан. Журналисттердин айтымында, туткун көп узабай ичтен кан кетүүсүнөн улам ооруканада каза болгон.
Башка бир видеодо 15ке жакын полиция кызматкери камак мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыгуу алдында турган мусулман туткунду ырайымсыз сабашкан. Туткундун кыйноого алынышынын себеби – анын жеке буюмдарын, алардын катарында ыйык Куръанды жерге таштаган камак кызматкерлеринин аракеттерине ачууланганы болгон. Ал колдонулган кыйноолордон кийин аман калганы менен, бирок, эркиндикке чыккандан кийин эки апта ооруканада дарыланган.
Туткундардын Федералдык жаза аткаруу кызматында ырайымсыз кыйноого салынганы туурасында ашкереленген окуялардан дагы бири: туткундар камактын жетекчилиги менен кызматташкан «активисттер» деп аталган кээ бир туткундар аркылуу кыйноого салынган. Gulagu.net адам укуктары долбоору Иркутск камактарынын биринде туткундардын кыйноого салынганы жана зордукталганы туурасында такталган фактыларды жарыялады. «Активисттер» коопсуздук кызматкерлеринин талабы негизинде туткундардан керектүү көрсөтмөлөрдү ушул жол менен алышкан.
Биз Gulagu.net ачыктаган ырайымсыз кыйноолор жөнүндөгү бардык фактыларды санап өтмөкчү эмеспиз. Биз Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашниковдун 2021-жылы 25-февралда Федералдык комитеттин жыйынында билдирген Иркутск шаарынын камагындагы тергөө натыйжаларын айтып өтөбүз. Ага ылайык, туткундардын 41и кыйноого алынгандыгы аныкталган, ал 47 киши зордуктоонун курмандыгы болгонун моюнга алган. Мындан тышкары, туткундарды зордуктагандардын үчөөсү мурунтан СПИДге чалдыккандыгы расмий далилденген.
Иркутск шаарындагы Федералдык жаза аткаруу кызматынын борборлорунда кыйноого алынган диний туткундардын теги бизге маалым эмес. Бирок, Россиядагы туткундарга карата жырткыч мамиле жөнүндөгү бул фактылар үстүбүздөгү жылдын башынан бери жарыяланууда. Алар Россиядагы камактардагы абал кандай экендигин көрсөтүп турат. Россиядагы мусулмандар мыйзамдуу негиздерсиз соттолуп жатканын жана оор шарттарда жеке тартипте камакка алынганын билебиз. Бул, «терроризм» жана «фундаментализм» сыяктуу жалган айыптоолор менен камакка алынган мусулмандардын жашоо шарттарын ачыктап жатат. Мындан тышкары, камак жетекчилиги аларга чочко этин бергендиги себептүү мусулман туткундар ачка калышууда.
«Мемориал» борбору өзүнүн веб-сайтында 297 саясий туткундун тизмесин камтыган отчётту жарыялады. Отчётто тизмедеги ысымдардын дээрлик баары мусулман экендиги айтылган. Баса белгиленгендей, туткундардын көпчүлүгү (191 туткун) Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү, башкалары Таблиг жамаатын жана Саид Нурсийди ээрчиген мусулмандар. Отчётто бул тизме толук эместиги айтылган. Тизмеде көрсөтүлгөн ысымдар – иштерин үйрөнүп чыгууга мүмкүн болгон гана адамдар. «Мемориал» борбору билдиришинче, мазлумдардын саны кеминде мындан үч-төрт эсе көп. Бирок, алар жөнүндө талап кылынган маалыматтар берилбегендигине же толук үйрөнүлүп чыкпагандыгына байланыштуу алардын ысымдары тизмеде көрсөтүлбөгөн. «Мемориал» борбору билдиришинче, тизмеде көрсөтүлгөн сандар борбор тарабынан үйрөнүлүп чыккан туткундардын саны.
Отчётто баса белгиленгендей, Россияда негизсиз террористтик уюм деп табылган Хизб-ут-Тахрирге мүчөлүктө айыпталып жаткандар бир нече жыл мурда башка берене боюнча айыпталышкан. Т.а. кылмыш кодексинин экстремисттик уюмдардын иш-аракетинде катышкандыгы үчүн 3 жылга чейин эркинен ажыратууну караган берене боюнча айыпталышкан.
