بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Тунис калкы козголоңдун онунчу жылын эскерип жатат, режим болсо каракчылык менен алек
Хизб-ут-Тахрирдин иш-аракетин көзөмөлдөп, аракетине тыюу салган көнүмүш адатына ылайык, Тунис коопсуздук кызматынын Сиди-Бузид шаарындагы адамдары 2020-жылы 17-декабрь күнү таңдан баштап, адатынча, астейдил Хизб кеңселерин тыңчылык кылышты. Жарандык кийимин кийип алып, Хизб жигиттеринин аракеттерин күзөтүштү.
Алар Хизбдин Мухаммад Ахмадий жана Сабир Жабалий деген жигиттери кеңседен чыгышканда тыңчы шериктерин кабарлашты. Өз кезегинде, бул эки жигит эч кандай негизсиз колго алынып, коопсуздук кызматына алып барылып, тергөө кылынды, кийин прокуратурага тапшырылды.
Бул окуяга карата Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:
«Каракчылык жолду карманып, Хизб-ут-Тахрир жигиттерине түрдүү айыптар жабыштыруу – полициячыл режимдин көнүмүш адатына айланды. Шек-күмөнсүз, бул анын мабдага негизделген Хизбге жана анын мафкурасына каршы күрөшүүдө алсыз жана ийгиликсиз экенин көрсөтүүдө. Ал эми, Хизб өз максатына карай бекем кадам шилтеп бара жатат. Билип койгула, бул убада жана башарат болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо максаты. Хизб күчөп жатат, жигиттеринин кайраты жана бекемдиги да күчөп барууда. Тунис режими канчалык басым кылбасын, үндөрдү басууга урунбасын, Хизб жигиттери Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн тынымсыз аракет алып барууга убада беришкен. Алар өз өмүрлөрүн сайышкан, эч ким максаттарына тоскоолдук кыла албайт.
Аларга айтоор сөзүбүз ушул: режимдин жана анын жүгүртөктөрүнүн зулумдары Кыямат күнү кайгы-өкүнүч болорун унутушпасын. Жакшысы, Роббилерине тообо кылып, Умматтын Хизб-ут-Тахрир көтөрүп чыккан долбоору тарабына өтүшсүн, Батыш долбоорлорунан жана жүгүртөктөрүнөн баш тартышсын».
Роя гезити, №318, 2020-жыл, 23-декабрь.