بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир амири аалым, шайх Ата ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук баракчасындагы суроолорго жооптор
Даъватты колдон келгенче көтөрүп чыгуу
(Амир хажы Жаб (عامرالحاج جاب))
Суроо:
Ассаламу алайкум амирибиз. Мен мамлекетти тикелөөгө аракет кылуу жөнүндө сурап жатам. Бул аракет үчүн менин мүмкүнчүлүгүм жок.
Жообуңузду күтөмүн.
Мага жол көрсөтүүңүздү суранам, эмне кылайын, ким менен болоюн, билбей калдым. Сизден Аллах акысы сурап жатамын, эмне кылайын?
Жооп:
Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.
Бурадар, Аллах эч бир жанга мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча нерсени жүктөбөйт. Даъват ишинде адамдардын мүмкүнчүлүктөрү ар түрдүү болот, адамдар аны мыкты аткарууда жана чырайлуу жеткирүүдө бири-биринен айырмаланат. О.э. илимий жана пикирий жаатты өздөштүрүүдө, маселелерди хикмат менен баян кылууда да айырмачылык болот. Аллахтын Китебиндеги жана Расулу ﷺдын суннатындагы маалыматтарды зээнге киргизүүдө да адамдардын мүмкүнчүлүгү ар түрдүү. Булар инсаниятта бар нерселер. Аллах тарабынан жүктөлгөн вазыйпалар ушул мүмкүнчүлүктөргө карап аткарылат. Бул нерселер Куръани Каримде жана хадиси шарифтерде анык баян кылынган.
Аллах Субханаху айтат:
﴿لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا﴾
«Аллах эч бир жанга мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча нерсени жүктөбөйт» [2:286]
﴿لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا مَا آتَاهَا﴾
«Аллах эч бир жанга Өзү ага тартуу кылгандан ашыкча нерсени жүктөбөйт» [65:7]
Расулуллах ﷺ айтат:
«لَا تَحْقِرَنَّ مِنْ الْمَعْرُوفِ شَيْئًا وَلَوْ أَنْ تَلْقَى أَخَاكَ بِوَجْهٍ طَلْقٍ»
«Кичине маъруф ишти да арзыбас санабагын, жада калса бурадарыңды ачык маанай менен тосуп алышың болсо да». (Имам Муслим риваяты).
«بَلِّغُوا عَنِّي وَلَوْ آيَةً»
«Менден бир аят болсо да жеткиргиле». (Имам Бухарий риваяты).
Зайд ибн Сабит Набий ﷺдын мындай дегенин риваят кылат:
«نَضَّرَ اللهُ اِمْرِءًا سَمِعَ مِنَّا حَدِيثًا فَحَفِظَهُ فَبَلَّغَهُ فَرُبَّ حَامِلِ فِقْهٍ لَيْسَ بِفَقِيهٍ»
«Бизден бир хадисти угуп, жаттап алып, башкага жеткирген кишинин жүзүн Аллах нурдуу кылсын. Анткени, кээде билимди жеткирип жаткан кишинин өзү факих болбойт». (Табароний, «Кабир»).
Бурадарым! Сиз колуңуздан келгенче маъруфка буйруп, мункардан кайтарыңыз. Бир же эки аят болсо да жеткире бериңиз. Себеби, бул иште Куръани Каримди жана хадиси шарифти жаттагандардан болууңуз шарт эмес. Жада калса, маъруфка буйруп, мункардан кайтарууда да мүмкүнчүлүгүңүзгө карап аткара бериңиз. Аллахтан жардам сурап, Ага тобокел кылыңыз. Аллах салих амал кылуучуларды дос тутат.
Бурадарыңыз Ата ибн Халил Абу Рошта 24–рамазан, 1441-х.
17–май, 2020–м.