Фалестин режими күкүмдөрдү үмүт кылып колонизаторлордун астанасында тилемчилик кылып жатканда, яхуд вужуду алардын Батыш Жээктеги калган жерлерин ээлеп алууда!

312
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин режими күкүмдөрдү үмүт кылып колонизаторлордун астанасында тилемчилик кылып жатканда, яхуд вужуду алардын Батыш Жээктеги калган жерлерин ээлеп алууда!

Яхудий вужуду Батыш Жээкте 800 турак-жай куруу жөнүндө буйрук чыгарды. Аны менен катар, Каирде Фалестин режиминин алкыштоосу менен Франция-Германия-Мисир-Иордания тышкы иштер министрлеринин катышуусунда Фалестин режими менен яхудий вужуду ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн төрт тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Ушул окуяга карата Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:

«Яхудий вужуду Батыш Жээктеги башка жерлерди да, каргашалуу Осло келишиминде Фалестин калкынын демографиялык кеңейишине тыюу салынган «SI» райондорун ээлеп баштаганда, Фалестин режими бул келишимди бекем аткарып жатканына, ал жерлерди баскынчылардын кеңейиши үчүн бошотуп бергенине күбө болуп жатабыз. О.э. режим «эки мамлекет» чечимин ишке ашыруу үчүн ар бир жолугушууда жана жыйындарда жалынып жатканын да көрүүдөбүз. Каирдеги төрт тараптуу жолугушуу да ошол аракеттердин кезектегиси. Эгер Фалестин Азаттык уюму жана анын каргашалуу келишими болбогондо, яхудий вужуду да мынчалык кеңейбеген болоор эле. Бул келишимдин кылмыштуу сырлары реалдуулукта көрүнгөн чындыкка айланды. Бул уюмду жаңы шайлоолор жана каршылык ураанын көтөрүп чыккан фракциялардын коалициялары аркылуу кайра тикелөө эмес, тескерисинче аны бүтүндөй четке кагуу керек. Фалестин эли Ислам Умматы Аллахтын алдындагы милдетин аткарып, яхудий вужудун түп-тамыры менен жок кылууга жана мубарек жерди яхудийлердин жырткычтыгынан куткарууга армияларды аракетке келтириши үчүн Ислам Умматын бутка турууга чакырышы керек».

 

Роя гезити, №323, 2021-жыл, 27-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here