Уммат кризистен чыгышы, кадыр-кыйматын сакташы үчүн Ислам жолун тандашы керек

372
0

Басма сөз баянаты

Уммат кризистен чыгышы, кадыр-кыйматын сакташы үчүн Ислам жолун тандашы керек

Бүгүн мусулмандар аларга кызмат кылууга жана аларды кырсыктардан куткара турган акимдерге абдан муктаж

Ислам Умматы ушул күндөрдө кайгылуу күндү т.а. Исламий мамлекет кулатылган күндү эскерүүдө. Бул мамлекеттин негиздерин Расулуллах ﷺ Мадинаи Мунавварада тикелеген. Кийин бул мамлекет мусулмандар арасында муундан муунга мурас болуп өтүп келди. Исламий мамлекет он үч кылымга жакын убакыт ушул таризде турду. Исламий мамлекет чынында адилет булагы, кадыр-кыймат тайпасы, мазлумдар баш калкалоочу жай жана Ислам Умматынын бекем чеби болуп келди. Ал жерден зулум жана залимдер кууп чыгарылды о.э. даъват жана жихад аркылуу жер жүзүндөгү калктарга Ислам шариятын жеткирүү үчүн жакшылык тарады. Анын мусулман жана кайрымусулман жарандары тынчтык жана амандык менен анын кучагында жашады.

Бирок, убакыттын өтүшү менен бул мамлекеттин колдоочулары капарсыз калышты, калктын каалоосуна ээрчиди жана душмандар тил бириктирип, айла-амал кылышты. Бул иште саткын арабдар жана түрктөр жардам берди. Алардын жетекчиси Ислам жана мусулмандардын душманы, кылым кылмышкери Мустафа Камал эле. Британия тарабынан даярдалган бул кимсе Уммат көкүрөгүнө уу канжар болуп сайылып, мусулмандардын халифасына кыянаттык кылды… О.э. хижрий 1343-жылы 28-ражаб, миладий 1924-жылы 3-март күнү Халифалык түзүмүн бекер кылып, араб жана мусулмандарды жаман көрүүдөн башка нерсеси билбеген илманий мамлекетти тикеледи. Бул күн Роббиге жана исламий акыйдага калыс кишилердин эсинен кетпеген кайгылуу күн болуп калды… Ошол күнү дүйнө караңгылыкка толду, анын күнү батып, акыйкат чөктү. Ошентип, дүйнө 99 жылдан бери жакшылыктан куру жалак жашап жатат, түрдүү кырсыктарды жана мусибаттарды башынан өткөрүүдө…

Уммат ошол күндөн баштап кафир баскынчылардын бутасына айланды. Бул кафир баскынчылар Умматтын бүтүндүгүн бузуп, кадыр-кыйматын тебеледи, байлыктарын талап-тоноп, өлкөлөрүнө чегаралар тартуу аркылуу мусулмандарды бөлүп жарды. Алар мекенчилдик, улутчулдук жана сасык уруучулук чакырыктары аркылуу жахилиятты жайышты. О.э. бүткүл Халифалык доорунда Умматты башкарып келген исламий шарият өкүмдөрүн четке сүрүштү. Анын ордуна кафир капиталисттик акыйдага таянган мыйзамдарды колдонуп, дини жана тагдыры бир боордоштор ортосунда согуш чыгарышты. Акыбетте, Уммат жакырчылык жана кордук жарына такалып, жумушсуздук эзип, түрдүү кыйынчылыктарга кабылды, мисалы, бүткүл дүйнөгө кудум чөпкө от түшкөндөй тез жайылып жаткан бүгүнкү коронавирус оорусу сыяктуу. О.э. кафирлер Уммат башына малай акимдерди алып келишти. Бул акимдер кафирлердин буйругун аткарып, алар менен тил бириктиришүүдө, базарлар банкрот болгонун, нефть баасы түшүп кеткенин, экономика кризиске учураганын шылтоолоп адамдарды кыйнап жаткан экономикалык проблемалардан чыгууга аракет кылбай жатышат. Түпкүлүгүндө, алар адамдардын байлыктарын талап-тоноп, бир ууч байларга айланышты. Бул кафир мамлекеттерди ээрчиген залим жана текебер мамлекеттер бүгүн үлкөн каражаттарды массалык кыргын кылуучу куралдарды иштеп чыгууга, оюн-зоок жана театрларга сарпташууда. Өнөкөт жана оор ооруларга чалдыккан адамдарды дарылоонун ордуна, пайдалуу дары-дармектерди монополия кылып, алардын бааларын көзөмөлдөп келишүүдө.

Андыктан, биз Халифалык мамлекети болгон Роббаний мамлекетке жана адилеттүү имамга өтө муктажбыз. Себеби, адилеттүү имам адамдарды кризистен жана кембагалдыктан куткаруу үчүн аракет кылат. Мазлумдарга жардам берет, Аллахтын шариятын өкүмдар кылуу аркылуу алардын коопсуздугу жана кадыр-кыйматын камсыздайт. О.э. өлкөлөрдү колонизатор кафирлердин ыпластыгынан тазалайт.

﴿وَنُرِيدُ أَنْ نَمُنَّ عَلَى الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا فِي الْأَرْضِ وَنَجْعَلَهُمْ أَئِمَّةً وَنَجْعَلَهُمُ الْوَارِثِينَ * وَنُمَكِّنَ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾

«Биз болсо ал жерде кордолгон кишилерге камкордук кылууну, аларды башчыларга айлантууну жана аларды (Фиръавн мүлкүнүн) мураскорлору кылууну каалайбыз. Дагы аларды ошол жерде жайгаштырууну (каалайбыз)»                                                                 [28:5-6]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here