Мыйзамдын катаалданышы ушуга алып келди: бүгүнкү күндө Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө мыйзамдын жаңы «Террористтик уюм түзүү жана анын иш-аракетинде катышуу» беренеси боюнча айып коюлуп жатат. Бул беренеге ылайык, өмүр бою эркинен ажыратуу жана 24 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.
Белгилүү болгондой, мамлекет жана диндер арасында мыйзамдар бири-биринен айырмаланат. Бирок, адилетсиз айыптоо бардык мыйзам жана эрежелерде караланган. Себеби, бирер нерсени ага тескериси болгон нерсе менен сыпаттоо аклий аксиомаларга тескери келет. Ушул жагынан, Хизб-ут-Тахрирди «террористик» иш-аракеттерди жасоодо айыптоо чындыкка дал келбейт. Себеби, Хизб-ут-Тахрирдин даъваттагы тарыйкаты пикирге негизделиши жана Хизб өз мүчөлөрүнүн ушул тарыйкаттан чыгышына жол бербеши баарына белгилүү. Дүйнө калктары арасында Хизб алып барып жаткан саясий, сакафий жана пикирий иш-чаралар буга далил. Ага карабастан, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө жалган айыптоолор негизинде жазага тартуу дагы эле уланууда.
Мыйзамдардын катаалданышы менен Татарстан, Башкырстан, Москва, Петербург, Челябинск, Тюмень жана башка шаарларда Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө каршы массалык камакка алуу иштери алып барылды. Крым басып алынгандан кийин ал жердеги мусулмандар да камакка алынган. Коопсуздук күчтөрүнүн иши сот процессин көзөмөлгө алып, мусулмандарды эркинен ажыратууга гана чектелип калган жок, алар камактарда да айыптоолорду ойлоп чыгара башташты. Андай ырайымсыз көрүнүштөрдүн айрымдары:
Мирзабарот Мирзашарипов Петербургда Хизб-ут-Тахрирге мүчөлүктө айыпталып 5 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы 21-мартта камакта «активисттер» аны ырайымсыз сабашкан. Ал камактагы жаза аткаруу мекемесинин бөлмөсүнө киргенде бир офицер анын мойнуна бычак такаган. Кийин алар башка жалданган туткун менен бирге Хизб-ут-Тахрир жөнүндө суроолорду берүүнү башташкан. Мирзабарот офицерлердин суроолоруна жооп берип, аларга Хизб пикирий аракет алып барышын, зомбулукка таянбастыгын жана Хизбди терроризмде айыптоо үчүн жалган айыптоолор ойлоп табылганын баса белгилеген. Мирзабаротко Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык айып коюлду. Ал беш жылдык камак жазасын өтөп бүткөн соң, дагы үч жылга эркинен ажыратылды. Ал эки жылды камактарда жана бир жылды катуу тартиптеги камакта өткөрдү.
Галиуллин Ринат Челябинскте жашайт. Галиуллин Хизб-ут-Тахрирге мүчөлүктө айыпталып 5 жылдык катуу тартиптеги камак жазасына өкүм кылынган. Ал эркиндикке чыккан күнү дагы жасалма айыптоолорго учурады. Кийин ал кайра камакка алынып, камактан чыгарылбастан, тергөөгө жиберилген. 2018-жылы 17-августта – Хизб-ут-Тахрир «террористтик» уюм эместигине о.э. Хизбди антип сүрөттөп болбостугуна карабастан – ал «террористтик уюмдын катарында иш алып баруу» айыбы менен, 205-берененин 5-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык 8 жылга эркинен ажыратылды.
