بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Судан өткөөл өкмөтү АКШнын кемчиликтүү токтомуна келесоолорчо кубануу менен өз ийгиликсиздигин жашырмакчы
Судандагы өткөөл өкмөт өзүнүн аскерий жана жарандык бийлиги менен АКШ мамлекет департаментинин «Суданды терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесинен чыгаруу» жөнүндөгү токтомуна – кудум Американы жеңишкендей – келесоолорчо кубанды… Ушул абалды ачыктоо максатында Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, мындай деди:
«Өткөөл өкмөт жана анын адаштыруучу маалымат каражаттарынын мындай «кубануусу» канчалык даражада кордукка жетип келгенибизди көрсөтүүдө. Себеби, өз сыйын билген мамлекеттер эч качан башка мамлекетке үмүт артышпайт жана ага моюн сунушпайт. Башка мамлекет канчалык кубатка жана мүмкүнчүлүккө ээ болсо да, анын ыраазылыгын күтпөйт же ачуусуна коркпойт. Мабдага ээ мамлекет башка мамлекет менен тең ата мамиле кылат. Бирок, биз рувайбиза акимдер жана жасалма мамлекетчелер заманында жашап жатабыз!».
Билдирүүдө ушулар кошумчаланды:
«Судан өкмөтүн келесоолорчо кубанткан АКШнын бул токтому кемчиликтүү. АКШ Конгресси Суданга келечекте соттун тыюусунан көз карандысыз болуу укугун бербеген соң, аны кара тизмеден таптакыр чыгарбайт. Ушул себептен улам, бул токтом мыйзамдуу жагынан кемчиликтүү жана жасалма токтом. Судан өкмөтү бул токтомдон турмуштук тармактардагы өзүнүн ийгиликсиздигин жашырууда пайдаланууда».
Билдирүүнүн соңунда мындай делет:
«Биз Умматты АКШнын бул токтому бейпил жашоону камсыздайт деген мындай адаштыруучу капканга түшүп калуудан эскертебиз. Себеби, Аллах Субханахунун башкаруусу тикеленмейинче бейпил жашоо болбойт. Ушул башкарууну Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекети колдонот. Ошондуктан, мындай кордуктан чыгуу үчүн баарыбыз Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышыбыз керек.
Роя гезити, №319, 2020-жыл, 30-декабрь.