Өзбекстанда жапырт эмдөө сентябрда башталат

312
0

Өзбекстанда жапырт эмдөө сентябрда башталат

Өзбекстанда сасык тумоо менен пневмонияга каршы эмдөө сентябрда башталат. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча штабдын мүчөсү, эпидемиолог Рустам Икрамов билдирди.
Анын айтымында, респиратордук оорулар күч алган күз мезгили коронавирус эпидемиясынын айынан оор өтүшү ыктымал. Учурда мамлекеттик деңгээлде сасык тумоо менен пневмонияга каршы эмдөө иштери жүрүп жатат. Вакцинаны импорттоп, жергиликтүү эмдөө түйүндөрүн түзүүнүн жолу иштелип чыкты. Иш сентябрда башталат.
Ал буга чейин Өзбекстан Россия жана Кытайда иштелип чыккан вакциналарды изилдеп жатканын айтып чыккан. Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков да Орусиянын толук даяр боло элек вакцинаны ойлоп табышы куттуктаганга жетишкен. Бул албетте Кыргызстан аталган вакцинаны алууга даяр экенин билдирет.
Тилекке каршы, Өзбекстан, Кыргызстанга окшогон үчүнчү дүйнө мамлекеттери колонизаторлуктун туткунунан чыга албай чырмалып калууда. Аталган өлкөлөрдүн жетекчилери мындай абалдан чыгуунун ордуна калкты алардын колуна тапшырып берип жатат. Учурда Өзбекстан жүргүзүп жаткан, Кыргызстан камданып жаткан эмдөө кампаниясы дүйнөдөгү фармацевтика тармагындагы ири капиталисттердин капчыгын толтуруудан башка нерсе эмес. Алар чөнтөктөрүн толтуруп эле калбастан, жакыр өлкөлөрдүн элине жаңы вакциналарды колдонуу менен дары-дармектерин эксперименттен өткөрүшөт. Муну менен ири мамлекеттер өз калкын аман сактап калуунун да алдын алышып, бизге окшогон “ашыкча” калктардын кырылып кетишине көз жумду мамиле кылышат. Мындан тышкары, саткын жетекчилердин айынан өлкөгө кирген вакцина жана дары-дармектер эч бир жерде текшерилбестен түздөн-түз кирип келе берет. Бул вакциналар бир ооруну айыктырууга салым кошсо да башка оорунун пайда болушун шартташы толук мүмкүн.
Демек, бийлик тарабынан экинчи толкун тууралуу байма-бай маалыматтар таркатылышы элди коркууга салуу жана мына ушул вакциналарга муктаж чөйрө жаратууга каратылган. Муну менен колонизатор мамлекеттер алсыз өлкөлөрдө өздөрүнө талап жана муктаждык пайда кылышат. Муну айрым техникаларды кошумча берүү менен актамакчы болушат. Андан соң проблеманы жоюу менен мамлекеттерди саясий жана экономикалык жактан сенек абалга кептешет. Мына ошондон кийин карызга батыруу жана инвестиция алып кирүү аркылуу алардын көз карандылыгын ого бетер күчөтүшөт.
Албетте мындай ыплас режим жана колонизаторлуктан өзүбүздүн Исламды бийик көтөрүү жана бекем кармоо аркылуу гана кутула алабыз. Мына ушул Исламдагы саламаттыкты сактоо системасы коомдун ден-соолугун алдын ала сактоону өзүнө негизги милдет кылып алат. Ошондой эле бул тармакта пайда табуу максат кылынбайт, тескерисинче ооруга каршы ар кандай абалда күрөшүү жана бекер дабалоо Алланын өкүмүнө ылайык мамлекетке милдеттү боюнча кала берет.
Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here