Кытай берген гранттын эсебинен Бишкектин жолдору оңдолот

351
0

Кытай берген гранттын эсебинен Бишкектин жолдору оңдолот

Бишкектин жолдору 15-марттан баштап Кытай өкмөтү берген гранттын эсебинен оңдоло баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

 Кабарда келишинче, оңдоо иштери расмий түрдө 2020-жылдын күз айында башталган.

“Андан бери биз даярдык иштерин көрүп, бардык көчөлөрдүн ичинен оңдоого муктаж болгон 60 көчөнү тандадык. Анын 43ү быйыл, 17си 2022-жылы жасалат”, – деп айтылат маалыматта.

Бишкектин жолдорун оңдоонун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Бул учурда беш көпүрө, жалпы узундугу 70 чакырымдык 60 көчө оңдолот. Мэрия көчөлөрдүн баарына сугат арыктары, тротуарлар коюлуп, кеңейтилерин кабарлады.

2016-жылы үч баскычтан турган “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоору үчүн дээрлик 44 миллион доллардык гранттык келишимге кол коюлгандыгы кабарланган.

 “Бишкек шаарынын көчө-жолтармагын өнүктүрүү” долбоорунун эки фазасын үчүн өткөрүлгөн тендерди Кытайдын “China Road and Bridge Corporation” корпорациясы утуп алган. Биринчи фазанын алкагында 7 көпүрө курулуп, 49 көчөдө 95 километр жол оңдолгон.

 Комментарий: Эгер мамлекет жол куруу жана оңдоо иштерин өз каражаты менен ишке ашырганда, тынчсыздануунун кереги жок эле. Өкүнүчтүүсү, жолдорубуз колонизатор мамлекеттерден же сүткордукка негизделген эл аралык каржы уюмдарынан алынган карыздардын эсебинен курулуп жана оңдолуп жатат. Көптөгөн жылдардан бери тышкы карыздардын пайызын карапайым калк төлөгөн салыктардын эсебинен төлөп келгенибиз жетишпегендей, өкмөт дагы кайрадан жаңы-жаңы карыздарды алып жатат. Ошентип, мамлекет карызга батып бара берет.

 Каржы министрлигинин кабарына таянсак, 2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларды түздү. Мунун ичинен 4 млрд. 220,31 млн. доллар (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз. Маалыматка ылайык, эң көп карыз Кытайдан алынган. Ал тышкы карыздын 41,8% түзөт. Бишкектин жолдорун оңдоо боюнча тендерди да кытайлык компания утуп алган. Демек, элдин мойнуна дагы жаңы карыз илинип жатат.

  Кечээ күнү Акылбек Жапаров: “Кытайга карызды төлөбөсөк алар ТЭЦке, Датка Кеминге, Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолуна өздөрү ээлик кыла башташат”, – деди. Учурда Кыргызстандын Кытайдан алган карызды төлөй турган дарамети жок. Ошол себептен да Кыргызстандын расмийлери Кытайдан карыздын мөөнөтүн узартууну суранышууда. Кытай болсо карызды акчалай эмес, жер аянттары жана кен-байлыктар түрүндө кайтарып алууга кызыкдар. Бул болсо, элдин жана үммөттүн келечеги үчүн кооптуу абал.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here