بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Кресттүү Россия режими Керчь көпүрөсүндө 120 активистти камакка алды
Араб тилиндеги «Украина Арабия» веб-сайтында хижрий 1442-жылы 2-жумадуссаний, миладий 2021-жылы 15-январь күнү жарыяланган кабарда мындай делет:
«АКШнын Украинадагы элчилиги Керчь көпүрөсүндө 120 Крым татар активисттери колго алынганын каралады. Активисттер Хизб-ут-Тахрир иши боюнча сот жыйынына бара жатышкан.
АКШ элчилиги Твиттердеги баракчасында Крымдагы Россиянын баскынчы режими тарабынан жасалган кысымдарга жана камакка алуу амалияттарына тынчсыздануу билдирген.
«Биз өз мекендештеринин мыйзамсыз камакка алынганына нааразылык билдиргени үчүн 120 Крым татарларынын Россия режими тарабынан куугунтукталып, камакка алынганына тынчсызданабыз. Биз Украина полициясы бул мыйзамсыз камакка алуулар жөнүндө тергөө өткөрүшүн колдойбуз», – деп баса белгиледи АКШ элчилиги.
Россия режими 2021-жылы 11-январда 120 Крым татарларын камакка алды. Алар Белогорсктогу «Хизб-ут-Тахрир иши» боюнча сот жыйынына катышуу үчүн Ростов-на-Донуга бара жатышкан.
Баса белгилөө зарыл, Украинадагы Европа мамлекеттеринин элчилери Россияны «Хизб-ут-Тахрир иши» боюнча соттолгондорду азат кылууга чакырган».
Роя:
Албетте, АКШ менен Европа Исламга жана Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнө жан тартышканы үчүн Россиянын бул кылмышын каралашкан жок. Алар бул кылмышты каралоодон эмнени көздөп жатышканына карабастан, бул кабар кресттүү Россия Ислам жана мусулмандарды канчалык жек көрүшүн жана Ислам Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде кайра колдонулушун алдын алууга урунуп жатканын дагы бир жолу ырастоодо. Ошондуктан, Россия Хизб-ут-Тахрирди куугунтуктап, террористтик уюм деп эсептеп келүүдө. Хизб мүчөлөрүн камакка алып, кыйноолорго салууда, көптөгөн жылдарга эркинен ажыратууда. Ушулардан кийин да бул кылмышкер Россиянын этегин кармагандар – өзгөчө, Фалестиндеги исламий кыймылдар арасында – андан адилеттик күткөндөр барбы?!
Роя гезити, №322, 2021-жыл, 20-январь.