Диларом Ташмухамедова: Ташкент облусунда жашы жете элек кыздардын кош бойлуу болуп калышы эки эсеге көбөйдү

301
0

Диларом Ташмухамедова: Ташкент облусунда жашы жете элек кыздардын кош бойлуу болуп калышы эки эсеге көбөйдү

 Ташкент облусунда жашы жете элек кыздардын боюнда болуп калышы акыркы эки жылдын ичинде эки эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Өзбекстан парламентиндеги Жаштар, маданият жана спорт иштери боюнча комитеттин төрагасынын орунбасары Диларом Ташмухамедова билдирди.

 Диларом Ташмухамедова: “Жаштарыбыздын, айрыкча, өспүрүмдөрдүн өзүнүн саламаттыгы боюнча билими жетишсиздиги белгилүү бир проблемаларды келтирип чыгарууда. Мунун натыйжасында бир катар терс көрүнүштөр жүз берүүдө. Мисалы, Ташкент облусунда эрте төрөттүн көрсөткүчү өсүп жаткандыгы, айрым облустарда жашы жете элек кыздардын арасында аборт кылдыруу көбөйүп жатканы өтө аянычтуу абал”, – деди.

Сенатордун айтымында, Ташкент облусунда 2019-жылы 15–16 жаштагы кыздардын төрөп коюусу эки эсеге көбөйгөн.

 Комментарий: Буга чейин Термиз мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалап, 2021-жылдын 14-январынан баштап жогорку жана атайын орто билим берүү министри болуп дайындалган Абдукодир Ташкулов 2019-2020-окуу жылына арналган жыйында: “Биз 100 жылдан бери жогорку билимден да, таалимден да Исламды сууруп алдык. Ислам маънавиятын сууруп алдык. Арам менен адалга ажыратууну, туура жашоону сууруп алдык. Биз жаштарга Гётени үйрөттүк. Бирок, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) дан хадис келтирүүдөн корктук”, – деген эле.

Ооба, коммунисттик режим 70 жылдан ашуун убакыт Борбор Азия республикларындагы, анын ичинде, Өзбекстандагы мусулмандарды Аллахка ибадат кылуудан тосуп келди. Билим берүү программасын “Дарвин теориясы” негизинде түзүп, өсүп келе жаткан жаш муунга “адам маймылдан жаралган” деген теорияны сиңирип келди. Бул теория бүгүнкү күнгө чейин билим берүү программасынан алына элек.

 Өзбекстан “эгемендүү” болгон соң, коммунисттердин тарбиясын алган Каримов доорунда Ислам динине каршы күрөш жаңы баскычка көтөрүлдү. Каримов табиятындагы коркоктугу себептүү өз бийлигине коркунуч туудурушу мүмкүн болгон бардык пикир жана түшүнүктөргө каршы олуттуу күрөштү. Ал айрыкча Ислам динине болгон душмандыгы себептүү Исламды “террорчулук дини”, ал эми мусулмандарды “экстремист” жана “террорист” кылып көрсөтүп, Ислам жана анын баалуулуктарын коомдон четтетүүгө олуттуу киришти. Алгач, “ваххабийлик” шылтоосу менен Өзбекстандагы белгилүү аалымдарды жана мусулмандарды куугунтуктап, жасалма айыптар менен камакка алды. Алардын айрымдарын жок кылып жиберди. Кийинчерээк, 1999-жылы 16-февраль окуясын уюштуруп, Ислам жана мусулмандарга каршы массалык күрөшүн баштады. Эркектердин сакалына, ак топусуна жана аялдардын хижабына каршы күрөш башталды. Кийинчерээк, “Нурчулар”га каршы “күрөш алып барды”. 2005-жылдын 13-майында “Акрамийлер” шылтоосу менен карапайым калкты кыргын кылды. Мектеп жана колледж окуучуларынын мечиттерге киришине о.э. алардын диний билим алышына чек коюлду. ЖМКлар аркылуу “мыйзамсыз диний билим” берип жаткандар жаманатты кылынды (бул көрүнүш бүгүнкү күнгө чейин уланып келет). Натыйжада Ислам дининен кабары жок, адал-арамды ажырата албай турган жаңы муун жетилип чыкты. Бул муундун тарбиячысы ар түрдүү бузуку сериалдар болду…

 Элибизде “Эмнени эксең, ошону оросун” деген макал бар. 30 жыл бою жаштарга бузук тарбия берип, эми алардан уяттуулукту жана жакшы иштерди күтүү акылсыздык эмеспи? Биз жаштардан жакшылык үмүттөнүшүбүз үчүн аларды Ислам таалими негизинде тарбиялашыбыз, Аллах бар экендигин түшүндүрүп, адал-арамды, бейиш-тозокту таанытышыбыз керек. Мына ошондо гана алар өздөрүн жараткан жана көзөмөлдөп турган Зат бар экендигине ыйман келтиришип, коомдо бузукулук жоюлат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here