Каратаев: Шаарларга кайрадан өзгөчө абал режими киргизилиши мүмкүн
Кыргызстанда коронавирус кайрадан күчөй баштаганы себептүү өкмөт дагы бир нече облус жана шаарларга өзгөчө абал режимин киргизери күтүлүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орунбасары Мадемин Каратаев билдирди.
Каратаев брифингде: “Учурда абал Чүй облусунда, Бишкекте, Ош облусунда, Ош шаарында абдан курч болуп турат. Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат жана бардык факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат”, – деди.
Ал дагы: “Коронавирус бир гана Ак үйдөн эмес, бардык министрликтердин кызматкерлеринен чыгып жатат. Ошондуктан, Ошондуктан санитардык норманы сактап, мүмкүнчүлүк болсо, аралыктан иштөөнү сунуштайт элек. Ак үйдү жабуу маселеси да каралат”, – деди.
Комментарий: Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын 20-июндагы жыйынында: “Күнүгө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат”, -деген эле. Бишкек мэринин орунбасары Татьяна Кузнецова да “Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору” экендигин билдирген.
Расмий өкмөт октябрь айына белгиленген парламенттик шайлоонун алдында коронавирус дүрбөлөңүн күчөтө баштады. Себеби, парламенттик шайлоонун алдында учурдагы бийлик да, жетекчи топ да саясий кубат топтой албады. Эми анын саясий кубат топтоп алуу жана саясий электоратты башкарып кетүү мүмкүнчүлүгү жок. Ошол себептен да өкмөт дагы кайрадан карантин киргизүү үчүн даярдык көрүп жатат.
Абдурахман Адилов