بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Бира шаарындагы демонстрация
Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири Махмуд Ханийди азат кылууну талап кылып, анын туугандары Хизб мүчөлөрү менен биргеликте Бирадагы полиция участкасы алдында жума күнү демонстрация өткөрүштү. Рамаллах соту Ханийди бошотуу жөнүндө токтом чыгарганына карабастан, полиция токтомду четке кагып, аны дагы эле камакта кармап турат. Полиция Махмуд Ханийдин туугандарын коркутуп, басым өткөрүп, демонстрацияны токтотушпаса, Махмуд Ханийди коопсуздук кызматына өткөрөрүн айтып опузалаганга чейин барды.
Полиция соттун Махмуд Ханийди азат кылуу жөнүндөгү токтомун этибарга албастан, аны камакта кармоону улантууда. Бул окуя режим жана анын коопсуздук кызматтары эч качан адамдарды адам катары көрбөгөнүн тастыктайт. Эгер маселе Исламга жана Ислам даъватын жеткирип жаткан адамдарга тиешелүү болсо, алар өзүнүн мыйзамдарын да, ал тургай, соттун токтомдорун да тебелеп-тепсей беришет.
Роя гезити, №323, 2021-жыл, 27-январь.