Даъватты көтөрүп чыккан энебиздин каза болгону тууралуу кабар
Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаяты фазилеттүү мураббия энебиз Фатхия Юсуф Ахмадсабатайндын (Нажахсабатайн – Умму Муаз) бүгүн 2021-жылы 21-апрель күнү эрте таңда көз жумганын терең кайгыруу менен кабарлайт.
Умму Муаз бүткүл өмүрүн Аллах Азза ва Жаллага итаат кылып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоого даъват кылуу менен өткөрдү. Бул фазилеттүү энебиз Хизб-ут-Тахрирдин катарында даъватты көтөрүп чыккан хур аялдардын бири эле. Бул жолдо көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөнүнө карабастан, бекем турду. Мисалы, 2018-жылы Иордания режими Умму Муазды даъватты жеткиргени үчүн – жашы улгайып калганына карабастан – камакка алды. Бирок, бул басым жана камактар Умму Муаздын кайратына кайрат, Аллах жолунда даъватты жеткирүү аракетине кубат кошту.
Маркум энебиз курч саясий акыл жана жаркын пикир ээси эле. Коомдо, өзгөчө, аялдар арасында пикирий жана саясий форумдар жана иш-чаралар аркылуу пикирий жана саясий аң-сезимди жаюу менен аракет кылды. Бир нече китептерди жазды. Алардын маанилүүлөрү: «Исламий ойгонуу түшүнүктөрү», «Хизбий уюшуу шархы», «Илманийликтин биринчи курмандыгы – Афганистан». Энебиз Роббисинин алдына чакырылганга чейин мына ушундай көрүнүштө даъватты бекем жеткирди.
Биз Аллах Тааладан Умму Муазды Өзүнүн кең рахматына алышын, чексиз бейиши менен сыйлап, бизден, Ислам жана мусулмандардан чырайлуу сыйлык менен сыйлашын сурайбыз.
Берүүчү да, алуучу да – Аллах. Биз Роббибиз Субханаху ва Таала ыраазы боло турган ушул аятты гана айтабыз: Инна лиллахи ва инна илайхи рожиун, ла хавла ва ла куввата илла биллах.
Хизб-ут-Тахрирдин Иордания вилаятындагы маалымат бөлүмү