Рахманхуджаев Зикруллахан Хизб-ут-Тахрирге мүчөлүктө айыпталып Москвада 7 жылга эркинен ажыратылган. Жаза мөөнөтүн өтөп жатып туткундарды Хизб-ут-Тахрирдин идеяларына чакырууда айыпталып, 2018-жылы 13-декабрда Россия Федерациясынын Кылмыш кодексинин 205-беренесинин 5-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык 14,5 жылга эркинен ажыратылды. Ошентип, Зикруллахан Хизб-ут-Тахрир катарында иш алып барганы үчүн эки ирет узак мөөнөттөгү камак жазасын алды. Биринчисинде 7 жылга эркинен ажыратылган болсо, кийинкисинде 14,5 жылга эркинен ажыратылды.
2021-жылы 27-январда Казан шаарында жашаган Исманов Закиржан дал ушундай жазага өкүм кылынды. 2017-жылы ал 205-берененин 5-бөлүмүнүн 2-пунктуна ылайык 6 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылы октябрь айында 1-Чыгыш округдук аскердик соту Закиржанды «террористтик уюмга чакыруу» айыбы менен 205-берененин 1-бөлүмүнүн 1.1-пунктуна ылайык о.э. «терроризмди ачык түрдө актоо» айыбы менен 205-берененин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык 9 жылдык катуу тартиптеги камак жазасына өкүм кылды.
Асгат Хафизов 2017-жылы декабрь айында 17,5 жылга эркинен ажыратылган. Алар терроризм аракетине (Кылмыш кодексинин 205-беренесинин 5-бөлүмүнүн 1-пунктуна), экстремизм аракетине (Кылмыш кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна) башка дагы эки айыпты т.а. террористтик уюмдун аракетинде катышуу (205-берененин 5-бөлүмүнүн 2-пункту) айыбын о.э. террористик уюмга мүчөлөрдү жалдоо (205-берененин 1-бөлүмүнүн 1.1-пункту) айыбын кошушту.
О.э. 16 жылга эркинен ажыратылган Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү Хамид Игамбердиевдин иши бар. Ал Белгород камагынан Москвадагы бир кишилик камерага өткөрүлдү.
Бул абалдардын ар бири ачыктан-ачык зулум болуп эсептелет. Бирок, булар мусулмандарга, өзгөчө, Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата колдонулуп жаткан жырткыч мамилелердин көлөмүн жетиштүү ачыктап бере албайт.
Россиянын эң улгайган укук коргоочусу Лев Пономарёвдун айтымында, режимдин ырайымсыздыгы туурасында унчукпоо кыйын. «Мемориал» борбору тарабынан уюштурулган конференцияда Лев Пономарёв сөз сүйлөп: «Хизб-ут-Тахрир мусулмандары террористтик иш-аракеттерди жасагандыкта же даярдык көргөндүктө айыпталган эмес. Эч бир мыйзамда мындай айыптоо жок. Ошондой болсо да, алар 24 жылга, 20 жылга, 18 жылга эркинен ажыратылууда. Ар кандай жайда бул маселе жөнүндө айтуу керек… Анткени, сот жараяндары тынымсыз уланууда, жүздөгөн адамдар камакка алынууда. Айрымдары экинчи ирет камак жазасына өкүм кылынган. Менин назарымда бул чыныгы фашизм».
﴿وَمَا نَقَمُوا مِنْهُمْ إِلَّا أَنْ يُؤْمِنُوا بِاللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ﴾
«Алар (момундардан) алар кудурет жана мактоо ээси болгон Аллахка ыйман келтиришкени үчүн гана өч алышты!» [85:8]
Хизб-ут-Тахрир «террорчу» уюм эмес. Ага карата мындай айыптар өтө чоң жалган. 1953-жылы түзүлгөн Хизбдин тарыхына жана иш-аракетине назар салсак, бул жалганды оңой эле четке кагууга болот.
Лев Пономарёв жана «Мемориал» борборуна мусулман саясий туткундарга көңүл бурганы жана Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө карата ачылган иштерде аларды коргогону үчүн ыраазычылык билдиребиз. О.э. мусулман саясий туткундарды коргоого салым кошкон бардык укук коргоо уюмдарына, адвокат жана активисттерге ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Туткун мусулмандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө Аллахтан сабыр тилейбиз. Аллах сабыр кылуучулар менен бирге.
Мухандис Салахиддин Азаза
Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы