Судандагы уруулар ортосундагы күрөш жана бөлүп салуу оюну

597
0

Судандагы уруулар ортосундагы күрөш жана бөлүп салуу оюну

 

Устаз Хасан Исмаил

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятындагы

вилаят межлисинин мүчөсү

Аллах Субханаху ва Таала калктарды жана урууларды жаратуудан максатты т.а. таанышуу максатын белгилеген болсо да, бирок, уруулар ортосундагы күрөш дагы эле Уммат кубатын кетирүүдө. Мына ушундай күрөштөр болбогон бир да мусулман өлкөсү калбады.

Судандагы уруулар ортосундагы күрөштүн айрым себептери:

Судан мисалында алсак, бул жерде ушул күрөштөрдү чыгарып жаткан көп себептерди көрүүбүз мүмкүн:

Кээ бир региондордо адамдардын кызыкчылыгы кагылышууда. Мисалы, Дарфур жана Кордофанда болгондой, айыл чарба проблемалары сыяктуу.

Жахилияттан калган айрым түшүнүктөр. Өз кезегинде бул түшүнүктөр күрштөргө алып келүүдө. Муну адамдарды түсүнө жана тегине карап бөлүү түшүнүгүнүн мисалында көрүүгө болот, Түштүк Дарфур регионундагы Фур жана Халба урууларынын күрөшү сыяктуу.

Бийликтин таасиринин чабалдыгы жана мыйзам үстөмдүгүнүн төмөндүгү о.э. борбордон алыс айрым аймактарда курал-жарактын тарагандыгы.

Өткөөл өкмөт доорунда уруулар ортосундагы күрөштөрдүн айрымдарын мисал катары көрсөтүп өтөбүз:

Портсудан, Кассала жана Казорифте Нубия менен Амир уруулары ортосундагы күрөш, Ньяла шаарында Разикат менен Фалата, Мистрий айылында Разикат менен Малсалит, Марра тоосунда Разикат менен Фур, Халфа шаарындагы он айылда халфалыктар менен Загака ортосундагы күрөш, Кадуклий шаарындагы окуя жана Фатабарну демонстрациясын бастыруу окуясы…

«Инказ» өкмөтү доорундагы айрым уруулар ортосундагы күрөштөрдүн сырлары:

«Инказ» заманында да көп проблемалар жана уруулар ортосундагы күрөштөр жүз берип, бул күрөштөр мамлекетти алдан тайдырды жана Судан түштүгүнүн бөлүнүшүндө жана башка вилаяттарды бөлүүгө шарт жаратууда шылтоо катары пайдаланылды. Бул жаатта Башир өкмөтү негизги ролду ойноду. Себеби, ал өз тагдырын өзү чечүү жана автономия, деген нерселерге моюн сунду. Мисалы, Кордофанда Нубия менен Хавазима ортосунда, Абьейда Масирия менен Динка ортосунда, Дарфурдагы араб уруулары менен Ризка ортосундагы күрөштөр дагы эле токтогон жок, эски багытында уланып жатат. Бул күрөштөр Суданды бөлүп салмакчы болуп жаткан кафир Батыштын пландарына кызмат кылууда.

Британиянын Суданды бөлүү планы:

Англистер «эгемендүүлүктөн» мурда өздөрүнүн ыплас айла-амалдарын ишке салып, келечекте өлкөнү ыдыратууну жеңилдетүүчү вужуддарды пайда кылышты, мисалы, «түштүк калкы» сыяктуу. Силердин түндүк калкына алакаңар жок, силер өзүнчө вужудсуңар деген жалганга аларды ишендиришти. Ошондо расмий эс алуу күнү жума күндөн жекшемби күнгө көчүрүлдү, мамлекеттик мекемелерде араб тилинде иш алып барылды, түштүктө арабча кийим кийүүгө тыюу салынды. Мындан да жаманы, түштүк калкы түндүккө баруу жабылды. «Жабык аймактар» делген нерсе түштүктүн бөлүнүшүнүн биринчи кадамы болду.

АКШнын ролу:

Бири-бирине каршы күрөшкөн АКШ менен Британия бир нерсеге келишишти – Судан түштүгүн бөлүү, кийинчерээк калган жерлерди бөлүү. Мында Америкага малай Башир режими ортомчулук кылды. АКШнын деңиз күчтөрүнөн да, кемелеринен да эмес, өзүбүздүн мусулман перзенттеринен пайдаланылды жана «тынчтык жараяны» деген жалган нерсе шылтоо кылынды.

