Рамазан мубарак!
Рамазан айынын орозосу – батыш менен чыгыштагы мусулмандарды бириктире турган, аларга Раббиси бир, дини бир, дили бир, кыбыласы бир, кайгы-капасы бир экендигин эскерте турган о.э. алардын башка үммөттөрдөн өзгөчө бир үммөт экендиктерин тастыктай турган ибадаттардын бири.
Орозо айында Исламий сезимдер күчөйт, мусулмандарда ыйман жана таква чөйрөсү пайда болот. Натыйжада, алар өздөрүнүн Аллага, Анын буйрук-кайтарууларына ар кандай убактагыдан да жакыныраак экендиктерин сезишет. Ошол себептен, алар өз милдеттерине дагы да катуураак көңүл коюшат, болуп жаткан окуялардан ыйманий көз караштан туруп таасирленишет жана Аллага дагы да жакыныраак болушат. Ошондуктан Ислам душмандары орозо айынан өтө коркушат. Анткени, мусулмандар бул ибадатты өтөөгө топтолуп биригишкендей, аларга каршы да биригип кетүүлөрүнөн коркушат.
Ислам карманган жол Батыштын өлчөөлөрүнө бүтүндөй тескери. Анткени, Ислам эң оболу жалгыз Алла гана жаратуучу, жалгыз Өзү гана иштерин башкаруучу деп ыйман келтирет. Ошондуктан, Ислам инсандын ар бир пикирине, сөзүнө, иштерине, абалдарына жана убакыттарына өз өкүмүн берет. Адал жана арам өлчөөсүн, Алланы эмне ыраазы кылып, эмне каарын келтиришин, бейишке эмне алып киришин, тозоктон эмне алыстатышын, жакшы жана жаман иштерди Ислам гана белгилеп берет. Инсан бул дүйнөдө кылган ар бир амалы жөнүндө Акыретте эсеп-кысап кылынат. Ар бир чоң жана кичине нерсе жазылуу. Бул алтын эреже, ал бузулбайт жана өзгөрбөйт. Бул эреже Рамазанда да, башка айларда да сакталып калышы керек. Андыктан, амалды оңдоодон мурун мусулмандын мына ушул негиз жана өлчөөгө болгон көз карашын оңдоосу зарыл. Качан бул көз караш оңдолсо, мусулмандар шаръий өкүмдөргө бирдей карай турган болушат. Жеке адамга тиешелүү болобу же жамаат жана мамлекетке тиешелүү болобу, ибадаткабы, адеп-ахлак, жеп-ичүү, кийинүү, мамилелер, жаза-чараларга тиешелүү болобу, бардык шаръий өкүмдөргө бирдей этибарда карай турган болушат. Анткени, бул өкүмдөрдөгү фарз – бул фарз, арам – бул арам, алардын баарында Алланын ыраазылыгы максат кылынат. Рамазанда болобу, башка айда болобу шаръий өкүмдөрдү аткарууда эч кандай айырма болбойт, бардыгы бирдей. Демек, Рамазанда кандай таат-ибадат кылынган болсо башка айда да ушундай ибадат кылуу керек, мында айырма болбош керек. Болгону Рамазанда дагы да көбүрөөк таат-ибадат, дагы да көбүрөөк амру маъруф жана нахий мункар кылынат. Анткени, бул амалдарга Рамазанда көп эсе ажр-сыйлык берилишин Аллах Таала убада кылган. Бул күндөр мусулмандарга жыл сайын күнөө жана каталардан тазаланып, аруулануу мүмкүнчүлүгүн берет.
Ибн Хузайма Салман (р.а)дан риваят кылат, Расулулла (с.а.в) шаъбандын акыркы күнүндө баян кылып айтты: «Эй инсандар, силерге улуу мубарек бир ай жакындашты. Ал ушундай бир ай дейсиң, анда миң айдан жакшыраак болгон бир түн бар. Ал ушундай бир ай дейсиң, Алла анда орозо кармоону фарз кылды, түнү коим болууну (намаз окуп чыгууну) ыктыярдуу кылды. Кимде-ким бул айда бир жакшылык сыпаты менен (Аллага) жакындашса, башка айларда бир фарзды өтөгөн киши сыяктуу болот. Кимде-ким анда бир фарзды өтөсө, башка айларда жетимиш фарзды өтөгөн киши сыяктуу болот. Ал сабыр айы, сабырдын сыйлыгы болсо бейиш. Ал көңүл суроо айы о.э. момун кишинин ырыскысы зыяда кылынган ай. Кимде-ким анда бир орозо туткан адамга ифтар кылып берсе, күнөөлөрү кечирилет жана тозоктон азат кылынат. Ал да орозолуунун сообу сыяктуу соопко ээ болот, бирок, орозо туткандын сообунан эч нерсе кемибейт». Айтышты: «Орозолууга ифтар кылып бере турган тамак баарыбызда эле табыла бербейт». Ошондо, Расулулла (с.а.в):
«Алла бул соопту орозо туткан адамга бир курма менен же бир жутум суу менен ифтар кылып берген кишиге берет. Ал ушундай бир ай дейсиң, башы рахмат, ортосу кечирим, акыры болсо тозоктон азат кылынуу. Кимде-ким ал айда өз кол астындагы кишисинин (оордугун) жеңилдетсе, Алла аны кечирет жана тозоктон азат кылат. Демек, ал айда төрт сыпатты көбөйткүлө. Эки сыпат менен Раббиңерди ыраазы кыласыңар. Дагы эки сыпат болсо өзүңөр үчүн керек. Раббиңерди ыраазы кылган сыпаттар: Алладан башка илах жок деп күбөлүк беришиңер жана Ал Заттан истигфар сурашыңар. Өзүңөр үчүн керек болгон эки сыпат болсо: Алладан бейишти тартуулашын жана тозоктон коргошун сурашыңар. Кимде-ким орозо туткан адамга суу ичирсе, Алла ага хавзимден бир жутум суу ичирет дейсиң, ал адам тээ бейишке киргенге чейин чаңкабайт», – деди.
Андыктан, Батыш көз карашынан келген намаз, истигфар, садака, дуба… жана башка ушул сыяктууларды туура эмес орунга коюудан алыс болушубуз керек. Ошондой эле тигил жамандыкты (күнөөнү) бул жакшылык (кандайдыр бир сооп иш) менен өчүрүп жибердик деп көңүлдөр кадыржам болбошу зарыл. Тескерисинче, шаръий өкүмдөрдү бардык учурда бирдей абалда аткаруу менен бирге Рамазанда бул амалдарды көбөйтүү менен сооп-сыйлыкка ээ болуп калууга шашылуубуз абзел. Ошондо жеңиш биз тарапта ИншаАлла!