Бишкек абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты
Кыргызстандын борбору Бишкек шаары абанын булганышы боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу “World Air Quality” уюмунун сайтында жарыяланды.
Абасы эң кир делген шаарлардын тизмесинде 2-орунга Кабул (Афганистан), ал эми 3-орунга Дакка (Бангладеш) шаарлары чыккан.
Бишкек шаары ушуну менен акыркы аптанын ичинде эле экинчи жолу тизменин башына чыкты. Буга чейин экинчи жана үчүнчү орундарды ээлеп келген.
Бишкекте абанын булганышы акыркы үч жылдан бери күчөй баштаган. Адистердин айтымында, буга Бишкек ЖЭБи сапатсыз реконструкцияланышы, шаарда көп кабаттуу үйлөр абанын айланышы эсепке алынбай тартипсиз курулушу жана автоунаалардын көптүгү себеп болууда.
Айрым уюмдар абанын булганышы себептүү Бишкекте өзгөчө абал режимин киргизүүнү талап кылышууда.
Комментарий: Италиянын “Renco” компаниясы Армениянын борбору Ереванда кубаты 250 МВт болгон, газ менен иштөөчү комбинациялашкан циклге ээ жаңы ЖЭБди 285 миллион долларга куруп, пайдаланууга берди.
Бизде болсо Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо 386 миллион долларга түштү. Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектеги ЖЭБди реконструкциялаганы боюнча иликтөөдөн кийин Кытай компаниясы сатып алынган буюмдарды өтө кымбат көрсөткөнү аныкталды (бир даана аттиш 600 долларга бааланган). Себеби, түзүлгөн келишим боюнча кыргыз өкмөтү кытайлык компаниянын каражатты кандай пайдаланып жатканын көзөмөл кылбашы керек эле. Натыйжада 250 миллион доллардык иш 386 миллион долларга айланды. Кытайдын “Эксимбанкынан” алынган карыз 2033-жылга чейин 480 миллион доллар кылып кайтарылышы керек. А бирок, бул реконструкция да өзүн актабады. ЖЭБди пайдаланууга тапшырган жылы эле авария болуп, Бишкектин тургундары кыштын кычыраган суукта жылуулуксуз калышкан. Бул иштин артынан бир катар чиновниктер жоопкерчиликке тартылды, а бирок, элдин мойнундагы карыз азайып калбады.
Мындан тышкары, ушунча каражатка реконструкцияланган ЖЭБ буга чейин көмүр жана мазут менен кандай иштеген болсо ошол бойдон калды. Аны газ менен, же болбосо дагы башка экологияга зыяны азыраак болгон отун менен пайдалануу туурасында эч ким ойлонбоду. Натыйжада Бишкек абасы булганган шаарлар боюнча дүйнө жүзүндө 1-орунга чыкты. Адистердин иликтөөсүнө ылайык, адамдын булганган аба менен дем алышы жүрөк-кан тамыр ооруларына о.э. дем алуу органдарынын бир катар ооруларына алып барат. Айтылышынча, абадагы зыяндуу заттардын таасири күчтүү болуп, адамдын нерв системасына да таасирин тийгизет… Расмий бийлик карапайым калктын мойнуна миллиарддаган карыздарды илгени жетишпегендей, келечек муундун ден соолугун да коркунучка кептеп жатат.
Абдурахман Адилов