بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Фалестин режиминин жана анын коопсуздук кызматынын зомбулугуна каршы нааразылыктар
Бейшемби күнү Рамаллах районундагы Дайри Абу Машъал айылынын эли Фалестин коопсуздук кызматына – бул кызмат яхудий күчтөрү менен биргеликте айылдагы жигиттердин бирин жума намазын окуган деген айып менен камакка алганы үчүн – каршы чыкты. Режимдин Исламга каршы күрөшүп жатканына, коронавируска каршы күрөшүүнү шылтоолоп жума жана жамаат намаздарына тыюу салып, адамдарга басып өткөрүп жатканынан ансыз да тажаган айыл калкы ушул камакка алууга катуу ачууланды.
О.э. коопсуздук кызматы айылда таквадарлыгы жана адеп-ахлагы менен таанылган таасирдүү имам-хатибдердин бири болгон Хизб-ут-Тахрир мүчөсүн камакка алуу үчүн баскынчылар менен биргеликте көптөгөн аскерлер менен келгендиги калкты бутка тургузду. Алар калкка каршы тынымсыз күч колдонушту. Ал тургай, жигитти камакка алуу үчүн келген коопсуздук күчтөрүнүн жетекчилеринин бири: «аны өлтүрүп салышым да мүмкүн, менде эч кандай проблема болбойт», – дегенге чейин барды. Муну менен ал калк камакка алынышына тоскоолдук кылып жаткан жигитке ишара кылды.
Баса белгилөө зарыл, коопсуздук кызматынын күчтөрү айыл калкына карата каракчылардай мамиледе жасап, аларга көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, согуштук октор менен коркутушту… Бул болсо, калкты алардын жырткычтыгына каршылык көрсөтүүгө, унааларына таш ыргытууга жана жолду тосууга мажбур кылды.
Бул окуя Фалестин режими адамдарды канчалык даражада ачуулантканын көрсөтүп турат. Себеби, адамдар режим Исламга жана анын ырасымдарына каршы күрөшүп жатканын, адамдардын өмүрүн, ибадаттарын жана кызыкчылыктарын теңсинбей жатканын, жийиркеничтүү яхудий баскынчылардын жардамында Фалестин калкына каршы зомбулук жана каракчылык кылып жатканын көрүп-билип турушат. О.э. бул окуя адамдар бул ыплас режимден, анын зомбулук кылган жырткыч чараларынан тажап, жарылуу алдында турганын көрсөтүп турат.
Роя гезити, №319, 2020-жыл, 30-декабрь.