Сабиров: “Мечит курууну токтоткула”

418
0

Сабиров: “Мечит курууну токтоткула”

Мечит курууну токтотуп, мектеп, бала бакча, үйлөрдү кургула. Бул тууралуу бүгүн, 6-январь күнү өкмөттүн Ош шаарында өтүп жаткан регионалдык экономикалык жыйында вице-премьер-министр Равшан Сабиров билдирди.

Анын айтымында, кайрымдуулук фонддор мектептерди, үйлөрдү курушу керек имиш.

«Аламүдүндө социалдык шаарчанын ачылышына катыштым. Ал жакка кайрымдуулук фонддор мечиттерди абдан көп куруптур. Токтоткула дедим. Эми мектептерди, бала бакчаларды, социалдык жактан начар үй-бүлөлөргө үйлөрдү куруп бергиле дедим. Алар ыраазы болуп жатышат. Мындан ары кайрымдуулук фонддор үй, мектеп, бала бакчаларын курууга аракет жасашат», – деди Сабиров.

Буга чейин да Кыргызстанда мечит курууга чектөө киргизүү маселеси көтөрүлүп келген. А бирок, өлкөдөгү дээрлик бардык мечиттердин курулушуна мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөйт. Тескерисинче, алар мусулмандардын соопчулук үчүн берген каражаттарына салынып келет. Мечиттерде – чектелген болсо да – Алланын өкүмдөрү айтылып, коомчулук ыйман нуру менен азыктанууда. Натыйжада, динге каршы душмандыгын ичинде жашырып келген аткаминерлер коомдун Исламдашып баруусунан тынчсыздана баштады. Башкача айтканда, мындай көрүнүш үстүбүздөгү демократиялык-капиталисттик системанын кожоюндарын жана алардын өлкөдөгү жүгүртөктөрүн коркунучка салууда. Анткени, коом Исламдашып баруу менен табигый түрдө демократиялык мыйзамдарды четке кага баштайт. Анын ордун болсо албетте, Ислам өкүмдөрү толтуруп бармакчы. Мына ушул маселе алардын уйкусун бузууда. Бул кафирлердин Исламга каршы күрөшү алкагына кирет. Ошондуктан, бийликтеги мусулмандар алардын куулук-шумдуктарына ээрчибеши, калк болсо аткаминерлердин аракетин тергеп-тескеп турушу шарт.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here