بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ирандын Шам тогутуна жардам берүү үчүн Сирияга кириши жүз миңдеген шахиддерге себеп болду
«RT» веб-сайты хижрий 1442-жылы 26-жумадулаввал, миладий 2021-жылы 10-январь күнү жарыялаган кабарда ушулар баса белгиленген:
««Ирандын Сирияга аралашуусу 500 миң адамдын өлүмүнө себеп болду», – деди Ирандын каза болгон президенти Али Акбар Рафсанжанийдин кызы Фаиза Рафсанжаний. Фаиза Рафсанжаний атасы Сирияга аралашууга каршы чыкканын баса белгиледи.
Фаиза айымдын сөздөрүнө ылайык, анын атасы президенттик кызматтан соң амалий маслахат кеңешинин төрагасы болуп иштеп жатканда Ирандын Сириядагы согушка аралашуусуна каршы чыккан. Сириядагы кризис башталганда атасы каршылыгын Куддус ыңкылап гвардиясынын мурунку командачысы Касим Сулайманиге жеткирген.
Фаиза «Инсаф Ньюс» веб-сайтына ушуларды айтты: «Сулайманий Сирияга кетерден мурун атам менен кеңешти жана атам ал жакка барбоого чакырды».
Фаиза айтат: «Сулайманийдин өлтүрүлгөнү эскерилип жатат, эч бир киши анын кылмыштарын айтканын уккан жокпуз. Бирок, менин атам зирек жана алысты көргөн инсан эле. Сулайманийге насаат кылып, Сирияга барбоого чакырды жана ал чындык болуп чыкты».
Парламенттин мурунку төрагасы Фаиза айым: «Сулайманийдин иш-аракети жана биздин каршылык кыймылына карата саясатыбыз кандай акыбетке алып келди, экономика, эркиндиктер жана тышкы саясат жаатында бизге эмне берди?!», – деп суроо салды, кийин: «Каршылык кыймылы деген саясатыбыз бизге сыймыктанууга арзыгыдай эч нерсе алып келбеди!», – деп кошумчалады.
Фаиза Рафсанжаний Ирандын региондогу саясатын сындап: «Бул саясат досторубузду жоготуубузга алып келди, натыйжада, тышкы саясатыбыз ички саясатыбызга айланды… Мындан улам, башында колдочулар сындоочуларга, кийин сындоочулар атаандаштарга айланып калышты», – деди.
Роя гезити, №322, 2021–жыл, 20–январь.