Яман уламалары капиталисттик экономикага кучак жайып, исламий банкка кызыгуусун билдиришүүдө… деги, алар акыл жүргүзүшпөйбү?!

309
0

Басма сөз баянаты

Яман уламалары капиталисттик экономикага кучак жайып, исламий банкка кызыгуусун билдиришүүдө… деги, алар акыл жүргүзүшпөйбү?!

Жогорку саясий кеңештин мүчөсү Султан Самиий жана премьер-министр доктор Абдулазиз Салих ибн Хабтар кече «Кризистер доорундагы исламий банк» жөнүндө экономикалык семинарга катышты. Бул семинар Яман уламалар уюму жана Яман академиясы менен биргеликте изилдөөлөр жана консалтинг экономикалык обсерватория тарабынан өткөрүлдү. («Козголоң» гезити, 2021-жыл, 15-январь).

Яман уламаларынын уюму Ислам негизиндеги акча айырбаштоо мамилесин адамдарга көрсөтүп берүү үчүн исламий банк түзгөн болсо да, бирок, бул уюм Али Салих доорунда да, алты жылдык Хусийлердин доорунда да Ислам негизинде акча айырбаштоо жолун жашырып келди. Уюмдагы ар бир киши эгер Аллахтын буйруктарына моюн сунуп тообо кылбаса, мамиледе Аллахка жана Расулуна каршы согушууга негизделген капиталисттик экономиканын өкүмдарлыгына да сүкүт сактайт. Акыйкатта болсо, бул капитализмдеги финансылык мамилелер динди турмуштан бөлүүгө, кирешени аклий багыттоочу кылып алууга негизделген. Мындай мамиле боюнча Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фондунун Яман экономикасындагы өкүмдарлыгы улана берет! Жергиликтүү банктардагы риба (сүткордук) негизиндеги мамилелер да токтобойт! Алтын камсыздоосу жок жергиликтүү милдеттүү кагаз акчалардын жүгүртүүсү токтобойт! Мамлекет болсо, нефтини уурдоону уланта берет! Негизи, нефть мамлекеттин мүлкү эмес, умумий мүлк болуп, аны сатуу өзү ээ болбогон нерсени сатуу болуп эсептелет.

Яман уламаларынын уюму борбордук жана башка жергиликтүү банктардын риба келишимдерине чекит коюуга умтулуп жаткан Яман жана башка жайдан болгон кишилердин үмүтүн жокко чыгарды. Уюм бүгүн банктын иш-аракетин күзөтүү жана аны шариятка байлоо даражасына жетти. О.э. банк системасы туура жолго жетектейт жана караңгылык каптаган дүйнөдө жакшылык нурун чачат дегенге чейин барды. Кантип эле, банк системасы ушундай болсун?

Эмне үчүн Яман уламаларынын уюму башкаруу, экономика, эл аралык мамилелер жана башка турмуштук иштерде Аллах түшүрбөгөн өкүмдөр менен өкүм жүргүзүп жаткан кишилерге унчукпай жатышат. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда, алар фасыктар»          [5:47]

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ فَأُولَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾

«Кимде-ким Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, анда, алар залимдер»         [5:45]

﴿وَمَنْ لَمْ يَحْكُمْ بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ﴾

«Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер»            [5:44]

Алар залим кимселерге моюн сунушууда. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمُ النَّارُ﴾

«Зулумдук жолун карманган адамдарга берилип кетпегиле. Антпесе, силерге тозок оту жетет»                                                                                                                      [11:113]

Булар Яман уламалар уюму жөнүндөгү сөздөр болду. Ал эми, өкмөт жөнүндө айта турган болсок, премьер-министр семинарга келип, банк системасынын бир бөлүгүн исламдаштыруу процессине катышууда. Ушул эле күнү анын орун басары Хусайн Макбулий жана социалдык иштер министри Убайд Салим ибн Забиъ Дүйнөлүк Банк жана ЮНИСЕФ сыяктуу капиталисттик уюмдар тарабынан каржыланган өзгөчө кырдаалда акча которуунун төлөмдөрү долбооруна катышты. Же алар Аллах Тааланын ушул сөзүн билишпейби:

﴿ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا إِنَّمَا الْبَيْعُ مِثْلُ الرِّبَا وَأَحَلَّ اللَّهُ الْبَيْعَ وَحَرَّمَ الرِّبَا﴾

«Буга себеп алардын: «Байъ (соода-сатык) да сүткордуктун өзү го?», дегендиктери. Акыйкатта болсо, Аллах сооданы адал, сүткордукту арам кылган»                           [2:275]

Пайгамбарыбыз ﷺга болгон сүйүү кайда калды? Ал ﷺ айтат:

«وَرِبَا الْجَاهِلِيَّةِ مَوْضُوعٌ، وَأَوَّلُ رِبًا أَضَعُ رِبَانَا رِبَا عَبَّاسِ بْنِ عَبْدِ الْمُطَّلِبِ، فَإِنَّهُ مَوْضُوعٌ كُلُّهُ»

«Жахилият доорундагы риба четке кагылат, мен эң биринчи четке кага турган риба – Аббас ибн Абдулмутталиб рибасы. Себеби, рибанын баары четке кагылат». Же Расулуллах ﷺга болгон сүйүү бир жылда бир жолу гана болобу?

Албетте, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык Яман калкын Ислам менен башкарып, Исламдагы экономика түзүмүн колдонот о.э. капиталисттик экономика түзүмүнө чекит коёт. Ооба ушундай, таң атышына жакын калды. Расулуллах ﷺ айтат:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». Имам Ахмад Нуман ибн Баширден риваят кылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here