АКШ экономикалык кризиске жүз тутушу

386
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ экономикалык кризиске жүз тутушу

 Устаз Хасан Хамадан

АКШ президенти Трамп коронавирус себептүү Америка экономикасы кризиске учурашы мүмкүндүгүн айтты. О.э. бейшемби күнү «Bank of America» коронавирустун акыбеттеринен улам Америка рецессияга түшкөнү, андан чыгышы өтө кыйын экендиги туурасында билдирүү берди.

«Bank of America» эксперти Мишель Мэйер: «Биз АКШ экономикасы рецессияга киргенин расмий жарыялайбыз, дүйнөдөгү башка мамлекеттердин экономикасы да ушундай абалда», – деди. Ал кошумчалашынча «бул абалда биринчи, жумуш жоготуу болот, экинчи, ресурстар түгөнөт, үчүнчү, ишеним жоголот».

Банк экинчи экономикалык төмөндөө жүз берип, дефляция 12%га жетиши күтүлүп жатканын маалымдады.

Мен экономикалык төмөндөө, дефляция жана депрессиялар жөнүндөгү кабарларга шуңгумакчы эмесмин. 1971-жылы АКШ валютасынын алтынга болгон негизи бекер кылынды. Бул үлкөн шылуундук жана дүйнөнү оор кризиске карай жетектөө. Ошондон баштап, «кредит» деген көбүк пайда болуп, ушул кредиттер аркылуу жасалма керектөөдө да, өнөр жайда да өсүү болду… Кредиттер өсүп, келечекте аны төлөй тургандар жок эле. Башка көрсөткүчтөрдөн белгилүү болгондой, Батыш, АКШ компанияларынын 30 пайызы банкротко учураган жана кредиттер жардамында «жасалма дем алдыруу жабдыгы» менен жашап келе жаткан компаниялар болуп чыкты… Бул кредиттерди тынымсыз алуу мүмкүн, алардын аягы жок, аларды ала берет, ала берет… акыры экономикалык система толук ойрон болот. Белгилүү болгондой, Борбордук банк пайыздык ченемди төмөндөтүү, эч бир нерсе менен камсыздалбаган көптөгөн акчаларды басып чыгаруу жана аларды кредит катары компанияларга берүү менен алектенет. Эч нерсеге негизделбестен басылып чыккан бул акчалар экономикалык сенектикти жана кризистерди алдын албайт, бирок, алар кийинчерээк жүз беришин, ошондо кризистин көлөмү үлкөн болушун камсыздайт. Ал тургай, капиталисттердин айрымдары чечим таппай калышты. Мисалы, Италия премьер-министри коронавирусту тизгиндөөдө бүтүндөй көзөмөлдү жоготкону, чечимдер калбаганы, эми чечим асмандан гана келиши мүмкүндүгү туурасында билдирүү берди!

Талкуубуз куру кыялдар артынан чуркоо, жөн гана туйгулантуу жана кризистерди табигый келип чыккандай кылып көрсөтүү болуп калбастыгы о.э. арзууларга берилип, Аллахтын анык жүз берчү «тадафуъ» (адамдарды кээ бирлерин кээ бирлери менен басып туруу) мыйзамына каршы чыгып калбашыбыз үчүн айтабыз, капиталисттик система пайда болгондон бери кризистер системасы болуп келди. Бул жаңылык эмес. Бул система 1929-жылдагы улуу депрессиядан жана 2008-жылдагы кризистерден тартып бүгүнкү күнгө чейин жалаң гана кризис артынан кризистерди пайды кылды. Бирок, бул система убактылуу чечим берип, кризистерди кийинки кризистердин эсебинен өткөрөт… Бирок, качанга чейин деген суроо сакталып кала берет.

Шек-күмөнсүз, бул системаны – Аллахтын уруксаты менен – эртең ушул вужуддарды четке сүрө турган мамлекет кулатат. Мисалы, коммунисттик система өз-өзүнөн кулабады, бул үчүн экинчи тарап тынымсыз күрөшүп, көп нерсесин жоготушу керек болду.

Биз ишенимдүү айта алабыз, бул вужуддардын кризистери анык эле жана ушул себептен алар күчсүз вужуддар болуп, жакында бири-бирине каршы күрөшүү натыйжасында кээ бири майдандан чыгып кетет, кээ бирөөлөрү калат, калса да көп жарааттар алып, санкция жана кризистерден алдан тайган абалда калат. Ким ушул кризистердин кубатын жана бул вужуддарга тийгизчү катуу таасирин четке какса, демек, ал саясий пикирлөөдө адашып туңгуюкка кирип, окуяларды баамдай албаган болот. Шек-күмөнсүз, кризистер ушул вужуддарга чоң таасир көрсөттү. Ансыз да мурунку кризистердин себептери жана факторлору сакталып калып, эли чечилбеген.

