Тажикстандын президенти орозо кармоону кийинкиге калтырууга чакырды

304
0

Тажикстандын президенти орозо кармоону кийинкиге калтырууга чакырды

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл Рамазан айы коронавирус жайылып жаткан учурга, мындан тышкары, жазгы талаа иштери менен бир мезгилге туура келип калганы себептүү, тажикстандыктарды орозо кармоону кийинкиге калтырууга чакырды.

Эмомали Рахмон: “Биз ичип-жегенден тыйылуу менен билип туруп өзүбүздүн саламаттыгыбызга зыян жеткирбешибиз керек. Себеби, кечке ачка жүргөндөн адамдын иммунитети алсырап, жугуштуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу күчөйт”, – деди.

Ушул аптадан баштап Тажикстандагы мечиттерде жамаат намаздарына тыюу салынган. А бирок, расмий бийлик өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур катталбаганын айтып келет.

Комментарий: Эмомали Рахмон жана ал сыяктуу тогуттар коронавирус пандемиясын Ислам жана анын баалуулуктарына каршы күрөштө пайдаланып жатышат. Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр сыяктуу эле Тажикстанда да мусулмандар үчүн жамаат жана Жума намаздарына тыюу салынды. Негизи, тажик расмийлери өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур катталбаганын айтып келишет.

Эмомали Рахмон былтыр да айыл-чарба кызматкерлерине кайрылып, Рамазан айында кармай турган орозону бир айга кечиктирүүнү сунуштаган.Тогуттардын бул күрөшүнө, адаттагыдай эле, сарай аалымдары жардам берип келишет. 2018-жылы тажикстандык  имамдар Рогун ГЭСинде иштеп жаткан жумушчуларга орозо кармабастыкты насаат кылышкан. Тажикстан Ислам Борбору аалымдар кеңешинин төрагасынын орунбасары Усмонали Нуров бул фатва шариат өкүмдөрү негизинде муфтий Саидмукаррам Абдулкодирзода тарабынан чыгарылганын билдирген.

 “Биз курулуш жүрүп жаткан жерге жана тоннелге барганыбызда мындай шартта орозо кармоо мүмкүн эместигине көзүбүз жетти. Күн ысык, жумуш оор … Көпчүлүк адамдар оор шартта 300 метрден ашкан тереңдикте иштеп жатат. Муфтий ушуга байланыштуу фатва чыгарып, жумушчуларды бул фатва менен тааныштырды. Фатвага ылайык, куруучулар өздөрүнө ыңгайлуу убакта орозо кармашы мүмкүн”, – деген эле Усмонали Нуров…

Ооба, учурдагы фиръавндардын бири, Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон Ислам динине каршы күрөштө исламий көрүнүш жана баалуулуктарды коомдон алыстатуу үчүн колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп келет. Бул сыяктуу тогуттар, тарыхта кудайлыкты дабаа кылган фиръавндардын тагдырынан сабак албай жатышат. Өздөрүнүн күч-кубаты жана бийлиги менен сыймыктанышкан фиръавндар кыйроого дуушар болушкан. Шек-күмөнсүз, буларды да ошондой тагдыр күтүп турат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here