820
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Халифалыктын кулатылганына 99 жыл болду, 100 жыл болушунан мурда мусулмандар Халифалыкты тикелешеби?!

Ражаб айы кирип, Халифалык мамлекетинин кулатылгандыгынын токсон тогуз жылдыгына карата Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмү билдирүү чыгарды. Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы мухандис Салахиддин Азаза басма сөз билдирүүсүндө «Халифалыктын кулатылганына жүз жыл болордон мурун Уммат Халифалыкты тикелейби?!» деген суроону ортого салды.

Салахиддин Азаза минтип кошумчалады: «Халифалык сөзү адамдар арасында, ар кандай чөйрөлөрдө, программаларда жана макалаларда айтылууда. Себеби, Халифалык мусулмандар арасында коомдук пикирге айланды жана алар Халифалыкты кандай тикелөөнү билбей жатышат».

Маалымат бөлүмүнүн төрагасы ушуларга этибарды каратты: «Ислам Умматынын улуулугу үч эң маанилүү факторго байланыштуу: Уммат, мабда, мамлекет. Ушул факторлорду карап чыксак, бүгүн Уммат бар, ал кайраттуу жана эр жүрөк. Мабда да бар, Исламды кызганган адамдар, негизинен, Хизб-ут-Тахрир ушул мабданы жетик түшүндү, колдонууну абдан үйрөнүп чыкты… Ал Халифалык мамлекетин кайра тикелөөгө даярданып, ушул мамлекет үчүн  исламий шарият булактарынан алынган шаръий саясий түзүмдү даярдады. Эми, үчүнчү фактор болгон мамлекетке келсек, мамлекет – кубат. Мамлекет бытыранды калктардын кубатын жамдап, аларды бир муштумга айлантат, анын чачылган потенциялдарын тартиптештирип, алардан натыйжалуу кубат катары пайдаланат.

 

Роя гезити, №278, 2020-жыл, 18-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here