بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты Расулуллах ﷺды колдоп жана яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууга каршы иш-чара өткөрдү
Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууга каршы бүткүл өлкө бойлоп ири массалык иш-чараларды улантып, 2020-жылы 31-октябрь күнү Умму Дурман-Шухада регионунда нааразылык демонстрация өткөрдү. «Яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу – кыянаттык, ким аны жасаса Аллахка, Расулуна жана момундарга кыянаттык кылган болот» деп аталган бул демонстрациянын этибарлуу тарабы ушул болду: демонстарцияга жолоочулар да жакшы мамиле билдиришти жана такбирлерди айтып, бул жийиркеничтүү нормалдаштыруу кылмышына каршы чыгышып, ураандарды айтышып Хизб мүчөлөрүнө кошулушту. Көчөдөгү жолоочулардын абдан көпчүлүгү демонстрацияга катышып, башынан акырына чейин Хизб мүчөлөрү менен бирге плакаттарды жана байрактарды көтөрүп жүрүштү. Демонстрация бүткөн соң бир канча адамдар келишип, Хизб менен бирге аракет кылууга даяр экенин билдиришти, Хизб мүчөлөрү менен пикирлешип, чоң жардам көрсөтүштү. Албетте, бул, яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырууга каршы болгон Умматтын түпкү казынасын көрсөтүүдө.
2020-жылы 3-ноябрда саат 13:00дө эски мечиттин алдындагы «Хуррият» аянтында да Хизб Ислам душмандары саййидибиз Мухаммад мустафа ﷺды акараттоосуна каршы «Я Расулуллах, жаныбыз Сизге курман болсун» деп аталган демонстрация өткөрдү. Демонстрациянын катышуучулары абдан жакшы катышып, Расулуллах ﷺга мухаббатын билдиришти. О.э. Хизб-ут-Тахрирдин иш-аракетин жана Ислам Умматы маселелери алдындагы бекем позициясын алкышташты. Алар демонстрациядагы иш-аракеттерди жана Хизб мүчөлөрүн колдоп кыйкырып турушту.
Ошол күнү Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрү Вудд-Маданий шаарындагы чоң базарда элге кайрылуу жасашты. «Яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу – кылмыш жана кыянат, Судан калкынын бул кылмышка тиешеси жок» деген бул иш-чарада көпчүлүк адамдар, айрыкча, саясатчылар жакшы мамиле билдиришип, кайрылууну колдошту.
Ушуну менен параллель түрдө Умму Дурмандын түндүгүндөгү «17-козголоң» районунда да элге кайрылуу жасалды. Бул иш-чара «Жараксыз өкмөт Эл аралык Валюта Фондунун көрсөтмөлөрүн аткаруу менен адамдарды ачкачылыкка салып кыйноону жана өлтүрүүнү улантууда» деп аталды. Бул иш-чара «мамлекеттин колдоо көрсөтүү каражатын бекер кылуу» себептүү күйүүчү май продукцияларынын баасы жогорулашы артынан уюштурулду.
«Транспорт кризиси… талдоо жана чечимдер» деп аталган кайрылуу 2020-жылы 5-ноябрда Калакила базарында уюштурулду. Кайрылууну устаз Абдулфаттах Ахмад Завбайт жасады. Чогулгандар кайрылууда айтылган пикирлерди абдан жакшы кабыл алышты.
Казарифтеги Хизб мүчөлөрү 2020-жылы 5-ноябрь күнү Стоматология борбордук ооруканасы алдында саат 16:00дө «Я Расулуллах, жаныбыз Сизге курман болсун» деп аталган саясий кайрылуу жолдошту. Жыйында устаз Майсара Яхя Мухаммаднур сөзгө чыгып, Франциянын Расулуллах ﷺды акарат кылганы жөнүндө сөз кылды. Бул мамлекет Исламды жана мусулмандарды жек көрүшүн, кафир Батыштын демократия жана эркиндиктер жөнүндөгү сөздөрү накта жалган экенин, түпкүлүгүндө бул мамлекет бузукулукка малынганын ачыктады. О.э. ал Францияда Расулуллахты акарат кылган окуя кафир Батыш системасынын бузгунчулугуна жана жараксыздыгына жаркын далил экенин баса белгиледи.
Хизбдин Умму Дурмандын түндүгүндөгү мүчөлөрү өткөргөн иш-чаралардын бири жекшемби күнү шам намазынан кийин «42-козголоң» районунун базарындагы Атик мечитинде болуп өттү. «Расулуллах ﷺдын мавлуду кандай эскерилиши жана ага кантип жардам берилиши керек» деп аталган ушул баянды урматтуу шайх Ахмад Бакр уктурду. Баянда устаз Набий ﷺга Мекке мушриктери кандай азар жеткиришкени жана асхабдарын кантип азапташканы айтты. Жыйында эмнеге Набий ﷺга душмандык кылышкан жана эмне үчүн бүгүн Франция ал затка душмандык кылууда, деген суроо ортого салынды. Франциянын Расулуллахка душмандыгы менен Мекке мушриктеринин ал затка душмандык кылгандыгы бирдей болуп, бул душмандыкка Расулуллахтын акыйкат түзүмдү алып келгени себеп. Анткени, бул акыйкат түзүм алардын адамдарга эсепсиз азап-кыйынчылыктарды алып келген түзүмүн жок кылат.
Роя гезити, №313, 2020–жыл, 18–ноябрь.