بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Америка Фалестин маселесинде мурунку администрациянын саясатын улантат
АКШнын жаңы мамлекет катчысы Энтони Блинкен президент Байден Фалестин менен (израиль) жаңжалын чечүүнүн жалгыз жолу «эки мамлекет» чечими деп эсептерин, бирок, бул чечимди жакын арада ишке ашыруу мүмкүндүгүнө күмөн менен карап жатканын маалымдады. Блинкен яхудийлер менен фалестиндиктерди бул процессти татаалданта турган кадамдардан оолак болууга чакырды. Катчы Байдендин администрациясы мурунку президент Трамптын «Куддусту (израилдин) борбору деп моюнга алуу жана Куддуска Америка элчилигин көчүрүү жөнүндөгү» токтомдорун жокко чыгарбастыгын баса белгиледи. Бул билдирүүлөр Сенат тарабынан Блинкендин мамлекет катчылык кызматына дайындалышын макулдоо боюнча өткөн жыйында айтылды.
Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин жериндеги маалымат бөлүмү өз сайтында буга карата түшүндүрмө берди:
«Блинкендин бул билдирүүлөрүнүн артында өтө көп саясий чындыктар турат. Алардын бири – АКШ президентинин өзгөрүшү же жаңы администрациянын түзүлүшү менен мусулмандарга жана Фалестин калкына карата душмандыктын өзгөрбөгөнү. Америкадагы ар бир администрация мурунку администрациянын мусулмандар жана Фалестин маселесиндеги жетишкендиктерин коргойт. Алардын саясатындагы негизги маңыз – яхудий вужудунун коопсуздугун АКШ кызыкчылыктарын сактап кала турган жана ага кызмат кыла турган таризде коргоо. Блинкендин билдирүүлөрүндө АКШ администрациясынын өзгөрүшү же Трамптын кетиши Фалестин маселесин куткарат деп ишенип жаткан кимселер үчүн анык жооп берилди. Блинкендин айтымында, демек, Байден администрациясы Трамп яхудийлерге тартуулаган белектерди мындан кийин да коргоп, «эки мамлекет» чечимине каршы тоскоолдуктарды жоюуга аракет кылат. Табигый болгондой, мындай саясат Фалестин эли, арабдар жана мусулмандар үчүн кырсык болот. Ал эми, яхудий вужуду Фалестин жеринде кеңейип, бекемделе берет, зордоп саясат өткөрүүнү улантат.
Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү биринчи мамлекет өзүнүн ички абалын тартиптештирүү менен алек болуп калганын, Фалестин маселесин чече албай жатканын көрүп турган Ислам Умматы эбак эле Халифалык мамлекетин тикелеп, өз салтанатын кайра колго алуусунун убагы келди. Мына ошондо гана, Уммат өз проблемаларын өзү чече алат, тышкы саясатты шаръий өкүмдөргө ылайык жүргүзө алат жана Фалестинди азат кылып, аны кайра мусулман өлкөлөрүнүн алтын таажысына айланта алат.
Роя гезити, №323, 2021-жыл, 27-январь.