بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Америка жана ыдыроонун жаңы факторлору
(Экинчи бөлүк)
Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис
Мурунку макалабызда мамлекеттердин таянычтары, кубаты, туруктуулугу жана сакталып турушунун себептери, кризистерди жеңип өтүшү жөнүндө сөз кылганбыз. О.э. Американын пайда болушунун тарыхы, басып өткөн айрым тарыхий баскычтары, Советтер Союзу кулагандан кийинки баскычы, АКШнын дээрлик жеке акимдиги жөнүндө айтып өттүк.
Муну менен бирге, туура негизге курулбаган мамлекеттер узакка турбастыгы, сакталып туруу доорунда силкинүүлөр, мусибаттар жана кыйынчылыктар кысымында жашоосу, эч качан тынч туруктуу боло албашы, бир күн келип алардын имаратынын пайдубалдары бузулуп, аркандары үзүлүп, куласа, кайра тикелене албастыгы, тескерисинче, бүтүндөй ыдырап, тарыхка айланышы туурасында да баян кылдык.
Бул макалабызда Американын пайда болуусунун тарыхына назар салып, азыркы саясий, экономикалык абалын, федерациялык жана элдик түзүлүшүн үйрөнүү аркылуу белгилүү бир факторлорду баян кылып өтөбүз. Бул факторлор Американын вужудуна сокку уруп силкинтүүдө, имаратынын аркандарын кыймылдатып, кулоо жакасына алып келди о.э. майда-майда штаттарга гана эмес, бири-бири менен чатакташкан штаттарга бөлүп бара жатат.
Американын вакиълигине о.э. тамырын кемирип жаткан факторлорго келсек, чындыгында бул жөргөмүштүн желесинен да күчсүз федерация. Мунун себептери Американын саясий тарыхына, пайда болгон тарыхий абалына барып такалат. О.э. бул нерсе мамлекеттин элүү штатын байлаган алакага, тектик жана демографиялык түзүлүшүнө, ал жердеги диндерге, калктын материалдык өлчөөсүнө, штаттардагы жашоо деңгээлинин экономикалык айырмачылыгына байланыштуу. Биз ушул федерация денесин курттай кемирип жаткан, аларды жамдап турган алаканы алсыратып жаткан о.э. жакында – Аллахтын урухсаты менен – бөлүнүү, ыдыроо жана кулоого алып бара жаткан факторлорго токтолуп өтөбүз:
- Бул федерациянын доорунда жаралган кандуу тарых, көптөгөн тектер жана диндер, ага байланыштуу улутчулдук көз караштар о.э. алардын бөлүнүүгө жана ыдыроого таасир кылган факторлор.
Америка бирөөнүн мал-мүлкүн уурдоо негизинде тикеленди, адамдарды, айрыкча, кызыл түстүүлөрдү өлтүрүүгө жана кыргын кылууга, журтунан кууп чыгарууга негизделди. Америка кулчулук баскычын басып өттү. Бул түшүнүктөр америкалыктардын мээсинде узак жылдар жашады, кийин кулчулуктун азат болуу баскычы келди. Бирок, ага карабастан, бул түшүнүктөрдүн таасири өтө көп америкалыктардын аклиясында жана нафсиясында бекем орношуп калды. Бул кара түстүүлөргө карата улутчулдук назария деп аталды. Америка түндүк менен түштүк ортосунда беш жылга созулган кыргын согуштарга чейин мына ушундай абалда жашады. Бул согуштар америкалыктар ортосунда о.э. түндүк-түштүк штаттары ортосунда улутчулдук жана текчилдик көз караштарын күчөттү. Андан тышкары, биринчи мигрант калктар менен кийинки келген жаңы мигранттар ортосунда улутчулдук жана текчилдик дагы да күчөдү. Америкада бир нече тектер, ал тургай, түпкү эл бар экенин да унутпайлы. Т.а. бул мамлекетте ушундай бир текчилдик жиптери чаташып кеткен, аларды ажыратып айырмалоо мүмкүн эмес. Бул үчүн аларды ушул тектерден күчтүүрөөк акыйда менен абдан оңдоого туура келет. Мындан тышкары, Америкада көптөгөн диндер бар, алар калктын жайгашкан региондоруна карап ар түрдүү. Ал жерде христиандар, яхудийлер, мусулмандар, индустар жана синхтер бар. Ошондуктан, ушул фактор (т.а. тектик жана диний түрдүүлүк о.э. жыныстар жана штаттар ортосундагы чыр фактору) ушундай бир күчтүү фактор болуп, бул нерсе федерацияга бөлүнүү жана жок болуу менен коркунуч туудурууда. Бул назария күндөн-күнгө күчөп жатат жана бүткүл америкалык калкты кабатырга салып, тынчын бузууда. Америкалык изилдөөчү Жон Холл мындай дейт: «Окуялар ушуну көрсөтүүдө: америкалыктар өз коомунун чабалдыгын сезип жатышат. Аларга тектик жана ахлакый карама-каршылыктар, кагылышуулар көлөкө салып жатканын, улутчулдук курчап алганын түшүнүп жатышат». Муну АКШ коргоо министри Марк Эспердин «Тектик кемсинтүү – Кошмо Штаттардагы реалдуу илдет» деген билдирүүсү тастыктап турат. «Рейтер» маалымат агенттиги өткөргөн сурамжылоодон белгилүү болушунча, «АКШ калкынын төрттөн бири өз штаттарын Америка федерациясынан бөлүү идеясын колдоп-кубатташууда. Өткөрүлгөн сурамжылоо натыйжаларына ылайык, республикачылар жана айыр чарбага адистешкен батыштагы штаттардын калкы бул идеяны эң көбүрөөк колдошууда».
