Эрдаган яхудий вужуду менен мамилелерди мыктылап нормалдаштырмакчы

322
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган яхудий вужуду менен мамилелерди мыктылап нормалдаштырмакчы

«Франс 24» веб-сайты хижрий 1442-жылы 10-жумадуссаний, миладий 2020-жылы 25-декабрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:

«Жума күнү Түркия президенти Эрдаган анын мамлекети (израиль) менен мамилелерди мыктылап нормалдаштырмакчы экенин айтты, бирок, (израилдин) Фалестинге карата саясатын сындап, аны «туура эмес саясат» деп атады.

Истамбулда жума намазынан кийин Эрдаган Түркиянын (израилдеги) «жогорку кызматтагы адамдар» менен проблемасы бар экенин, эгер ушул проблемалар болбогондо аны менен «бүтүндөй башкача» алакалар болушу мүмкүндүгүн баса белгиледи. Кийин эки тарапта разведка тармагында сүйлөшүүлөр кайра жолго коюлганын кошумчалады.

«Фалестинге карата саясат – биз үчүн кызыл сызык. Бул маселеде (израиль) саясатын кабыл алуу мүмкүн эмес. Алардын Фалестиндеги аракеттери ырайымсыз, кабыл алгыс, – деди Эрдаган – эгер жогору даражадагы проблемалар болбогондо, биздин мамилелерибиз бүтүндөй башкача болмок. Биз мамилелерибизди жакшыраак чекке жеткирмекчибиз».

Роя:

Түркиядагы илманий режим менен баскынчы яхудий вужуду ортосундагы 1949-жылдан берки жакшы мамилелер Эрдаган доорундагы даражада жакшы болбогон. Ал өзү баса белгилегендей, бул мамилелерди жакынкы убакытта жакшыраак даражага жеткирүүгө урунуп жатат. Мурда яхудийлердин премьер-министри Нетаньяху Эрдагандын доорунда (Түркия менен (израиль) ортосундагы) мамилелердин гүлдөп-өскөнүнө өтө бактылуу жана өтө ыраазы экенин айткан. Ушул жылдын февраль айында «The Jerusalem Post» гезитине Нетаньяху – түрк өкмөтү аны «Гитлер» деп атаганына карабастан – мамилелер гүлдөп-өнүгүп жатканын айткан.

Бардык мусулмандар Эрдагандын саткынчыл саясатынан баш тартышы керек. Өзгөчө, яхудий вужуду жана АКШ менен достук мамиледе болуп жаткан мындай илманий режимди кулатуу о.э. бүткүл дүйнөдө Ислам менен өкүм жүргүзүп, куфр мамлекеттерин титиреткен султан Мухаммад Фатих, султан Абдулхамид II сыяктуу улуу ата-бабаларынын тарыхын кайтаруу – Түркиядагы мусулмандардын вазыйпасы. Эгер Ислам менен өкүм жүргүзгөн мусулман жетекчилик болсо, бүгүнкү күндө Түркия армиясынын бир бөлүгү эле Фалестинди толук азат кылууга кудуреттүү.

 

Роя гезити, №319, 2020-жыл, 30-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here