Түштүк Африка — Европа Биримдигинин саммитиндеги максаттар

31
0

Түштүк Африка — Европа Биримдигинин саммитиндеги максаттар

Жакында Түштүк Африканын Кейптаун шаарында Европа Биримдиги менен Түштүк Африка Республикасынын ортосунда өзгөчө саммит өттү. Бул саммит “жылуу мамиледе өттү” деп мүнөздөлүп, дүйнөлүк саясий чыңалуу күчөп жаткан чакта өткөрүлдү. Бул чыңалууга АКШ президенти Дональд Трамптын Ак Үйгө кайра келишинен кийинки саясаты себеп болду. Трамп Европадан импорттолгон болот менен алюминийге 25% бажы салыгын киргизип, Европа Биримдиги менен АКШ ортосундагы соода алакаларына чыңалуу жаратты. Ошондой эле Трамптын администрациясы Түштүк Африкага да кысым көрсөтүп, маанилүү жардамдарды токтотуп, алардын саясатындагы АКШга каршы көз караштарга байланыштуу санкцияларды салуу менен коркутту.

Саммиттин ачылышында Түштүк Африканын президенти Сирил Рамафоса мындай деди: “Бул саммит дүйнө жүзүндө белгисиздик күчөп, бир тараптуу чечимдер менен улуттук экономика үстөмдүк кылып турган мезгилде өтүп жатат”. Ал эми Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта “дүйнөлүк тартип протекционизмден улам улам күчөп жаткан кыйынчылыктарга дуушар болууда” деп билдирди. Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен болсо жаңы дүйнөлүк тартипти “каршылыктар жана катаал атаандаштык доору” деп мүнөздөп, Түштүк Африкага жашыл энергетика жана вакцина өндүрүшүн колдоо үчүн 5,1 миллиард долларлык инвестициялык план жарыялады. Ошондой эле, ал Түштүк Африка Республикасы менен жаңы соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөр башталганын маалымдады.

Кейптаунда өткөн саммит “энергетика тармагындагы адилеттүү өтүүнү камсыз кылуучу өнөктөштүк” деп аталган маселеге өзгөчө көңүл бурду. Бир европалык расмий адам: “Биздин ортобузда кызматташтыктын жогорку деңгээли буга чейин эле бар болчу, бирок биз мындан да терең кадамдарды жасоону каалайбыз. Бул саммит стратегиялык мүнөздөгү кеңири кызматташтыкка чоң түрткү берет”, — деп билдирди. Ал дагы мындай деди: “Европа Биримдиги азыркы АКШ администрациясы калтырган чоң боштукту толук толтура албайт, бирок биз кырдаалды талдап чыгабыз жана Түштүк Африка менен, башка өнөктөштөр менен жасагандай эле, бекем өнөктөштүктү кантип өркүндөтө алаарыбыз тууралуу диалог жүргүзөбүз”.

Саммит баштапкы этапта эле эки тараптын ортосунда кеңири экономикалык жана стратегиялык кызматташтык боюнча жыйынтыктарга жетише алды. Бул өзгөчө Трамптын администрациясы алып барган саясаттардын шартында маанилүү болду. Анткени бул саясатта глобалдык кызматташуу эмес, тескерисинче, бир тараптуу чечимдер жана протекционизм үстөмдүк кылууда. Европа Комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта саммитте Түштүк Африка президенти Рамафосамен эл аралык кызматташтыкты чыңдоо зарылдыгын талкуулашты.

Фон дер Ляйен өз сөзүндө Европанын Түштүк Африка менен соода мамилелерин тереңдетүүгө кызыкдар экенин баса белгилеп, бул өлкө “Сахаранын түштүгүндөгү Африкада” Европа Биримдигинин эң ири соода өнөктөшү экенин эске салды. Ал: “Биз камсыздоо чынжырларын бекемдеп, ар тараптуу кылууну каалайбыз, бирок муну силер менен өнөктөштүктө жасоону көздөйбүз” деп, бул мамиленин жаңы баскычы башталганын белгиледи. Ошондой эле Түштүк Африкага “ишенимдүү өнөктөш” катары баа берип, “эки тарап тең туруктуулукка, келечекке жана ишенимдүүлүккө жогорку баа берет”, – деди.

Ачык-айкын көрүнүп тургандай, бул күндөрү Европа Биримдиги менен Түштүк Африканы бириктирген нерсе: экөө тең Трамптын администрациясы тарабынан кысымга алынгандыгы. Түштүк Африка АКШнын каржылык жардамынан ажыратылып, Трамп аны ак түстөгү отурукташуучуларга каршы чыккан деп айыптаган. Ошондой эле Түштүк Африканын Кыянатчы яхудий түзүмүнө каршы эл аралык сотко “геноцид” боюнча арыз бергенин да күнөөлөгөн.

АКШ өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн таза энергияга өтүүсүн колдоо максатында түзүлгөн климаттык каржылоо келишиминен чыгарын жарыялаган. Бул келишимден эң чоң пайда алып жаткан өлкөлөрдүн бири Түштүк Африка болчу. Эми ал АКШ берген каржылык колдоодон толук ажырады.

Түштүк Африка — Европанын Африка түштүгүндөгү эң ири соода өнөктөшү болуп саналат. 2023-жылы эки тараптын ортосундагы соода жүгүртүү 53 миллиард долларды түзгөн. Ошондой эле Европа Биримдиги Түштүк Африкага эң көп түз инвестиция салган тарап болуп, өлкөдөгү чет элдик инвестициялардын 47%ын түзөт.

Түштүк Африка Африканын түштүк бөлүгүндөгү маанилүү аймактык мамлекет болуп саналат жана тарыхый-саясий жактан Британиянын таасиринде. Бул өлкөнүн Европа Биримдиги менен макулдашууга баруусу да, чоң ыктымалдуулук менен, Британиянын түз же кыйыр дипломатиялык кадамы аркылуу болгон. Бул Британия тарабынан Европанын күчүн Америкага каршы бириктирүү аракети болушу мүмкүн.

Ошентип, бул Европа-Түштүк Африка саммити ачык эле Америка менен Европанын ортосундагы кагылышуунун бир формасын чагылдырат. Бул саммит, соода согушу менен катар жүрүп жаткан дипломатиялык тирешүүнү да көрсөтөт жана Атлантика океанынын эки жээгиндеги мамлекеттердин ортосундагы ажырымды ого бетер тереңдетүүдө.

Трамптын администрациясы дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен, өзгөчө Европада, экономикалык согуштарды токтотпой турганы айкын болууда. Мунун жыйынтыгы болсо АКШнын алсырашына, дүйнөлүк лидерлигин жоготуп, ордуна жаңы саясий күчтөрдүн чыгуусуна шарт түзүшү мүмкүн. Мындан тышкары, бул фашисттик тажрыйбалар АКШны дүйнөлүк аренадан жоготууга чейин жеткирүү ыктымалдыгын жаратып жатат.

Бул дүйнөлүк жаңжалдардын жана тирешүүлөрдүн шартында үммөт үчүн үмүт шооласы ислам өлкөлөрүнүн борборлорунда пайда болууда. Ал Алла Тааланын уруксаты менен улуу мамлекеттин, Пайгамбарлык жолундагы экинчи Рошид Халифалыктын кайра жанданышы менен жыйынтыкталмакчы.

Абу Хамза ал-Хутвани

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here