Яхудий вужуду электрондук байланыш каражаттарын башкарууда

328
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Яхудий вужуду электрондук байланыш каражаттарын башкарууда

Ал-Ваъй журналынын веб-сайтында хижрий 1442-жыл рабиулаввал, миладий 2020-жылы декабрь айындагы 411-санында ушул кабар жарыяланды:

«Британиянын Middle East Eye сайтынын билдирүүсүнө ылайык, Google, Facebook, Twitter жана Youtube социалдык тармактары турмушубузга терс таасирин тийгизүүдө. Ал социалдык тармактарды саясий жактан бейтарап аянтча деп эсептөө акылсыздык, ошондой эле, аларды кирешелүү тармактар деп атоо дагы туура эмес. Силикон өрөөнүнүн мурункү телевидение кызматкерлери бул тармактардын айынан адамзатты аянычтуу келечек күтөрүн айтышкан. Ошондой эле, аталган сайттын билдирүүсүнө ылайык, социалдык тармактардын элдин түшүнүгү менен көз караштарын манипуляциялоодогу ордун башка мамлекеттерге караганда (израиль) эртерээк түшүнүп жеткен. Мисалга алсак, (израилди) колдогон медиа-лобби тобу 2008-жылдан бери тарыхты бурмалап, аны (израилдин) пайдасына ылайык жазуу үчүн Википедия онлайн энциклопедиясына жашыруун кирүү аракеттерин жасап келгендиги маалым болду. 2011-жылы (израиль) куралдуу күчтөрү социалдык тармактарды жаңы «согуш майданы» деп атады. 2015-жылы (израиль) тышкы иштер министрлиги интернеттеги согушка жетекчилик кылуу үчүн мурдагы аскерлерди тартуу боюнча жаңы борбор түздү. Ошондой эле, (израиль) өкмөтү социалдык тармактар менен тыгыз иштешкен бир катар шпиондук компанияларды түздү. Бул борбор медиа бизнестин ажырагыс бөлүгүнө айланган. 2017-жылы Act.IL тиркемеси ишке түшүрүлдү жана өкмөт (израилдин) чалгын кызматын аталган тиркеме менен тыгыз байланышта болуу үчүн жана «социалдык тармактардын жетекчилигине» материалдарды өчүрүп салуу талабын жөнөтүү үчүн мобилизациялады. 2016-жылы (израилдин) юстиция министрлиги «Facebook, Google жана Youtube тармактары (израилдин) материалдарды өчүрүп салуу боюнча өтүнүчтөрүнүн 95%ын аткарды» деп мактанган.

Фалестиндик уюмдардын жана (израилди) сындаган жөөт топторунун беделин түшүрүүдө атагы чыккан Анти-Диффамация Лигасы 2017-жылы Силикон өрөөнүндө «интернет аркылуу кастыкты күчөтүү» аракеттерин көзөмөлдөө үчүн «жетекчилик борборду» түзгөн. Ошол эле жылы, бул болбор (израиль) юстиция министрлиги тарабынан Youtube сайтынын (израилдеги) ишенимдүү кабарчысы деп жарыяланды. Бул болсо материалдарды өчүрүү өтүнүчү тууралуу министрликтин айткан сөзү орундуу экенин айгинелейт. Андан соң, май айында Facebookтун байкоочу кеңеши Эми Палмор Facebookтун (израилдеги) ишенимдүү кабарчысы болуп дайындалганын жарыялады. Ал болсо, (израилдин) Фалестин мусулмандарына каршы онлайн репрессия саясатынын инженерлеринин бири. 2018-жылдын башынан тартып Фалестин коомчулугунда нааразылыктар күчөп, Facebook «оккупациянын дагы бир формасы» деп айыпташты».

Роя:

Ушул шектүү тармактардын коркунучу (израилге) гана чектелип калбайт, балким, алар Исламга каршы күрөштүн эң маанилүү куралдарынан. Себеби, алар мусулмандардын аң-сезимин ээлеп алууга о.э. алардын тагдырий маселелери туурасындагы көз караштарын жана позицияларын дининен алыстатууга аракет кылат. Ушул курал коркунучуна исламий мамлекет аркылуу гана чекит коюу мүмкүн. Ал эми, азыр мусулмандар ушул куралга чекит коюу үчүн өздөрүнүн тагдырий маселелери айланасында биригиши, бул маселеде шаръий нусустарга кайрылышы, шаръий нусустарга ылайык позиция билдириши керек. О.э. жүрөктөрдү ойготкон жихадий жана кайраттуу позицияларды тирилтиши, Халифалык мамлекети мусулмандардын турмушунда т.а. өтмүштө, учурда жана келечекте кандай гана маанилүү экенин баса белгилеши керек.

﴿وَقُلِ اعْمَلُواْ فَسَيَرَى اللَّهُ عَمَلَكُمْ وَرَسُولُهُ وَالْمُؤْمِنُونَ وَسَتُرَدُّونَ إِلَى عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ﴾

«Айткын: «Амалды кылгыла, анткени, Аллах, Расулу жана момундар кылган амалыңарды көрүп турат жана жакында көмүскө жана көрүнөөнү Билүүчүгө кайтарыласыңар. Анан, Ал силерге жасаган амалдарыңардын кабарын берет»                                                      [9:105]

 

Роя гезити, №319, 2020-жыл, 30-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here