КЫЯНАТ ДЕГЕН ЭМНЕ

1750
0

 بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

КЫЯНАТ ДЕГЕН ЭМНЕ

Кыянат – бул аманаткөйлүктүн карама-каршысы (антоними). Аалымдар “кыянат – бул бир адам тарабынан башка бир адамга же адамдарга, же болбосо өкмөткө зыян жеткирүү” деген аныктама беришкен.

Шарияттагы истилахий (терминдик) мааниси болсо: الخيانة مخالفة الحق بنقض العهد في السِّر – «Кыянат – купуя (жашыруун) ортодогу убаданы бузуу себептүү акыйкатка каршы иш кылуу». Кыянатчы ачык-айкын кылуудан корккону үчүн кыянатын жашыруун кылат. Ачык кылуусу кыянат болбойт, ал каршы аракет деп бааланат жана анын мамилеси башкача болот. Ошондуктан, аныктамада “жашыруун” деген сөз кошо иштетилет. А бирок, Аллах Тааалага эч нерсе жашыруун сыр эмес. Аллах Таала айтат:

  يَسْتَخْفُونَ مِنْ النَّاسِ وَلَا يَسْتَخْفُونَ مِنْ اللَّهِ وَهُوَ مَعَهُمْ إِذْ يُبَيِّتُونَ مَا لَا يَرْضَى مِنْ الْقَوْلِ وَكَانَ اللَّهُ بِمَا يَعْمَلُونَ مُحِيطًا

Алар (өздөрүнүн кылмыштарын) адамдардан жашыра алышат, а бирок, Аллахтан жашыра алышпайт. Ал Өзү ыраазы болбой турган жашыруун бүтүм түзүм жаткан чактарында да алар менен бирге болот. Аллах алардын кылып жаткан ороп (камтып) алуучу Зат. [4:108].

Кыянатты түшүнүү үчүн мисал катары төмөнкүнү айтамын; бирөө үйүн, машинасы же бирер жабдыгын сизге “аманатка койгондугу”, “акысыз, сооп үмүтүндө убактылуу иштетип турууга уруксат берген, же ижарага (бирер нерсе-акча акысына убактылуу пайдаланууга) алганыңыз” сыяктуу нерселер сиздин колуңузда болсо, сиз ага зыян жеткирбестен сактап беришиңиз, келишим маалында көрсөтүлгөндөй пайдаланышыңыз т.а. убадага турушуңуз аманаткөйлүк, тескерисинче, кайдыгер болушуңуз же өз кызыкчылыгыңызды көздөп ага зыян жеткиришиңиз, башкача айтканда, убадага турбастыгыңыз ошол нерсенин ээсине кыянат болуп эсептелет. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَخُونُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ وَتَخُونُوا أَمَانَاتِكُمْ وَأَنْتُمْ تَعْلَمُونَ

Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбарына кыянат кылбагыла жана билип туруп силерге ишенип берилген нерселерге (дин жана башка ар кандай аманаттарга) кыянат кылбагыла![8:27].

 Кыянат пикирлерде да болот. Мисалы: Ислам жана андагы өкүмдөр да аманат болуп, аны өзгөртпөстөн жеткирбесе да кыянат болот. Бирок, бул кыянатты кылуудан мурда Аллах Таалага берген убадасын бузган болот. Мисалы: кээ бир сарай аалымдары сыяктуу Куран же хадистерди элге башкача кылып түшүндүрүү менен Аллахка, Расулуна (с.а.в) асий осий болгондон тышкары, аларга ишенген көпчүлүк мусулмандарга кыянат кылышат. Хизб пикирлерин да хизб кабыл алгандан башкача кылып жеткирип жаткан хизбийлер алгач касамын бузгандан тышкары т.а. касамындагы сөздөргө амал кылууну бузуп, пикирлерди жакшы жана туура үйрөнбөстөн хизбге жана мусулмандарга кыянат кылган болушат. Аллах Таала айтат:

وَإِنْ يُرِيدُوا خِيَانَتَكَ فَقَدْ خَانُوا اللَّهَ مِنْ قَبْلُ فَأَمْكَنَ مِنْهُمْ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ

Эгер алар сага кыянат кылышса, чынында алар мурда Аллага да кыянат кылышкан. Ошондуктан, Аллах сени аларга үстөм кылды. Аллах Билүүчү (жана) акылмандык ээси. [8:71].

