Ислам энергия булактарын умумий мүлккө өткөрүүнү важиб кылган. Умумий мүлктү менчиктештирүү элдин укугун тебелеп, кызыкчылыктарына кооп-коркунуч туудурат

455
0

Басма сөз баянаты

Ислам энергия булактарын умумий мүлккө өткөрүүнү важиб кылган.

Умумий мүлктү менчиктештирүү элдин укугун тебелеп, кызыкчылыктарына кооп-коркунуч туудурат

Бажва-Имран режиминин «реформа» саясаты нефть продукцияларынын баасы акыркы айда үч эсеге т.а. он рупияга кымбатташына алып келди. Адамдар 2020-жылдын сентябрынан бери бир айда эки ирет «жарылуучу бомбага» (нефть баасынын көтөрүлүшүнө) туш болушууда. Бул болсо, өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын баасы кымбатташынан тышкары азык-түлүк продукцияларынын бааларынын да кымбатташына себеп болду. Экспорт товарларыбыз эл аралык атаандаштыгын жоготту. Өкмөт бир нече ай ичинде электр энергиясынын баасын 3,30 рупияга кымбаттатмакчы. Адамдар, дыйкандар, соодагерлер жана жумушчулар абдан кыйналды. Эл аралык Валюта Фонду болсо, өз программасы боюнча иштерди кайра жолго койгондон кийин күйүүчү майдын жана электр энергиясынын бааларын кымбаттатууну талап кылууда.

Албетте, энергетика тармагын менчиктештирүүнү актоо үчүн оболу мамлекет энергетика тармактарын атайылап туура эмес башкарууга салат. Натыйжада, суютулган газ секторунда болгондой, энергетика да менчиктештирилет. Ошондуктан, энергетика секторундагы бузгунчу башкаруу нефть, газ, суютулган газ, суютулган нефть газы жана электр энергиясы сыяктуу чийки сырьёлордун ууру капиталисттерден турган мафияга – бул мафия адамдардын эсебинен үлкөн кирешелерге ээ болушу үчүн – менчиктештирип берүүнү актайбы? Мамлекет адамдарга туура келген баада энергия менен камсыздашы зарыл эмеспи? Жалгыз өлчөө материалдык кирешеден гана турган о.э. эч кандай инсаний кыйматтарга этибар берилбеген капиталисттик демократиянын көлөкөсүндөгү менчик секторго энергетика секторун кантип тапшыруу мүмкүн? Демократия эл бийлиги деген түшүнүк аркылуу ири капиталисттерге көзөмөлдөө эшиктерин ачып берет. Алардын мыйзамчылык жана саясат иштерине толук өкүмдарлык кылууларын айтпаса да болот. Демократияда режим элитанын колунда болот. Адамдардын укуктары болсо, бүгүн бүткүл дүйнөдө болуп жаткандай бир ууч капиталисттердин колунда туткунда болот. Ушундай абалда нефть, энергия, жана суютулган нефть газы продукцияларын умумий мүлк деген этибарда мамлекеттин көзөмөлөнү өткөрүү, кандай киреше болушуна карабастан, мүмкүн болушунча төмөн бааларда сатуу, өндүрүштөгү каражаттарды азайтуу жана инфляцияны төмөндөтүү зарыл эмеспи?!

Ислам нефть продукцияларын жана электр энергиясын умумий мүлккө өткөрүүнү важиб кылган. Бул болсо, эч бир адам, же компания, же мамлекет аларга ээлик кылышы мүмкүн эмес дегени. Ошондуктан, алардын чыныгы жана мыйзамдуу ээлери – адамдар, мамлекет болсо элдин атынан аларды башкарат. Расулуллах ﷺ айтат:

«الْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ:‏‏‏‏ فِي الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ»

«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, отто, чөптө». Ибн Мажжа риваяты. Капиталисттик демократияда Исламдын бул өкүмүн колдонуп болбойт. Себеби, демократияда мүлк эркиндиги жүйө кылынып умумий мүлк менчиктештирилет. Исламдын бул өкүмүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык көлөкөсүндө гана колдонуу мүмкүн. Халифалык гана Куръан жана Сүннөт менен өкүм жүргүзөт. Эй мусулмандар, жакындашып келе жаткан Ражаб айында т.а. Халифалыктын кулатылганынын жүз жылдыгында Халифалыкты тикелегиле!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here