Чынында, мындай ыплас кайрыинсаний улутчулдук көз караш Американы өтө көптөгөн туруксуздуктарга туш кылды. Алардын жакындагысы ушул жылы Миннеаполис шаарында афроамерикалык Жорж Флойддун жырткыч таризде өлтүрүлүшү болду. Бул окуя кара түстүүлөр кантип акааратталып жатканын жана аларга инсан катары мамиле кылынбай жатканын жаркын көрсөтүп турат.
1965-жылы полиция көчөдө текшерүү рейдин өткөрүп жатып кара түстүү Маркет Фрай деген жигитти токтотот жана анын туугандары менен жаңжалдашып калат… Жаңжал Лос-Анжелестеги Гето Уатс көчөсүндө козголоңдун чыгышына себеп болгон. Бул жакыр квартал алты күн согуш майданына айланды… Улуттук гвардия аскерий машиналардан пулемёттон ок атышкан. Кийин коменданттык саат киргизилди. Ушул ири окуяда 34 киши каза болду, 4 миң киши камакка алынып, ондогон миллион зыян көрүлгөнү катталган.
1968-жылы 4-апрелда Теннесси штатынын Мемфис шаарында Мартин Лютер Кингдин өмүрүнө кол салынышы артынан АКШнын 125 шаарында зомбулуктар болуп өттү. Акыбетте, кеминде 46 киши каза болуп, 2600 киши жараат алган.
1980-жылы Флорида штатындагы Майами шаарында кара түстүүлөр жашаган Либерти Сити кварталында чыккан зомбулуктар окуясында 18 киши каза болду, 400дөн ашыгы жараат алды. Бул окуя Тампа шаарында төрт ак түстүү полиция кызматкери светофорго токтобогон афроамерикалык мотоциклистти өлтүргөндөн кийин жаралган.
1991-жылы март айында төрт ак түстүү полиция кызматкери афроамерикалык айдоочу Родни Кингди өлтүрүшкөнү үчүн 1992-жылы 29-апрелде соттолот жана соттон акталып чыгышат. Бул Сан-Франциско, Лас-Вегас, Атланта жана Нью-Йорк штаттарында тартипсиздиктердин чыгышына себеп болду. Кагылышууда 59 адам каза болуп, 2328 адам жараат алды.
1991-жылы АКШ нааразылыктар жана зомбулуктар кысымында калды. Буга да Америка соту кара түстүү адамды мыйзамсыз түрдө катуу сабаган Лос-Анжелес полиция офицерлерин сот залынан азат кылганы себеп болгон.
Текчилдик жана улутчулдук көз караш кара түстүү америкалыктарга карата өлтүрүү жана чабуулга себеп болгон жок, бул көз караш аларды муктаждыкка, жакырчылыкка, жумушсуздукка жана кемсинтүүлөргө алып келди. Мисалы, алардын 24.7 пайызы жакырчылык чегинде жашайт. Бул бүткүл АКШ калкынын 12.7 пайызы дегени.
Америкада улутчулдук бекер кылынганы жана кулчулук жок кылынганы сыяктуу ураандар айтылып жаткан болсо да, бирок, АКШ мыйзамдарында да дискриминация жана айырмалоо бар, коомдо ушул көз караштар тамыр жайган. Мисирлик жазуучу Риза Хилал Америкада жашаганда жазган «Американын ыдырашы» деген китебинде мындай дейт: «АКШдагы конституциялык өзгөртүүлөр жана сот өкүмдөрү ак түстүүлөр менен кара түстүүлөр ортосунда теңдикти камсыздоого багытталган. Бирок, бул теңдик идеясы бөлүнүүгө байланган жана 1896-жылы Америка Жогорку сотунда ачык көрүндү. Ошондо сот кара түстүүлөр жана ак түстүүлөр бөлүнгөн абалда болушу, бирок, тең болушу керек деген өкүм чыгарды. Бул кырдаал 1954-жылга чейин уланды. Ошол жылы мектептерде тегине карап бөлүү бекер кылынды… Бирок, Жогорку соттун бул токтому мектептен башка жерлерде кеңири тараган башка текчилдик илдеттерине чекит коё албады, автобустарда, ресторандарда жана барларда кара түстүү жаранды бөлүү уланды, алар өтө көп абалдарда мына ушундай акаараттоого бута боло беришти. Акыбетте, Мартин Лютер Кинг жетектеген жарандардын укуктарын коргоо кыймылынын нааразылык демонстрациялары башталды. Демонстрациялар барган сайын күчөп, 1968-жылы Америка жарандардын укуктары мыйзамын жарыялоого туура келди. Бул Мартин Лютер Кингдин өмүрүнө кол салынган жыл эле».
АКШда көптөгөн мыйзамдардын чыгарылышына, уюмдар түзүлүп, тең укуктуулукка чакырылышына карабастан, текчилдик көз караш сакталып кала берди. Анын акыбеттери америкалык калктын чабал бүтүндүгүнө катуу сокку урууда, коомдо силкинүү жана туруксуздуктар чыгарууда, штаттарды байлаган алаканы бузду. Штаттар гана эмес, бир штат, бир шаар жана бир квартал ичинде бөлүнүү жаратууда. Ушул тектик кемсинтүү илдети туруктуулукту бузуп, Америкадагы коомду бириктирген саясий жана негизги алакага сокку берүүдө күчтүү фактор болуп эсептелет.
(Уландысы бар)
Роя гезити, №297, 2020-жыл, 29-июль.