Эй күч-кубат ээлери, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла!
АКШ коронавирус себептүү оор абалга түшүп калды. Дүйнөнүн супер күчү макамын ээлегендигине карабастан, ал кырсык тизмесинде эң алдыңкы орунду ээледи. АКШнын дүйнөнү куткарган күндөрү Голливуд фильмдеринде гана калды, ал азыр өзүн-өзү эптей албай жатат.
АКШ жарандары арасында вирусту жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, Пентагон да мындан өз үлүшүн алууда. Учурда жүздөгөн АКШ аскерлери коронавируска чалдыкканы кабарланды. Чыныгы цифралар расмий цифрадан бир нече эсеге көптүк кылары эч кимге сыр эмес. Саясий серепчилер АКШ вирус себептүү ар тараптан өтө чоң кризиске дуушар болорун айтышууда. Ушуга чейин эле жүз миңдеген ишканалар жабылды. Миллиондогон адамдар жумушсуз калды.
Президент Дональд Трамп коронавирус себептүү 2 жүз миңден 2 млн го чейин адам өлүшү мүмкүн экендигин билдирди. Трамптын айтымында, эгерде 200 миңдей адам өлсө ийгилик болуп эсептелет.
Кээ бирөөлөр “күчтүү технологияга ээ болгон АКШга бул вирус көп деле таасирин тийгизе албайт” деп айтышкан эле, а бирок, андай болбоду. Көзгө көрүнбөгөн кичинекей бир вирус АКШны тизелетип койду. Ал тургай дүйнөдө теңдеши жок деп эсептелген саламаттыкты сактоо системасы да кризиске жүздөндү. Каза болгондор көптүгүнөн улам ооруканалардын жанына убактылуу өлүкканалар (моргдор) курулду. Нью-Йорктогу абал өтө кооптуу экендиги айтылууда. Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо, “миңдеген адамдар өлүшү жөнүндө ойлонуудан башка чарабыз жок” деди.
Жашоо жалаң гана ырахаттан турат деп билген элдер коронавирус дүрбөлөңү себептүү азык-түлүк дүкөндөрүнүн текчелерин бошотуп таштоо менен бир катарда курал-жарак дүкөндөрүнө да агылышты. Адамдардын курал сатып алуу үчүн кезекте турушу алгачкы жолу күзөтүлдү, курал сатуунун көлөмү 800 пайызга өстү. Себеби, адамдар кризис күчөгөнү себептүү үй-жайлары таланып-тонолушунан кооптонууда. Капитализмде адамдар башканы өлтүрүп болсо да жашоону каалашат.
Европадагы абал да мындан кем калышпайт. Анткени, кандай абалга түшүп калышканын өздөрү ачык айтып жатышат. Ар бир мамлекет өзүн сактап калуу камында. Эмне кылууну билбей сарсанаада. Алардын дүйнөнү куткаруу жөнүндөгү сөздөрү, болгону ооз учундагы куру сөздөр экендиги белгилүү болду.
Испанияда капиталисттик идеология негизинде калыптанган адамдар өздөрүнө коронавирус жуктуруп алуудан коркуп, карылар үйүндөгү карыларды кароосуз калтырышты. Алардын абалынан кабар алуу үчүн барган аскерлер карылар өлүп жаткандыгын көрүштү. Мындай окуяларга эсеп жетпейт. Мына силерге пайдадан башканы эсепке албай турган капитализмдеги адамгерчилик.
Ушуну жакшы билип койгула, бул АКШнын да, Европанын да кыйроосу эмес, бул капитализмдин кыйроосу. Капитализм түзүмү кулап жатат, муну жарыя кылуу гана калды.
Ушундай болгон соң, эй Түркиядагы, Пакистандагы, Мисирдеги жана башка Ислам өлкөлөрүндөгү күч-кубат ээлери! Чирип калган капитализм түзүмүнөн баш тартып, Ислам түзүмүн жарыя кылгыла. Азыр ушундай кылуунун убактысы. Кургактык жана деңиз чек аралары жабылган, аба майдандары жабылып, учуулар токтотулган бир учурда куфр мамлекеттери менен мамилени үзгүлө. Ушул кезге чейин “биз дүйнөдөн үзүлө албайбыз, тышкы мамлекеттер менен эл аралык жана соода алакаларыбыз бар, кээ бир уюмдарга мүчөбүз” деген шылтоону айтышыңар мүмкүн эле. Ал эми азыр кааласаңар да, каалабасаңар да, бардыгы үзүлдү. Бардык мамлекеттер чек араларын жапты, бардыгы карантинде. Бул ыңгайлуу учурду колдон чыгарбагыла, бул чирип калган түзүмдү таштап, Ислам Халифалыгын жарыя кылгыла. Буга саясий мүмкүнчүлүк пайда болду. Бул Аллахтын хидаятына ээрчиген адамдар үчүн чыныгы мүмкүнчүлүк. Аллахтын динине жардам берип, Ансарлар катарынан орун алгыла, эки дүйнө бактысына ээ болуу үчүн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла.
Силер Аллахка таянгыла, Аллахка тобокел кылгыла, Анын Өзү жетиштүү. Аллах жараткан жана көзгө көрүнбөгөн бир гана вирус Америкасын да, Европасын да, Кытайын да, Россиясын да кандай тизелетип койгонун көрүп турасыңар. Ушундай абалды көрүп туруп да, Америкадан, Россиядан, Европадан, Израилден коркушуңарды Аллахтын алдында кантип актайсыңар. Эсиңерден чыгарбагыла, Кыямат күнүндө Аллах силерге берген мүмкүнчүлүктөн албетте сураласыңар.
ثُمَّ لَتُسْأَلُنَّ يَوْمَئِذٍ عَنْ النَّعِيمِ
“Андан соң, ошол Күндө албетте (бул дүйнөдө силерге берилген бардык) неъматтардан сураласыңар. (102:8)
Киямуддин Шариф