Бирок, Батыш бүгүн пикирий жана хазарий жактан ага алтернатива башка вужуддун келишин күтүүдө. Бул күтүлүп жаткан вужуд аларга каршы мафкуравий күрөштү алып барууда, бардык тармакта саясий жана материалдык күрөшкө чакырууда… эгер Батыштын күрөшө ала турган мафкурасы калган болсо албетте. Себеби, Батыш азыр өз мафкурасынан, назариясынан, окуу жайларынан баш тартты, өз калкынын ишенимин жоготту.

Учурда өтө назик доордо турабыз. Ал бизден күтүү жана арзуу кыялына батууну эмес, пикирлөөнү талап кылат. Умматтын даъватты мойнуна алган жана аң-сезимдүү аракетке байланган эр азаматтары ушундай кылышууда, Аллахка мактоолор болсун. Алар исламий жашоону кайрадан баштоодогу исламий пикирий жетекчилик ийлигикке жетиши жана Аллахтын Халифалыкты тикелеши жөнүндөгү убадасы жүзөгө чыгышы белгилүү бир убакытка байланыштуу жана бул убакты Аллах Субханаху ва Таала гана билет деген ыйманда. Бирок, өзгөрүү үчүн жасалган аракет пикирий жана саясий аң-сезимге негизделиши зарыл, нусрат да ушул факторго байланыштуу. Бул Аллах Тааланын ушул каламынын тастыгы болот:

﴿إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ﴾

«Аныгында бир коум өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт» [13:11]

Бул нерсе адамдар нусрат себептерин канчалык аң-сезимдүү кармоосуна байланыштуу маселе:

﴿إِنْ تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾

«Эй момундар, эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет жана кадамыңарды бекем кылат»                                                                                           [47:7]

Аллахтын нусраты жүзөгө чыгышы жана Исламдын кайра тикелениши үчүн аң-сезим жана каалоо болушу керек. Аң-сезим жардамында Аллахтын өзгөрүү жөнүндөгү мыйзамдарынын себептери кармалат жана өзгөрүүнү ишке ашырууга киришилет.

Кыскасы, куфр күчтөрү канчалык бекемделбесин жана кээ бир силкинүүлөр аны канчалык алсыратпасын, ал тургай, алдан тайып жатып калган болсо да, бирок, мабдага негизделген саясий вужуд колу менен гана ал бүтүндөй жок кылынып, кулатылат. Бул жерде Батыш мафкурасы кулагандан кийинки мабдалар жөнүндө эмес, вужуддар жөнүндө сөз болуп жатат. Ошондуктан, Ислам Умматы жакында – Аллахтын уруксаты менен – тикелене турган Халифалыктын жетекчилиги астында бүгүнкү бардык күчтөрдөн эң күчтүү вужудга айланат. Бул кандай болушу мүмкүн, акыры бул Уммат алсыздыкка жана вахнга (дүйнөнү сүйүүшө) чалдыккан го деп айтылышы мүмкүн.

Умматтын эң күчтүү вужудга айланышы үч себепке барып таклалат. Биринчи: Умматта барлык, адам жана тирүүлүк жөнүндө рухий саясий жалпы мафкура бар. Бул мафкура инсандын бардык проблемаларын инсан деген этибарда чечет. О.э. бул туура мафкура болуп, адам акылын канааттандырат жана табиятына ылайык келип, жүрөгүн толук кадыржам кылат. О.э. ал күрөшүүчөн мафкура, ушул себептен улам капиталисттик Батышты коркутуп, тынчын бузууда.

Экинчи: Умматта эч кимде жок байлыктар жана ресурстар бар.

Үчүнчү: бийликте, саясий чөйрөдө, хизбдерде жана көпчүлүк Умматта мабдага негизделген саясий жетекчилик бар.

Ушул үч нерсе – Аллахтын уруксаты менен – жакында тикелене турган саясий вужудда болгон соң, ал эл аралык күчтөрдүн тең салмактуулугунда бөлүп көрбөгөн ыңкылап жасайт. Мына ошондо бул вужуд капиталисттик Батыштын ансыз да жарааттардан жана кризистерден алдан тайып, күрөштү көтөрө албаган вужуддарын оңой эле жок кылат, кайтып пайда боло албай тургандай кылып күлүн көккө сапырат. Бул Аллахка таптакыр кыйын эмес. Аллах Таала айтат:

﴿الم* غُلِبَتِ الرُّومُ * فِي أَدْنَى الأَرْضِ وَهُم مِّن بَعْدِ غَلَبِهِمْ سَيَغْلِبُونَ * فِي بِضْعِ سِنِينَ لِلَّهِ الأَمْرُ مِن قَبْلُ وَمِن بَعْدُ وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَن يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ * وَعْدَ اللَّهِ لاَ يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لاَ يَعْلَمُونَ﴾

«Абдан жакын жайда Рум жеңилди. Алар бул жеңилүүдөн кийин бир нече жыл ичинде албетте жеңип чыгышат. Абалкы-акыркы бардык иш Аллахтын (колунда). Ошол күндө момундар Аллах жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Аллах) каалаган кишини үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах Өз убадасына тескери иш кылбайт. Бирок, көп адамдар муну билишпейт»                                     [30:1-6]

 Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25март.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here