Коронавирус капиталисттик түзүмдү баткакка тартып, ал канчалык күчсүз экенин көрсөтүүдө
«Investing.com» сайты хижрий 1441-жылы 23-ражаб, миладий 2020-жылы 18-март күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Америка фонддук биржасындагы Доу Жонс индекси бүгүн кескин зыян тартканын, бул зыян Каир убакты менен саат алтыда 7.27%га жеткенин көрсөттү.
Муну менен ушул индекс 3 жылда тапкан пайдаларынын баарын жоготту. Ал 19 миң 688 пунктуга төмөндөп кетти. Бул АКШ президенти бийликке келгенден берки эң төмөн көрсөткүч болуп эсептелет.
Доу Жонс бүгүнкү соода башталгандан бери орточо 1548 пункт жоготту. Standard & Poor’s жоготуулары 7%ды түзүп, 2359 пунктту көрсөттү. NASDAQ жоготуулары 5.9%ды түзүп, 7030 пунктту көрсөттү.
Ушул үлкөн төмөндөөлөр АКШ финансы министри Стивен Тёрнер Мнучин АКШ администрациясы коронавирустун экономикага тийгизген таасирин жоюу үчүн бир триллион доллар сарптоого даяр деп айтканына карабастан жүз берди».
Роя гезити:
Доу Жонс дүйнөдөгү эң байыркы индекс көрсөткүчү болуп эсептелет. Ал 1896-жылы Нью-Йорктогу биржада түзүлгөн, бүгүнкү күндө АКШнын отуз ири өнөр жай компанияларынын өнөр жай индекси о.э. дүйнөдөгү эң күчтүү индекстердин бири болуп эсептелет. Уолл-стрит дүйнөдөгү эң күчтүү фонддук биржа. Андан Америкадагы экономикалык абалды жана коронавирустун жайылышы боюнча учурда көрүлүп жаткан зыяндарды байкоо мүмкүн.
Бүгүн дүйнөдөгү, айрыкча, ири мамлекеттердеги, өзгөчө, дүйнөнүн биринчи мамлекети АКШдагы финансылык базарлар жана фонддук биржалардын көрсөткүчү тездик менен төмөндөп кетти т.а. фонддук биржалар 6 триллион доллар жоготушту. Бул болсо, капиталисттик түзүм жөргөмүштүн желесинен да күчсүз экенин, бул триллиондогон кыялдагы сандар бир нече көз ирмемде эле жок болуп кетерин тастыктап турат.
Азыркы учурда дүйнөдө кризис башталды. Биржада бир баррель нефтинин баасы (Texas Crude маркасы) 20 долларга төмөндөп кетиши, валюта курстары өзгөрдү, жумушчулар жумушсуз калууда о.э. жеке жана юридикалык тараптарга берилген кредиттер сенектик абалга кирди. Мисалы, бир эле Кытайда мындай кредиттер триллион долларды түзөт. Дүйнөгө коронавирус тарап, ага чалдыккандардын жана өлгөндөрдүн саны көбөйүшү өтө татаал кризисти жүзөгө келтирди. Бул инсандын саламаттыгына байланыштуу медициналык кризис эмес. Жок, бул чайкоочулук, кумар, жалган базарлар, алтын жана күмүш менен корголбогон акчаларга байланыштуу экономикалык кризис, сан-санаксыз акча топтоо, калктарды жакырлаштыруу, байлыктарды талап-тоноо жана атайылап кризистер келтирип чыгаруу кризиси.
Дүйнөдө жүз берип жаткан бул окуялар адамдарды капиталисттик түзүмдөн кутулууга үндөшү керек. Антпесе, бул түзүм аларды экономикалык жана финансылык кыйроого, жүз миллиондогон адамдардын жумушсуз калышына алып келет. Бул экономисттердин божомолдору жана капиталисттер өздөрү да бул жөнүндө айтышууда. Алар 2008-жылдагы кризиске караганда олуттуу жана чоң кризисти, ал тургай, 1929-жылдагы улуу депрессия кайталанышын божомол кылышууда.
Идеологдор жана экономисттер акыл калчап, Робби түшүргөн Ислам мабдасы жөнүндө терең пикирлешсин. Роббибиз ушул мабдада экономика түзүмүн кеңири баян кылып берген, анда байлыктар адилет бөлүштүрүлөт, өндүрүшкө жана чыныгы экономика курулат, сүткордук, биржа жана жалган экономикалык базарлар болбойт, текебердик жана зомбулук менен корголгон кагаз акча эмес, алтын жана күмүш менен корголгон валюта болот о.э. туруктуулук камсыздалат.
Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.