بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Марокко премьер министри «Яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууну Фалестинден баш тартуу эмес» деп эсептейт
«Анадолу» маалымат агенттигинин веб-сайтында хижрий 1442-жылы 22-жумадулаввал, миладий 2021-жылы 6-январь күнү жарыяланган кабарда мындай делет:
«Марокко премьер-министри, «Адилет жан Өнүгүү» партиясынын башкы катчысы Саъдуддин Усманий Фалестин маселесинде анын партиясынын позициясы өзгөрбөгөнүн билдирди.
Ал муну – Анадолу кабарчысынын айтымында – шаршемби күнү өлкөнүн түштүгүндөгү Агадир шаарында партиянын мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында айтты.
Ал баса белгилешинче, (израиль) менен мамилелерди нормалдаштыруу туурасындагы келишимге кол коюуну өз милдети деп билет.
«Партиямдын позициясы өзгөргөн жок. Биз «Батыш Сахара вилаяты жана Фалестинден» турган эки маселеде соодалашууну каалабайбыз», – деди ал.
Саъдуддин Усманий: «АКШнын Батыш Сахараны Марокконун аймагы деп моюнга алышы стратегиялык өзгөрүү болуп, көпчүлүк бул канчалык маанилүү экенин түшүнбөй жатат. Марокко оппозициячылдары бул токтом алар үчүн кандай кооптуу экенин түшүнүшүүдө. Ушул себептен улам буга таң калышты», – деди».
Роя:
Марокко премьер министри Саъдуддин Усманийдин пикирине ылайык, Фалестинди басып алган яхудий вужудун моюнга алуу, аны менен мамилелерди нормалдаштыруу о.э. ушул жерди жана ал жердеги Аксаны азат кылуудан баш тартуу Фалестинден баш таруу деп эсептелбейт имиш! Анда, баш тартуу – анын назарында – эмне, деги, ал Ихванул Муслиминдин бир бөлүгү болгон «Адилет жана Өнүгүү» партиясына жетекчи го?! Баса белгилеп кетсек, ал Фалестинден баш тартпадым деп өз партиясынын мүчөлөрүнө жалган сүйлөп жатат. Түпкүлүгүндө, ал «АКШ Батыш Сахараны Марокконун аймагы деп моюнга алышы стратегиялык өзгөрүү, көпчүлүк бул канчалык маанилүү экенин билбей жатат» деп Фалестин үстүндө соодалашып, Фалестинди Батыш Сахарага алмашты. Ал кожоюну – Марокко королу менен бирге Фалестинден баш тартуу үстүндө соодалашууда. Саъдуддин Усманий ушул сөзү менен Батышты жана яхудийлерди дос туткан королунун малайына айланды: «Биз өзүбүзгө каршы чабуулдарды, партиябыздин ниеттери айыпталышын о.э. позициясы күмөнгө алынышын бүтүндөй четке кагабыз». Иш-аракеттер ачык-айкын көрүнүп турган соң, ниеттердин эмне тиешеси бар?! Бул биринчиден, экинчиден, күмөн жарата турган позиция кандай болот, деги, бул яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу позициясы эмеспи?!
Роя гезити, №321, 2021-жыл, 13-январь.