بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Эй Судан калкы! Чыныгы өзгөрүү силерди жакырлаштырган жана байлыктарыңарды талап-тоногон капитализм негизинде эмес, Ислам негизинде жүзөгө чыгат!
Суданда зулум жана коррупцияга каршы жаштар кыймылынын учкуну башталганына эки жыл болгондугуна байланыштуу Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялады. Билдирүүдө «адамдардын абалы дагы да жамандашып жатканы, себеби, акимдер гана өзгөртүлүп, түзүм жана мыйзамдар болсо өзгөрбөгөнү» айтылды.
Ишемби күнү экинчи козголоң кыймылын баштоо туурасында чакырыктар жаңырып жатканда, бул билдирүүдө ушулар баса белгиленди:
«Туура кыймыл – капиталисттик түзүмдү өзгөртүүнү талап кылуу. Себеби, жаранды жакыр, өлкөнү ойрон кылган нерсе – капиталисттик түзүм. Акимдерди колонизатор кафир Батышка көз каранды кылып, элдин дары-дармегин жана азык-оокатын садага чаап Батыштын буйругун аткарган жана Батышты ыраазы кылган малайларга айланткан нерсе – капиталисттик түзүм».
Билдирүүнүн соңунда мындай делет:
«Бирок, чыныгы өзгөрүү адамдарды өзгөртүү о.э. мыйзам жана түзүмдү душмандан алуу менен болбойт. Жок, эч качан! Чыныгы өзгөрүү өкүмдар саясий идеологияны өзгөртүп, ордуна Уммат акыйдасына, улуу Исламга негизделген идеологияны алып келүү менен болот. Бул идеология Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетинде колдонулат.
Роя гезити, №318, 2020-жыл, 23-декабрь.