Ислам баалуулуктары тебеленишинин түпкү себеби үммөт өз калканын жоготконунда
Өткөн жыл Кыргызстанда Роббим Аллах дегени үчүн муслималардын камалышынан тартып, Францияда Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафа с.а.в.дын акааратталышы, Швецияда Ыйык Курандын өрттөлүшү жана Чыгыш Түркистанда муслималардын лагерлерде зордукталышы сыяктуу Ислам баалуулуктарына каршы тынымсыз чабуулдар менен коштолду. Мындай окуялар дүйнөдө мусулмандардын саны 2 миллиардга жетип, ал өлкөлөр коргонуу тармагына 100 миллиарддаган доллар каражат жумшап жаткан учурда жүз берүүдө. Албетте, акылдуу адамда суроо туулат. Эмне үчүн дүйнө жүзүндөгү ачарчылык, зулумдук, адилетсиздиктин дээрлик баары мусулман өлкөлөрүндө жүз берүүдө? Же мусулмандар ушундай алсыз калкпы?
Маселен, үстүбүздөгү жылдын июль айында Нарын облусундагы алты муслима эже-карындаштарыбыз даьват алып барып жаткан учурда УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Аларга бийликти күч менен басып алууга аракет кылышкан деген айып (экстремизм) менен кылмыш иши козголгон. Негизи даъват ар бир мусулман жана муслима үчүн фарз! А бирок, 3 жолу бийликти күч менен басып алган, бир нече жолу басып алууга аракет кылгандардын ордуна алсыз муслималар Аллах алдында өз жоопкерчиликтерин аткаргандыгы үчүн жоопко тартылууда.
Кыргызстандагы окуяны улай Швециянын Мальмё шаарында 11-сентябрь күнү Аллахтын Китеби болгон Курани Каримди ыплас улутчулдар өрттөп жиберишти. Анын артынан өз демократиясы менен мактанган Франциянын “Шарлиэбдо” журналы кайрадан пайгамбарыбыз салаллаху алейхи вассаламга акаарат кылган карикатурасын жарыялады. Мындан улам бир катар мусулман өлкөлөрүндө Расулуллахтын урматын тебелетпөө максатында акциялар өткөрүлдү. Ал эми Ислам жана мусулмандар душманы болгон Франция президенти Макрон “шарлиэбдонун” ишин сөз эркиндиги катары баалады.
Мушрик Кытай өлкөсү дагы капиталисттерден кем калышпай Ислам жана анын баалуулуктарына каршы тиш-тырмагы менен күрөшүүдө. Кытай өзү лагерь деп атап алган зындандарда муслималар такай зордукталаарын ал жайдан чет өлкөгө башпаанек алуу үчүн чыккандар жар салууда. Аты жаман жайларда аял-эркек дебей тукумсуз калтыруу жана ар кандай эксперименттерди жүргүзүү үчүн 15 күн сайын вакциналарды, дарыларды берип турушкан. Албетте үммөттүн бир бөлүгү болгон Шинжаңдагы мусулмандардын үстүндөгү зулумдуктар акыйдасы бар мусулмандарды тынч уктатпайт.
Тилекке каршы, мусулмандар ушундай кор абалга кептелдик дейсиң, ыйманыбыздын негизги талаптарынын бири болгон Куран жана Пайгамбарыбыздын урматы тебеленишин кайдыгер абалда күзөтө турган болуп калдык. Ар-намысыбыз болгон аялдарыбыздын намысы тебеленишин көз жаздымда калтыра турган болдук. Ал эми каапырлар биздин баалуулуктарыбызды биринин артынан экинчисин тебелеп-тепсеп жатышат. Алар Ислам жана анын баалуулуктарына каршы бир кемеде сүзүшүүдө. Муну дүйнө лидерлери чогулуп Франциядагы акцияда билдирип коюшту.
Мунун каршысында Ислам үммөтү, 2 миллиардга жеткен мусулмандар, деңиз көбүктөрүнө айланып калышты. Анткени, аларды бириктире турган Ислам мамлекети жок! Бир муслиманын намысы үчүн бүткүл армиянын ак жана кара аттарын сапка тизген Аль Мутасим биллах сыяктуу халифтер жок!
Расулулла с.а.в айткан: «Жакында силердин үстүңөргө түрдүү улуттар кудум жеп тойбос ачкөздөр өз тамагына таштанганы сыяктуу таштанышат». Ошондо бир киши: «Ошондо биз азчылык болобузбу, я Расулулла?» – деп сураганда айтты: «Ал күндө силер көпчүлүк болосуңар, бирок, жамгыр суусунун көбүгү сыяктуу бир көбүк болосуңар. Алла душманыңардын жүрөгүнөн силерден коркууну алып таштайт, силердин жүрөгүңөргө болсо вахнды салып коёт». Бир киши: «Я Расулулла, вахн эмне?» – деп сурады. Айтты: «Дүнүйөнү жакшы көрүү жана өлүмдү жаман көрүү» (Абу Давуд Савбандан кылган риваят).
Албетте, үммөт мындай абалдан өз Исламына кайтуу менен жана чыныгы лидердин халифалык мамлекетин кайрадан жарыялоосу аркылуу чыга алат. Бул үчүн чыныгы лидерлерден ар бир Ислам баалуулуктарына каршы жасалган чабуулга жооп берүү жана ушул жолдогу курманчылык талап кылынат. Ал эми үммөттөн өз Исламдарын мабда катары көтөрүп чыгуу талап кылынат!
Түпкүлүгүндө, бул үммөт алсыз эмес. Болгону, аларды бириктире турган күчтүн жоктугу мусулмандарды кор кылууда. Эгер учурдагы мусулман өлкөлөрү бириге турган болсо, эл аралык майданда автоматтык түрдө лидерге айланат. Бул мамлекеттеги калктын саны 2 миллиарддан ашат. Анын аянты 32 млн чарчы чакырымды түзүп, бүгүнкү саясий картадагы эң ири мамлекет Россиядан эки эсе чоң болот. Бул мамлекеттен Нил, Тигр, Эвфрат, Нигер сыяктуу эң маанилүү дарыялар агып өтөт. Ошондой эле дүйнөлүк сооданын негизин түзгөн Суец, Гибралтар, Дарданел сыяктуу деңиз жолдорун, кысыктырды көзөмөлдөйт. Бул мамлекеттин жер асты түгөнбөгөн мунай жана кен байлыктарга бай. Маселен, дүйнөлүк мунай запасынын 73%ы дал ушул аймактарда жайгашкан.
Эгер бүгүнкү эле мусулман өлкөлөрүнүн аскердик күчтөрүн бириктирсек, аскерий державага айланат. Анткени, бул өлкөлөр учурда орточо эсеп менен коопсуздук тармагына 200 млрд доллардан ашык каражат жумшайт. Анын бүгүнкү аскерлеринин саны эле 4 миллиондон ашып, Кытайды артта калтырат. Аскердик учак, танктардын саны жагынан да дүйнөлүк лидерге айланмакчы. Албетте, бул тармак Ислам мамлекети тикеленгенден кийин сөзсүз өнүктүрүлөт. Натыйжада, Ислам баалуулуктарын тебелеген Франция сындуу ыплас өлкөлөрдү Усманий Халифалык сыяктуу бир кат менен токтото турган болот. Мутасим сыяктуу бир муслиманын намысы үчүн бүткүл армияны сапарбар кылат!
Мумтаз Маверанахрий