Бүгүнкү күндө күрөштү мурунку вужуддар башкарууда:

  • Судан Ыңкылап Фронту: Америка 2011-жылда түштүктү бөлгөн соң, Дарфурдагы козголоңчу саясий кыймылдарды жаңы куралданган вужуд катары чогултту. Түндүк сектордун элдик кыймылынын жетекчилиги астындагы бул вужуд 2011-жылы 11-ноябрда «Судан Ыңкылап Фронту» деп аталды. Кордофандын түштүгүндөгү Кавда регионундагы бул вужудга ушул кыймылдар кошулду:
  • Түндүк сектордун элдик кыймылы;
  • Жибрил Ибрахим канаты эсептелген Адилет жана Теңдик;
  • Мани Арко Мунави жетектеген Тахрир Судан кыймылы, учурда Мунави Ыңкылап Фронтунан чыгып калган;
  • Абдулвахид Нур жетектеген Тахрир Судан кыймылы;

Бул вужуд өзүнө көңүл бурдурган аскерий операция жасоо менен таанылды. Бул 2013-жылы 27-апрелдеги Самих, Валлаху Карим, Абу Каршалан жана Умму Раваба региондорун басып алуу операциясы болду.

  • Бириккен Элдик Фронт:

Америка 2013-жылы 8-апрелде Каирде Бириккен Элдик Фронт деген вужудду түздү. Анын курамына Судандын чыгышындагы он жети вужуд кошулду.

Министрлерди дайындоодо уруулардан жана региондон пайдалануу:

Судандагы улам-улам алмашып жаткан өкмөттөрдүн эң жаман кылмыштарынын бири – министрлер, вилаят акимдери жана башка жетекчилер уруу жана регион негизинде дайындалып жатканы. Негизи, «квоталар» деп аталган бул ыплас ыкма Инказ өкмөтү доорунда дагы да күчөдү. Өткөөл өкмөт жөндөмдүүлүгүн айтып жаткан болсо да, өкүнүчтүүсү, ал да суверендүү кеңеш жана министрлер кеңешинде квотага амал кылды. Көпчүлүк вилаяттарда аким башка региондон экен деп четке кагылып жатканы буга жаркын далил.

Судан калкы түштүктүктү бөлүү оюнунан бирер пайда көрдүбү?!

Судан калкы түштүктүн бөлүнүшүнөн эски жана жаңы тарыхында эч кандай пайда көргөн жок. Ошондуктан, Судан калкы мындан сабак албаса, Судандын калган жерлери да бөлүнүп кетет.

Ушул расмий билдирүүлөр Судандын түштүгүн бөлгөн тарап Америка экенине, Америка Судандын калган жерлерин да бөлүүгө аракет кылып жатканына далил:

  • Мурунку президент Башир 2017-жылы 25-ноябрда Россияга сапар жасаганда «Спутник» кабарчысына: «Американын аракети Суданды беш мамлекетке бөлүүгө багытталган», – деди.
  • Мурунку президент Башир доорунда вице-президент болгон Али Усман Таха мындай билдирүү берди: «Кээ бир эл аралык жана регионалдык мамлекеттер Суданды бөлүү планына жетекчилик кылууда». («Шурук», 2013-жыл, 16-май).
  • Мурунку өкмөт доорунда маданият жана маалымат министри болгон Ахмалбилал Усман 2013-жылы 17-майда Судан радиосуна берген интервьюсунда: «Суданды беш мамлекетке бөлүүнү камтыган чет элдик план бар, ал Түштүк Судандын бөлүнүүсүнөн башталат», – деди.
  • Азаттык жана Өзгөрүү күчтөрүнүн Кызыл деңиз региону боюнча жетекчиси Мухаммаднур Хашим мындай деди: «Өлкөнүн чыгышы чет мамлекеттердин көзүнө түшкөн, ал жерде айрым разведка күчтөрү иш алып барууда». («Жарида» гезити, 2020-жыл, 11-август).

Ушул билдирүүлөр Суданды башкарып жаткан саясатчылар бөлүнүү планынан жакшы кабардар болгонун көрсөтүүдө. Бирок, өкүнүчтүүсү, алардын баары колонизатор кафир Батыштын куурчактары болуп, өлкөнү ушул кимселердин жардамында бөлүүдө, ушуларды алсыратуу аркылуу өлкө байлыктарын уурдоону көздөп жатат. Бул болсо, Судан калкынан ушул мусулман өлкөнүн калыс перзенттери менен биргеликте Батыштын пландарын түшүнүп жетүүнү жана аларды кыйратууну талап кылат. Бул өлкө эч качан бөлүнбөшү керек, тескерисинче, аны Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык көлөкөсүндө башка исламий өлкөлөргө бириктирүү керек.

 

Роя гезити, №303, 2020-жыл, 9сентябрь.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here