Өкмөт кытай жарандарынын коопсуздугун камсыздоону күчөтөт

306
0

Өкмөт кытай жарандарынын коопсуздугун камсыздоону күчөтөт

Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында иштеген кытай жарандарынын жана ишканаларынын коопсуздугун камсыз кылууну күчөтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-февралда кытай элчиси Ду Дэвен менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыктары менчик укуктарын коргоого, ишканаларды негизсиз текшерүүнү токтотууга, инвесторлордун ишенимин арттырууга жана алар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп берүүгө багытталган.

Элчи өз кезегинде Кытай COVID-19га каршы вакцинаны биринчилерден болуп Кыргызстанга бекер берүүгө ниеттенип жатканын, кыргыз-кытай чек арасындагы “Эркеч-Там” жана “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринин ишин жакшыртуу иштери жасалганын, Кыргызстанда Кытайдын жогорку окуу жайларынын өкүлчүлүктөрүн ачуу пландалып жатканын айтты.

         Жаңы өкмөт дагы мурункулардын салтын улай колонизатор мамлекеттердин этегин кармоого шашылууда. Кытайдын экономикалык кубаты жана өлкөдөгү таасири бул ишти тездетип жатат. Түпкүлүгүндө, Кытай Кыргызстанды, а түгүл Орто Азияны өзүнүн кеңейген чек арасы катары эсептейт. Берилген карыздар, инвестиция жана жардамдар ушул саясаттын негизинде жүргүзүлөт. Анын айрым белгилери Тажикстандын мисалындай, жерин Кытайга алдыруу менен көрүнүп жатат. Бул өлкө алган карыздарынын акысына Кытайга 1,1 миң чарчы километр берген. Мындай көрүнүш бизде да кайталануусу толук мүмкүн. Анткени, Кыргызстандын 5 миллиард долларга жакын карызынын 2 миллирд долларга жакыны Кытайга тиешелүү. Кытай бул карыз үчүн жерлерибизди же кен байлыктарыбызды айырбаштап алууга кызыктар. Кытай муну менен эле чектелбей, инвестиция шылтоосу менен өзүнүн компанияларын өлкөгө жаюуда. Алардын кирип келишине Кытайдан алынган карыздардагы талап-келишимдер шарт жаратууда. Мисалы, Кытай кайсы бир жол тилкесин оңдоо үчүн же кайсы бир долбоорду ишке ашыруу үчүн бизге карыз берет. Аны кайра эле Кытай компаниялары тендерден утуп чыкты болуп ишке ашырат. Натыйжада Кытай берген карыздардын дээрлик баары өзүнүн компанияларына эле түз которулуп кетет. Буга ЖЭБдин оңдолушу, Датка-Кемин көмөк чордону ачык мисал боло алат.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан Кытайдын келечектеги Шинжаңына айланбашы үчүн азыртан аракет кылуу керек. Ал үчүн Кытайдын экономикалык, сакафий, саясий баскынчылыгына каршы туруубуз шарт. Ошондой эле алысты көрө албаган өкмөттүн аракеттерине абай көз салып, кылмыштуу аракеттерин коомдук пикир аркылуу токтотуп калуу зарыл. Муну менен эле чектелбей, Кытайдын баскынчылыгынан чыныгы коргоочу Исламий мамекетти тикелөөгө, бул жолдо коомду даярдоого тынымсыз аракет кылуу шарт.  Ошондо гана 751-жылы Таластагы салгылаштан кийинки абалдай, Кытай өзү ийинине жашырынууга мажбур болот.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here