Абу Хурайра(р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбар(с.а.в) мындай деген:

«قَالَ اللَّهُ تَعَالَى: ثَلاَثَةٌ أَنَا خَصْمُهُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ: رَجُلٌ أَعْطَى بِي ثُمَّ غَدَرَ…»

«Аллах Таала айтат: «Үч тайпа адамдар бар, кыямат күнүндө мен алардын душманымын. Алар Менин атым менен (касам ичип, убада берип), кийин кыянат кылган киши…». Бухарийден.

Кыянат амалдарда да болот. Мисалы: Халифанын шариятты үммөткө адилеттүүлүк менен колдонбостугу же мусулмандар өз жетекчилеринин буйруктарын туура жана толук аткарбастыгы, амир жана жооптуулар же үйдүн башчысы; ата же күйөө өзүнүн кол астындагыларды мээримдүүлүк менен башкарбастыгы, эрди-катындын нике убадасына амал кылбастыгы, достор бир-бирине болгон ишенимдерин актабастыгы амалдагы кыянат болот. Аллах Таала айтат:

إِنَّا أَنزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ لِتَحْكُمَ بَيْنَ النَّاسِ بِمَا أَرَاكَ اللَّهُ وَلَا تَكُنْ لِلْخَائِنِينَ خَصِيمًا

Албетте, Биз сага ушул Чындык Китепти (Куръанды) адамдар арасында Аллах көрсөткөн жол менен өкүм кылышың үчүн түшүрдүк.Сен аларды коргоочу болбогун”.  [4:105].

Кыянат кичине жана чоң болуп экиге бөлүнөт. Жеке адамдарга кылынган кыянат кичине болуп, үммөткө, мамлекетке кылынган кыянат чоң кыянат болот. Өзгөчө, амирлер, аалымдар жана жооптуулардын мусулмандарга кылынган кыянатынан чоң кыянат болбойт. Үммөттүн иштери да аларга байланыштуу, эгерде аалым жана амирлер таква болуп, өз иштеринде кыянат кылышпаса турмуштун бардык тармагы тез эле онолуп кетет. Бул маанини Расулуллах(с.а.в) төмөнкүдөй баяндаган: «Эки тайпа адамдар бар, эгерде алар оңолушса, адамдар да оңолот. Эгер алар бузулса, адамдар да бузулушат. Алар аалымдар жана амирлер». Мунун тескериси, т.а. жамааттын бузулушу – жооптуулар жана аалымдардын кыянатынан, жоопкерчилигиндеги иштерди аткарбаганынан болот. Ислам жетекчилерден адилет, туура жана калыс башкарууну катуу талап кылган. Кыянаттары себептүү – Расулуллах(с.а.в) кабарлагандай – Аллах Таала аларга бейишти арам кылды. Расулуллах(с.а.в) эскертет: “Аллах раиятка бирер пендесин башчы кылса жана ал раиятка чын дилден мамиле кылбаса (т.а. эки жүздүүлүк, кыянат кылса)  ага бейишти арам кылат”, дагы бир бир риваятта; “… бейиштин жытын жытташпайт”, деп келген. Абу Саъид Худрий(р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбар(с.а.в) мындай деген:

«لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ عِنْدَ اسْتِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ, يُرْفَعُ لَهُ بِقَدْرِ غَدْرِهِ, أَلاَ وَلاَ غَادِرَ أَعْظَمُ غَدْرًا مِنْ أَمِيرِ عَامَّةٍ»

«Кыямат күнүндө ар бир кыянатчынын жанбашында бир байрагы болуп, кыянатына карай өйдөрөөк көтөрүлүп бара берет. Билип койгула, омма (эл) амиринин кыянатынан көрө улуураак кыянат жок». Муслим риваяты.

Гариб Муслим.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here